Меню
Эл-Сөздүк

сөйкө

сөйкө I
1. (ср. иймек, сырга) большие серьги, подвески в форме конуса (нацепляются на уши, свисают на шею и на грудь);
алтындан кылган чоң сөйкө, акыректе жаркылдап фольк. сделанное из золота большое сөйкө на ключице сверкает;
оң сөйкөмдөн көтөрүп, оң бетимден өпкөнсүң фольк. подняв моё правое сөйкө, ты поцеловал меня в правую щёку;
сөйкө сал- этн. привешивать девушке сөйкө в знак успешного завершения сватовства;
аны менен кудалашып, карындашына сөйкө салабыз мы с ним породнимся сватовством, привесим его младшей сестре сөйкө;
жыл айлантпай Букарга куда болуп баралы, жетик тууган Канышка барып сөйкө салалы фольк. ещё до истечения года отправимся сватами в Бухару и повесим сөйкө на благородную Каныш;
сөйкө салды этн.
1) надевание сөйкө (обряд надевания матерью жениха на невесту сөйко; делалось в первое посещение родителями жениха родителей невесты и сопровождалось подарками со стороны родителей жениха);
2) подарок, сопровождавший обряд надевания сөйкө;
койчу минген кашканы сөйкө салды кылабыз стих. лысого (коня), на котором ездит пастух овец, мы подарим (отцу невесты);
2. уст. метка на ухе верблюда;
төөнүн кулагына салган энди "сөйкө" деген метку на ухе верблюда называли сөйкө.
сөйкө-II
тереть обо что-л.;
кычышкан капталын уй кашаага сөйкөдү свой зудящий бок корова тёрла об изгородь;
алтымыш асый болгончо, азуусун сөйкөп, карыбас фольк. даже до шестидесяти асыйев (см.) не сотрёт (этот конь) своих клыков, не состарится;
сөйкөй-сөйкөй сөз айтат он задевает словом.

СӨЙКӨ

(СЫРГА) — «Кулагыңа тагылган, Сыргаң болуп калсамчы» (Эл ыры). Бул — кыз-келиндерибиздин кулакка тага турган зер буюму. Анын кулакка илүүчү иймеги, ичке моюну жана сүйрү, тегерек, жумуру, жүрөкчөлөнгөн тоголок сыяктуу түрдүү формада алаканы (солоңдору). Сөйкө зергерчиликтин «сыялоо», «сирке төгүү», «тогуз төбөлөө», «Чапкылоо», «тордоо», «эшүү» «сомдоо» өңдүү негизги ыкмалары аркылуу жүзөгө ашат.
      Сөйкөнүн бир түрү «иймек» деп аталат. Ал жаштарга ылайыкталып, күмүш зымдан иймекей формада жөнөкөйрөөк ийилип жасалып, кулактан өткөрүлөт. Ал иймекейден кийин күбөк өткөрүүгө болот. Тоголок томпоктуу кылып, ага «себетти» калыңыраак төккөн сөйкө сүйрү да, тегерек да, жүрөкчө кейипте да көрүнөт. Из түшүрүлүп кармалган сөйкө жука келет. Атайын калыпка салып, чыгарган сөйкө томпоктуу көрүнүп, мунун ортосу жазыраак болуп, ага өзүнчө кооздук түшөт да, анын аяк-башы бирдей көрүнөт.
      «Чапкылоо» ыкмасы аркылуу бүткөн сөйкөлөр ичке, узун келип, ага түшүрүүчү түр «тап бердирме» (чөп башыланып, кооздук жөнөкөй түшүп, сейрек из түшүрүлөт) гана болот. Мына ушундай формадагы сөйкөнүн бир аз жазыраак кылып, анын бетине чеке-белине «сирке төгүлөт».
      Желбирөөч, сөйкө, бой тумар, шакек, билерик, топчу, кыргак, чолпу күйөөгө аттануучу кыздын зер буюмдарынын жалпы бир бүтүмүн түзөт да алар кыз себинин ичине кирет.
      Зергер бир эле сөйкө желбирөөчкө узанууда элдик зергерчиликтин («сыя төгүү», «сиркелетүү», «тогуз төбөлөтүү», «тордоо», «эшүү», «чыйратуу») кылдат ыкмаларын бүтүндөй колдонот.
      Сөйкө желбирөөчтүн бир нече түрү кездешет. Сөйкө катары кулакка тагылуучу чакан сөйкө желбирөөчтүн иймеги берки сөйкөлөрдөй келип, дайыма кулакка жүрүүгө шартташкан. Ал эми желбирөөч жалаң асыл жердиктен көлөмдүү жасалып, көп машакаттар менен бүтүп, салмактуу келгендиктен төшкө тагылып, моюнга илинет.
      Сөйкө желбирөөч — жалпы алганда конус формасындагы зым торчолору бар эки кулакка салына турган чачыктай төгүлгөн кош шөкөт. Мунун иймеги күмүштөн тандалат. Мында майда чыйратылган күмүш зымчалар иймектин алдындагы конус (тегерек сүйрү) темирдин сыртынан кылдат оролот. Анан анын этегине майда чыны шурулар, көз мончоктор, асыл таштар жана түрдүү түстөгү айнектер кылдат «тогуз төбөлөнүп» куткундалат. Зым торчолору төмөнкү түшкүнүн көздөй ортолору учуна чейин жыш мончоктолуп шурулантып, зергерленет. Албетте, желбирөөчкө мына ушундай узануу үлгүлөрү айыл ичинде жолугат. Биз этнографиялык жана тарыхый музейлерден да арбын сакталып турганын көрөбүз.
      Желбирөөчтө зым торчолордун кооздукту жаратуу мааниси зор. Муну элдик зергерчиликте «тордоо», «эшүү» деп айтат. Кыздын төшүн жаркырата турган анын эки канатынын көрүнүктүү бөлүгү «тумарча» жасалат. Анын торчолонгон жана эшилген күмүш зымчалары ошо тумарчадан төрт бурчтук болуп чыгат. Желбирөөч учтары сөйкө желбирөөчтөн калакча өңдөнгөн майда-майда зер аркылуу сеңселе төкмө чачыланат. Мында буюмду «тумарча», «төрт бурчтук» бөлүмүнө түшкөн оюмга «сыя төгүүгө», жөн гана «сирке төгүп») (таруулантып, «көз мончоктотуп» таштоого да мүмкүн.
      Сөйкөнү айчык формасына кейиптентип, майда зымчаларды коюп, же эшип, зергерлер ага кол жеткистей түр-көчөт түшүрүп, алардын арасына бермет коюп, кооздоп да келишкен. Муну өтө көркөмдөлгөн бир түрү желбирөөчкө өтө окшошот. Элибизде «кулагыңа сырга болсун» деген сөз бар. — Мында туруктуулукту, сөздү тыңдай, талдай билүүчүлүк, сөздү тута билүү касиеттерин символдоштурушат.

