Э-создук - мультиязычный онлайн словарь  
+ Добавить слова для перевода
ВходРегистрация
через соц. сети
<->
 
Яндекс переводчик <->
История Ваших переводов:
 
 
История/закладки
Онлайн инфо/переводы
Онлайн переводчик
Найденные
Перевод/результат для - кан
 

кан

 
кан I
1. кровь;
кан төгүлгөн уруш или кан төккүч уруш кровопролитное сражение;
кан буу- останавливать кровь;
кан буугандай токтолду или кан буугандай тыйылды перен. сразу остановилось, прекратилось;
арам кан разг.
1) венозная кровь;
2) редко менструальная кровь, менструация;
3) перен. бран. чужеродный, враждебный;
киндик кан кровь пуповины (у новорождённого);
киндик каным төгүлгөн жер моя родная земля (букв. место, где пролилась кровь моей пуповины);
адал кан послеродовое кровотечение;
таза кан чистокровный;
таза кан жылкы чистокровная лошадь;
2. то же, что кун;
кан куу- то же, что кун куу- (см. кун 1);
кан ичер кровопийца;
кан ич-
1) убить (букв. пить кровь);
каныңды ичем я тебя убью;
2) (или кан уурта-) уст. хлебнуть крови убитого врага;
Эржан экенин билер замат, бычак кенен жара тартып, канын үч ууртап алып, жолдошторуна кошулган как только он узнал, что это Эрджан, распорол его ножом, трижды хлебнул его крови и присоединился к своим спутникам;
канга мал- ист. обмакнуть (оружие) в кровь врага или специально зарезанного животного, чтобы обеспечить удачу;
шаркыраган канына, Аккелте оозун малганы фольк. (Манас) в бурлящую кровь (врага) обмакнул дуло (своего ружья) Аккелте;
атаңын канын ич! как тебе не стыдно пить! (букв. пей кровь своего отца!);
арак ичпей, атаңын канын ич! как тебе не стыдно пить водку!;
кан кеч- утопать в крови; подвергаться массовой кровавой расправе, массовому избиению;
канжыгадан (или белден или тизеден) кан кечир- топить в крови;
каны (или кан-сөлү) ичине тарткан он побледнел (от злобы, гнева); у него свирепый вид;
каны ичине тартып ачууланды он пришёл в неистовство; он злобно буйствует;
кызармак түгүл, каны ичине тартып, алкымдан алмак он не только (от стыда) не покраснел, а в ярости готов в глотку вцепиться;
каны ичине тартып, адамды тирүүлөй жутуп жиберчүдөй болуп он рассвирепел и словно готов был живьём проглотить человека;
каны тартып келген смерть его привела сюда; ему здесь суждено было умереть;
кан жала- (или канжала-) окровавиться;
кан кыл- или кан жалат- (или канжалат-) окровавить, избить в кровь;
тумшугун канжалата койду он ему нос расквасил;
кан ыйла- или кан какша- плакать кровавыми слезами, горько плакать;
кан жут- быть в сильном горе (букв. глотать кровь);
каны качкан или кан-сөлү качкан бледный (от истощения, от страха), бледнолицый;
бетинен каны тамган жигит парень кровь с молоком;
ичинен кан өтөт он в большом горе (букв. у него кровавый понос);
каны суюк задорный, несдержанный, горячий;
каны суюк жаш бала фольк. горячий молодой паренёк;
өзүн-өзү токтото албайт экен, каны суюк он не может сдерживать себя, горяч;
каны суюк балдарга атышарга жаа бербе фольк. горячим паренькам не давай лук для перестрелки;
каны суюктук задор, несдержанность, горячность;
каны кас он к кому-л. враждебно настроен; он ненавидит;
кан-жаны менен кас он ненавидит всей душой;
экөөбүздүн, кайнаса, каныбыз кошулбайт примирить нас двоих совершенно невозможно (букв. наша кровь, если даже будет кипеть, не соединится);
каным катып турат или каным катып суусадым меня томит жажда, меня мучит жажда;
биттин ичегисине кан куят он на ходу подмётки режет (букв. он в жилы вши кровь вливает);
каны жерге тийбейт нарасхват;
жакшы китептин каны жерге тийбейт, талап кетет хорошая книга идёт нарасхват;
кан-жел сифилис;
кара сууга кан куйган фольк. без меры проливающий кровь;
кан алуучу то же, что канчы;
кан-жин см. жин II;
ак бата, кызыл кан см. бата 2;
кан жол см. жол 1;
кан көчө см. көчө II 1.
кан II
хан;
каары болбой, кан болбойт, кайгысы болбой, жан болбойт фольк. без гнева хана не бывает, без заботы души (т.е. живого существа) не бывает;
канга кун жок за хана виры нет;
кан көтөр- ист. провозглашать ханом, возводить на ханский престол (по древнему обычаю сажали на белый войлок и трижды приподнимали);
кан такта трон, престол;
кан-увазир (или канувазир или канвазир или канымдат) этн. название игры в альчики (букв. хан-министр);
кан таламай см. таламай;
кан талоон см. талоон I.
кан- III
удовлетворяться, утоляться;
суусунум канды я утолил жажду;
кана карадым я детально рассмотрел;
көз канды приятно для глаза, порадовало глаз;
кепке кан- вдоволь наговориться.

кан

 
кровь

кан

 
blood

КАН

 
КАН (кыт. хуан — император, башкаруучу; маньч. «хаан», моңг. «хаан», алт. «каан» — башкаруучу, жол башчы) — элдин сүйлөө тилинде да, башка фольклордук чыгармалар менен бирге «Манас» эпосунда да кеңири колдонулган титул. К. кытай тилинен алтай тобундагы элдердин (түрк-моңгол, тунгус, манжур) тилдерине эң байыркы мезгилде кытайдын «хуан» (башчы, башкаруучу) деген сөзүнөн өздөштүрүлгөндүктөн ал элдердин мифологиялык персонаждары да К. деген титул менен аталат. Мисалы, Теңиркан, Күнкан, Бууракан жана башкалар Кытайдын «хуан» (мамлекетти башкарган адамдын титулу) деген титулдук терминин уруулук-жамааттык түзүлүштө жашаган уруулар өздөштүргөндө социалдык абалынын деңгээлине жана коомдук мамилелерине болгон түшүнүгүнө карата семантикалык мааниси өзгөрүлүп кабыл алынган. Себеби, али таптык коом калыптана элек болгондуктан уруулук коллективдин ички мамилелерине ылайык уруу башчысы (уруу аксакал) ушул титул менен аталган деп айтууга болот. Ал эми уруулук-жамааттык түзүлүштөн алгачкы феодалдык мамилелерге өтүүдөгү өткөөл мезгилге (согуштук демократия) да К. деген термин уруулар союздагы күчтүү уруунун башчысына, ошондой эле жеке уруулардын башчыларына да титулдук мааниде колдонулат. Патриархалдык-феодалдык мамилелер пайда болуп, территориялык жактан ар башка уруулардын биригип, уруулар союзунун негизинде өзүнчө эл болуп түзүлгөн кырдаалда «кан» деген титул жалпы элдин башчысын түшүндүрөт. Ал эми феодалдык типтеги мамлекеттик биригүүлөр пайда болгон процессте К-дын семантикалык мааниси дагы кеңейип, мамлекеттин башкаруучуларына берилген. Демек, тапсыз коомдо эле пайда болгон бул титулдук термин узак эволюциянын негизинде мааниси өзгөрүп таптык коомдо үстөмдүк кылган таптын бийлөөчүсүнө да мансаптык даража катарында колдонулган.
«Манас» эпосунда К. «уруу башчысы», «элдин башчысы», ошондой эле «мамлекеттик биригүүнүн башчысы» сыяктуу ар башка мааниде айтылат. Албетте, эпикалык тексттердеги К. деген терминди контексттеги маанилерине карата элдик (оң жана терс) түшүнүктө жана аны көркөм-эстетикалык сапатына жараша түшүнүү. «Манас» эпосундагы кыргыз элинин душмандарынын башчылары да «кан», «падыша», «төрө» деген титулдар менен аталат, ошондой эле элди-жерди басып алууга аракеттенген баскынчыларга каршы күрөшкөн патриот элдик башчыларга да ушул эле титул катарында колдонулат: «Каспаңдагы кан Коңур Каары катуу оңбогур» (Сагымбай Орозбаков, Кол жазмалар фондусу, 580-инв., 292-б.). «Кан Манастын башына Жыгалуу бөрктү кийгизди» (Сагымбай Орозбаков, 2. 27). Ушул сыяктуу эле башка негизги каармандарга да бул титулдук терминдер колдонула берет. Эпосто кыргыз урууларынын ар биринин башчылары да, уруулардын бириккен топторунун (арыш) башчылары да, жалпы кыргыз урууларынын башчысы, коңшу жашаган уруулардын башчылары да, душман элдеринин башчылары да К. деген титулдук наам менен атала берет. Мисалы, Катагандын кан Кошой, Казактардын кан Көкчө же Букардын каны, Оогандын каны, эпикалык душмандар жөнүндө Бээжиндин каны Коңурбай жана башкалар Эпостогу К. термининин эволюциясы жөнүндө Сагымбай Орозбаковдун вариантында талдоого ала турган бир факт бар. Бээжинге жортуулга аттанар алдында шарт боюнча бир кишини (башчы) көтөрүү керек болот. Ошондо Манас өзүнүн сунушун айтат: «Аксакал Бакай абамды, Калк агасы бабаңды Кан көтөрсөк кантет» (Сагымбай Орозбаков, Кол жазмалар фондусу, 584-инв., 121-б.). Мындай салт моңгол элдеринде да болгондугу белгилүү. Демек, бул (кан көтөрүү) аталык уруулук жана уруулар союзунун (арыш) шарттарындагы салттуу эреже экендигин айгинелейт.
А. Абилов

кан

 
blood [блад]

кан

 
[kan]
kan

кан

 
kan.

кан

 
кан (шүйшүн), канга
кан агуу (а. ч.)
кан анализи (а. ч.)
кан басымы
кан буугандай
кан жалатуу
кан жаңыртуу (а. ч.)
кан жел (сифилис)
кан жол
кан жөткүрүү
кан жүрүү системасы
кан жуткуруу
кан жутуу
кан ичер
кан ичкич
кан кайноо
кан какша- (кангакша эмес)
кан какшат- (кангак шат- эмес)
кан катуу (суусоо)
кан кечүү
кан көчө (чоң көчө)
кан күйгөн (иш учуру)
кан кускур
кан кууш
кан куюу
кан майдан
кан мителери (зоол.)
кан плазмасы
кан соргуч (кансоргуч
эмес)
кан тамыр
кан темир
кан токтотмо буугуч
(мед.)
кан төгүү
кан тырмак
кан уурташуу
кан чырайлуу (кызыл дуу)
канга боёо
канга кан
канды булоон
кандын айланышы
кандын уюшу
кан-жаны, каны-жаны
кан-жин
кан-жини аралаш
кан-сөл
кан-сөлү жок
кан-сөлү качуу
каны бузук
каны-жаны менен
каны жерге тийбөө
каны ичине тартуу
каны кайноо
каны катуу
каны качуу
каны кызуу
канына сиңүү
канын соруу
канын суудай агызуу
каны суюк

кан

 
кан, хан; канга
кан таламай (оюн)
кан талоон (эск.)
кан төрө
канга салам бербөө
каным дат, канымдат

кан

 
I зат. Дененин бардык клеткаларын азыктандыруучу жана заттарды алмаштыруучу, организмди тамырлар аркылуу айланып жүрүүчү кызыл түстүү суюктук. Күлчородон ал кетти, Кара курум кан кетти («Семетей»). Сатылгандын оозунан кан.. акты (Аалы).
¨ Арам кан к. арам. Кан буугандай — өтө тез, дароо, ылдам. Кан ичер — канкор, ырайымсыз, мыкаачы. Кан ичер жоону жеңүүгө камданып чыккам калкымдан (Бөкөнбаев). Кайнаса каны кошулбоо — эч ыркы келишпөө, эч келише албоо, бири-бирине кас болуу. [Бай-манаптар].. кайнаса каныбыз кошулбай турган душманыбыз (Жантөшев). Кан какшоо к. какша. Кашык каны калганча — өмүрүнүн акырына чейин, бардык күчү түгөнгөнчө. Атыш, чабыш аянбай, Кашык каның калганча (Нуркамал). Каны катуу к. кат IV. Кан жутуу — абдан кайгыруу, аза күтүү, капа болуу. Кантээр айла таба албай, Кан жуткансың ичиңде (Токтогул). Кан-сөөлү жок — каны, кызылы жок, кубарган, кумсарган. [Гүлайым].. кан-сөөлү жок 6озоруп, жаак эти шимилген (Бейшеналиев). Кан жалатуу — оозу-мурдун кандоо, оозу-мурдунан кан чыгара муштоо, катуу жазалоо, уруу. А түгүл [байлар] мына минтип оозубузду кан жалата токмоктошот (Абдукаримов). Ичинен кан өтүү — аябай кейүү, өкүнүү, кайгыруу. Каны ичине тартуу — кубарып-кумсаруу, каны качуу. Каныбектин каны ичине тартып, тиштери кычырап, жаак эттери түйүлө баштады (Жантөшев). Каны кайноо — ачуусу келүү, кыжырлануу, жини келүү. Арзыкул эми каны кайнап, тиштерин кычыратып отурат (Байтемиров). Каны кызуу к. кызы. Кан майдан — кан төгүлгөн согуш, уруш, салгылаш. Талыкшыбай кан майданды аралап, Талкаладың, залим тобун айдадың (Бөкөнбаев). Ашыгы кан майданга жөнөгөндө, Ичинен бакыт тилеп жаш имерген (Осмонов). Кан соргуч — эзүүчү, бирөөнүн эмгегинин эсебинен жашоочу. Кан соргучтар ойлобойт Бечаранын убалын (Токтогул). Ичиңерде калбасын Кан соргучтун баласы (Тоголок Молдо). Кан чырайлуу — кызылдуу, кызыл жүздүү, сулуу. Кан темир — чагылгандын огу, чагылгандан түшкөн таш.
КАН II хан менен бирдей.
КАН III этиш. 1. Суусаганы басылуу.
2. өт. Канааттануу, алымсынуу, алымсындырарлык абалга жетүү. Илимге балам кан деди, Аскерлик милдет ал деди (Барпы).

кан-

 
кан- (суусуну кануу),
канбай, канган
Основные характеристики
Часть речиИмя существительное
Ед. числокан
Множ. числокандар
Склонение по падежам - "кан"
Ед. число
ПадежиЕд. число
Именительный Кто?, Что?кан
Родительный Чей?кандын
Дательный Кому?, Чему?, Кому?, Куда?канга
Винительный Кого?, Что?канды
Местный Где?, У кого?канда
Исходный Где?, У кого?кандан
Множ. число
ПадежиМнож. число
Именительный Кто?, Что?кандар
Родительный Чьи?кандардын
Дательный Кому?, Чему?, Кому?, Куда?кандарга
Винительный Кого?, Что?кандарды
Местный Где?, У кого?кандарда
Исходный Откуда?, От кого?кандардан


Хотите добавить свой перевод для слово: "кан"? Ввойти


Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук:
Language:
Кыргызские пословицы и поговорки с переводом на русский язык
Онлайн - рег.= = =
Рейтинг@Mail.ru