ЛИЦЕНЗИЯ (лат. licentia – эркиндик, укук) – 1) иш-мердиктин белгилүү түрү менен алектенүүгө (м.: банктык, жеке медициналык, басмалык) же мыйзам боюнча лицензиялоого жаткан аракеттерди ишке ашырууга мамлекеттик орган тарабынан берилүүчү улуксат; 2) лицензиялык келишим же болбосо сот же компетенттүү мамлекеттик органдын административдик чечими боюнча берилүүчү ойлоп табууну, өнөр жайлык үлгүнү, пайдалуу модель же башка техникалык жетишкендикти пайдалануу укугу. Л. түрлөрү төмөнкүчө болот: башкы (ишмердиктин белгилүү түрү менен алектенүүгө); бир жолку (улуксат берилген көлөмдүн, салмактын же сандын чегинде белгилүү бир чарбалык аткарымдарды ишке ашырууга); туруктуу (мөөнөтү чектелбестен берилүүчү); убактылуу (2 жылдан кем эмес убакытка берилүүчү) ж. б.
Дополнительные операции по выбранной словарной статьей
Хотите добавить эту статью в свои закладки? Добавить в мои закладки Вы должны войти чтобы система запомнила Ваши закладки. Закладка добавлена.
Копировать ссылку на перевод на этом сайте. Ссылка будет выглядеть как Лицензия
HTML ссылка :
Ссылка:
Если обнаружилиошибкуили неточности в словарной статье сообщите нам. Это поможет улучшить Эл-Сөздүк.
10Текст сообщения:
Контрольный вопрос (что вы не робот):Сколько будет 7 + 3? Ответ:
Отправить