Меню
Эл-Сөздүк

өйүз

сторона, берег;
аркы өйүз или суунун аркы өйүзү тот берег реки;
аркы өйүзү менен берки өйүзү та сторона и эта, тот берег и этот;
айыл өйүз-бүйүз конду аул расположился по обе стороны реки;
экөө өйүз-бүйүз коңшу оба они соседи-визави (один живёт на этом берегу, другой - на противоположном);
Күлчө суусунун түштүк өйүзү западный берег речки Гульчи;
көчөнүн өйүз-бүйүзү та и эта стороны улицы;
көчөнүн эки өйүзүндөгү кырка тигилген эки катар теректер два ряда тополей, посаженных по обе стороны улицы.

өйүз

зат. Суунун, өзөндүн ж.б. экинчи жак маңдайы, бир жак жээги. Күндүн нуру капчыгай ичине төгүлүп, кыя жолдун эки өйүзүндөгү кызыл-тазыл гүлдөрдүн көркүнө жан киргизди (Байтемиров). Аркы өйүздөн кез-кез иттин үнү угулат (Жантөшев).
Өйүз-бүйүз — суунун, өзөндүн ж.б. эки жак жээги, маңдай-тескей тарап. Кара-Суунун боюнда өйүз-бүйүз калың дарак (Каимов). Өйүз-бүйүз туралы, Бирөөбүзгө бирөөбүз Аябай найза уралы! («Эр Төштүк»).
Негизги мүнөздөмөлөрү
Сөз түркүмүЗат атооч
Жекелик санөйүз
Көптүк санөйүздөр
Жөндөлүшү - "өйүз"
Жекелик сан
ЖөндөмөлөрЖекелик сан
Атооч Ким? Эмне?өйүз
Илик Кимдин? Эмненин?өйүздүн
Барыш Кимге? Эмнеге?өйүзгө
Табыш Кимди? Эмнени?өйүздү
Жатыш Кимде? Эмнеде?өйүздө
Чыгыш Кимде? Эмнеде?өйүздөн
Көптүк сан
ЖөндөмөлөрКөптүк сан
Атооч Кимдер? Эмнелер?өйүздөр
Илик Кимдердин? Эмнелердин?өйүздөрдүн
Барыш Кимдерге? Эмнелерге?өйүздөргө
Табыш Кимдерди? Эмнелерни?өйүздөрдү
Жатыш Кимдерде? Эмнелерде?өйүздөрдө
Чыгыш Кимдерден? Эмнелерден?өйүздөрдөн

Мындан бөлөк Кыргызском тилинде табылган окшош сөздөр:
strtoupper(KG)
Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук: