Э-создук - мультиязычный онлайн словарь  
+ Добавить слова для перевода
ВходРегистрация
через соц. сети
<->
 
Яндекс переводчик <->
История Ваших переводов:
 
 
История/закладки
Онлайн инфо/переводы
Онлайн переводчик
Найденные
Перевод/результат для - майдан
 

майдан

 
ир.
1. поле битвы, фронт;
майданга чык- вступить в единоборство, выйти на поединок;
өзүңдү эр дедиңби? - майданга чык ты назвался молодцем? - выходи на поединок; назвался груздём - полезай в кузов;
майдан сал- вступать в бой, сражаться;
ачык майданда салгылаш- вступать в открытый бой;
майдан тарт- строиться в боевой порядок;
көтөрүлүп бу калмак, майдан тартып туруптур фольк. поднялись эти калмыки и построились в боевой порядок;
согуш майданы поле военных действий, поле брани, фронт;
биримдик майданы полит. единый фронт;
эмгек майданы уст. трудовой фронт;
2. возделанная площадь, обработанная земля; площадь, покрытая зеленью;
шибээ деген эл экен, жери майдан жер экен фольк. народ (тот) называется "шибээ" (сибинцы), земля его обработана;
көк ала майдан зелёная лужайка, зелёный луг;
сары майдан
1) местность, покрытая пожелтевшей растительностью;
2) осенняя пора;
3. площадь;
жолугары кең майдан, беттештери кең сайдан фольк. место их встречи (для поединка) - широкая площадь, место их схватки - в широкой ложбине;
4. южн. сад (обычно не плодовый);
такыр жерди майдан кылдың, сугардың стих. голую землю ты превратил в сад, оросил;
бетегелүү майданым или көлөкөлүү майданым фольк. (эпитеты возлюбленной) моя отрада (букв. моя ковыльная лужайка или мой тенистый сад);
таш майдан каменистая местность.

майдан

 
  • арена
  • площадь
  • майдан

     
  • arena
  • piazza
  • piazze
  • plaza
  • МАЙДАН

     
    «МАЙДАН» — жазгыч акын жана Манасчы Тоголок Молдонун варианты боюнча «Семетей» бөлүмүнөн түзүлгөн китепче (Фр., 1943). Басмага даярдаган редактору Ж. Бейшекеев. Китепте камтылган окуя «Коңурбайдын Таласка жасаган жүрүшү» деген темада баяндалат. «Манас» эпосунан «Семетей» бөлүгүнө өткөн терс каармандардын ашкан амалдуусу, каардуусу, эң коркунучтуусу Коңурбайдан оор жарадар болгон Манас баатыр Таласка келип дүйнөдөн кайтат. Кыйды Коңурбай эми кыргыз элин баш көтөргүс абалга жеткирүүнү жана Манастын уулу Семетейди жок кылууну ойлойт. Анын бул аракети менменсинүүдөн же текеберленүүдөн келип чыкпайт. Манастын өлүмүнө себепчи болгон Коңурбай жоокерчилик салт боюнча кан кууп, өч ала турган Семетейден кооптонот. Эпосту түзгөн эл да баскынчы душмандардан коргоочу башкы баатыры катары кун кууп, өч алуучу милдетти Семетейге жуктөшөрүн сезген кыйды Коңурбай Үч-Бээжинге кабарлап эл башчы кандарын жыйып кеңешет:
    Кечээ кайратымдын барында,
    Айбатым толук чагында,
    Ушул канкор кулдун атасы
    Кан Манасты жайладым.
    Алтайга бурут келтирбей
    Түркстанга айдадым...
    Түркстанда кыргыздан
    Манастын уулу Семетей,
    Кездеше турган чоң душман
    Атадан артык тууптур.
    Бул керишип турган жоо койбойт,
    Кезенген душман соо койбойт.
    Таласын барып чаппасак,
    Талап малын албасак,
    Семетейди өлтүрүп
    Минтип кумар канбасак (7—8-б.)

    деген Коңурбайдын талабына баары макул болушат. Алты ай камданган Коңурбай 60 миң кол менен Таласка аттанып бейкут жаткан кыргыздарды камайт. Таластын суусун башка жакка бурдуруп, элди суусуз калтырат. Баскынчы душмандар Семетейдин айлын аткылай баштаганда Айчүрөк токуп, даярдап койгон Тайбуурул байлоосун үзүп качканда Коңурбай кармап алып, терең ор каздырып салдырып коёт. Аны айлалуу баатыр Күлчоро зындандан алып чыгат. Кыргыз эли бул кордукка чыдабастан Семетейдин жетеги боюнча басып алуучулукка каршы бүт көтөрүлүштү. Кандуу майдан бир нече күнгө созулуп, зордукчул Коңурбайдын аскери жеңилүүсу менен окуя аяктайт.
    С. Бакенов

    майдан

     
    [maydan]
    meydan, alan

    майдан

     
    майдан, майданга

    майдан

     
    зат. 1. Көк чыккан аянт, эмгек жумшап көгөртүп-жашартылган жер. Ачылган ар түрдүү гүл бактын ичи, Көрүнөт көз алдыңда жашыл майдан (Үмөталиев). Суусуз болгон талааны, Майдан кылып тирилткен (Бөкөнбаев).
    1. 2.           Согуш талаасы, согуш болуп жаткан жер; фронт. Кан жошулган майданда Карсылдаша салыштык (Бөкөнбаев). Эл таалайы үчүн биздин замандын ак ниет кишилери майданда (Сыдыкбеков).
    2. 3.           Күрөш участогу, белгилүү бир участок, фронт. Маданий майдан. Эмгек майданы.
    Основные характеристики
    Часть речиИмя существительное
    Ед. числомайдан
    Множ. числомайдандар
    Склонение по падежам - "майдан"
    Ед. число
    ПадежиЕд. число
    Именительный Кто?, Что?майдан
    Родительный Чей?майдандын
    Дательный Кому?, Чему?, Кому?, Куда?майданга
    Винительный Кого?, Что?майданды
    Местный Где?, У кого?майданда
    Исходный Где?, У кого?майдандан
    Множ. число
    ПадежиМнож. число
    Именительный Кто?, Что?майдандар
    Родительный Чьи?майдандардын
    Дательный Кому?, Чему?, Кому?, Куда?майдандарга
    Винительный Кого?, Что?майдандарды
    Местный Где?, У кого?майдандарда
    Исходный Откуда?, От кого?майдандардан


    Хотите добавить свой перевод для слово: "майдан"? Ввойти


    Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук:
    Language:
    Кыргызские пословицы и поговорки с переводом на русский язык
    Онлайн - рег.= = =
    Рейтинг@Mail.ru