сөйкө

сөйкө (жасалга)
сөйкө салуу

сөйкө-

сөйкө- (сүйкө-)

сөйкө

I зат. Кооздук үчүн аялдар кулактын көнчөгүнө илүүчү нерсе. Салынган алтын сөйкөсүн Журтуна таштап кетиптир («Эр Төштүк»). Күмүш сөйкө сагагында дирилдейт («Ала-Тоо»).
Сөйкө салуу — келиндикке алууга убадалашкан кыздын кулагына жакшы ниет менен сөйкө салып, кудалашкандыкты, бүлө кылып алууга макулдашкандыкты билгизүү. Сөйкө салар жан ошол, Сырттан балаң Төштүккө Алып берер бала ошол («Эр Төштүк»).
СӨЙКӨ II этиш. Сүрүү, ышкуу, жышуу. Аттар бышкыра, ылаалап тура калып, жаактарын буттарына сөйкөйт (Жантөшев).
Основные характеристики
Часть речиИмя существительное
Ед. числосөйкө
Множ. числосөйкөлөр
Синонимы
шакек
Связанные слова
сөйкөлүү
Склонение по падежам - "сөйкө"
Ед. число
ПадежиЕд. число
Именительный Кто?, Что?сөйкө
Родительный Чей?сөйкөнүн
Дательный Кому?, Чему?, Кому?, Куда?сөйкөгө
Винительный Кого?, Что?сөйкөнү
Местный Где?, У кого?сөйкөдө
Исходный Где?, У кого?сөйкөдөн
Множ. число
ПадежиМнож. число
Именительный Кто?, Что?сөйкөлөр
Родительный Чьи?сөйкөлөрдүн
Дательный Кому?, Чему?, Кому?, Куда?сөйкөлөргө
Винительный Кого?, Что?сөйкөлөрдү
Местный Где?, У кого?сөйкөлөрдө
Исходный Откуда?, От кого?сөйкөлөрдөн

Также найдены следующие похожие слова на Кыргызском языке
strtoupper(KG)
Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук: