Меню
Эл-Сөздүк

сур

сур I
1. (о масти лошади) голубой;
сур ат
1) голубая лошадь;
2) Сурат название звезды;
ак сур ат светло-голубая лошадь;
кара сур
1) смуглый, смуглянка;
2) (о масти лошади) тёмно-голубой;
2. серый;
сур коён серый заяц;
сур булут серые тучи;
сур түтүн серый дым;
3. перен. мрачный;
сур жылдар мрачные, тяжёлые годы;
көрүнүшү сур у него мрачный вид;
супсур мрачный-мрачный, туча-тучей;
сур кулак см. кулак I.
сур II
сур сал- смотреть или относиться холодно, недружелюбно, враждебно;
сурун салып турат он смотрит недружелюбно;
барсак эле, сурун салып калды мы пошли (к нему), а он встретил (нас) недружелюбно.
сур III
дух, душа;
суру качты или суру кетти
1) он испугался; у него душа в пятки ушла;
суру качып кубарып фольк. он испугался и побледнел;
2) он опустился, перестал заботиться о своём внешнем виде и пал духом; у него жалкий вид;
жакшы киши эле, эми суру качып калыптыр он был человеком с приличным положением, а теперь имеет жалкий вид;
сурун кес- сбить с кого-л. спесь;
суруңду урайын! бран. в душу тебя!

сур

сур (түс)
сур кашка
сур коён
сур эчки

сур

сур: суру кетүү, суру качуу, сурун салуу

сур

I: суру качуу — үрөйү учуу, коркуп кетүү. [Маманазар] кызыл чиедей жаш балдарлуу, суру качкан аялды көргөндө зээни кейип кетти (Жантөшев). Сурун салуу — сурдануу, түсүн үйрүү.
СУР II сын.1. Кара түс менен ак түстү аралаштыруудан алынуучу түс, толук күйгөн отундун күлү же чополуу кумдак жердин топурагы түстүү өң. Ай, сур атчан сугатчы, Унутпа сугат убакты (Осмонов). Сур булуттар ары-бери көчүп, алда кайда кетип жатты (Жантөшев). Сур шинелчен.. солдат..трибунаны көздөй келе жатты (Сасыкбаев).
2. өт. Катаал, көңүлсүз. Өтүп кеткен сур заман Кайрылып эми келбесин (Турусбеков). Өткөрдүк далай сур күндү, Өңү жок бопбоз кур күндү (Элебаев).

Также найдены следующие похожие слова на Кыргызском языке
strtoupper(KG)


Похожие слова на других языках:

RU
Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук: