Э-создук - мультиязычный онлайн словарь  
+ Добавить слова для перевода
ВходРегистрация
через соц. сети
<->
 
Яндекс переводчик <->
История Ваших переводов:
 
 
История/закладки
Онлайн инфо/переводы
Онлайн переводчик
Найденные
Перевод/результат для - камчы
 

камчы

 
нагайка, плётка;
жакшы атка бир камчы, жаман атка миң камчы погов. хорошему коню одна плеть, а плохому - тысяча;
шапалак камчы нагайка, плеть или кнут из полосы ремня (без плетения);
арабакеш камчы южн. то же, что шапалак;
кара алакан камчы (в эпосе) жгучая, жестокая плеть;
камчыдай бели ийилген, жумшак кыял, таттуу сөз фольк. её (тонкий) стан изгибается, как плеть, (она) мягкого характера, сладкоречива;
камчы бою в длину плети (вместе с рукоятью; длиною около 3/4 метра);
камчы бас- стегнуть плетью;
атына камчы басты он стегнул своего коня плетью;
камчы сал- хлестать плетью;
камчы салдыр-
1) позволить хлестать плетью;
жаным аман турганда атыма камчы салдырбайм фольк. пока я жив-здоров, не позволю хлестать своего коня плетью (т.е. не позволю кому-л. распоряжаться моим имуществом и мной);
2) перен. работать или выполнять поручения из-под палки;
камчы салдырбайт он работает так, что понуканий не требуется; он работает на совесть;
үй-оокатка камчы салдырган жок домашнее хозяйство она вела безупречно;
камчысы жакшыга түшкөн у него хорошая жена (букв. его плеть досталась хорошей);
камчысы жаманга (или груб. бокко) түшкөн у него плохая жена (букв. его плеть досталась дурной или дерьму);
камчысынан кан тамган он чинил жестокую расправу (букв. с его плети кровь капала);
кызыл камчы жестокий и скорый на расправу;
кызыл камчы немеге жолугуптурмун (муж) мне достался жестокий и с тяжёлой рукой;
кызыл камчыга ал- нещадно хлестать плетью;
анын камчысынан уст., теперь шутл. от его плети (т.е. от плети мужа зависит характер и поведение жены);
куу камчы грубый, любитель кулачной расправы;
чоң камчы ист. джигит, которого манапы использовали для физического воздействия на непокорных;
камчыга сап болору наиболее сильный из них (знающий, влиятельный и т.п.; букв. годный для рукоятки плети);
камчы чабар уст. (в старом быту) старший сын в семье (который силе мог противопоставить силу, мог быть защитником интересов своей семьи, аула и т.п.);
камчысын чап- быть чьим-л. приспешником, прихвостнем; защищать чьи-л. интересы;
сөзүн сүйлөп, камчысын чабышкан они проводили его линию и защищали его интересы;
камчысын мойнуна илип признав свою вину и выразив полную покорность (букв. повесив свою плеть себе на шею);
ага камчысын мойнуна илдирип заставив его признать свою вину и выразить полную покорность (букв. заставив его повесить свою плеть себе на шею);
камчы үйүр- угрожая, вращать плетью, замахиваться плетью;
мага камчы үйүрдү он замахнулся на меня плетью;
төбөңөргө камчы уйүргөн он над вами властвовал, он вами помыкал;
камчы кармат- этн. особая форма закрепления клятвы (букв. дать держать плеть);
камчысын кошо сүйрөп кирди уст. он вошёл (в юрту), волоча за собой плеть (это значило, что вошедший не примирился с хозяином, затаил против него злобу; обычай требовал, чтобы при входе в юрту вошедший повесил свою плеть на левой от входа стороне юрты);
камчыга ченеп бөл- (в эпосе)
1) поделить добычу или приз без остатка между всеми участниками (не выделяя особой доли для вожаков);
келгендердин барысы камчыга ченеп бөлсүн де фольк. скажи, чтоб все прибывшие поделили всё без остатка;
Букардагы сан байге, энеке, камчыга ченеп бөлөмүн фольк. весь несметный приз, что в Бухаре, я, мамаша, разделю без остатка;
2) разграбить дотла;
чоң зордук тартып элибиз, камчыга ченеп бөлүндүк фольк. народ наш подвергся большому насилию, мы были разорены дотла;
камчы гүл южн. название растения с тёмно-красными цветами (в народной медицине употребляется при болезни горла);
соп камчы см. соп.

КАМЧЫ

 
КАМЧЫ — унааны башкаруу, малды айдоо үчүн колдонулуучу курал. Көчмөн жана жоокердик турмуштун күнүмдүк зарылчылыгынан келип чыккан. Ал бүлдүргө жыгач сап жана кадалып бекемделинген кат-катталып шырылып кооздолгон «алакандан» жана уландысы болуп кеткен тасма өрүмдөн турат. К-нын бүлдүргүсү бугунун же кара малдын терисинен тилинип алынган ичке кайыштан жасалып, эки учу бирдей кабатталып К. саптын көзөнөгүнөн өткөрүлүп чийе байланып түйүштүрүлөт. Ал иймек болуп жасалгандыктан К-ны колго кармап жүрүүгө же илип коюуга ылайыкташтырылган. К. сап атайын тандалып алынган өзгөчө катуу жыгачты (ыргай, табылгы) керектүү узундукта кесип алып көлөкөдө кургатылат. К. сап сөөктөн да (эликтин же улактын шыйрагы териси жана туягы менен кошо катырылып) жана мүйүздөн да (эликтин, кийиктин) жасалат. К. саптын өзгөчөлүгүнө жараша эл ичинде эпосто: «Кара аламан элиңде, Бир камчы саптык жок беле?» — деген ылакап айтылат. Б. а. эл керегине жараган баатырың же эл тагдырын чечкен акылманың жок беле деген каймана маани берилет. Ошондой эле «күмүш сап камчы», «алтын сап камчы», делинген эпикалык жана элдик даректердин да турмуштук негизи бар. Байыртадан эле атак-даңктуу баатырлар, эл башкаруучулары өтө кымбат кийим жана ат жабдыктарга кошуп өзгөчө сөөлөт жана көркөм кооздук үчүн бетине оймо-чийме салынх-ая, асыл таш чөгөрүлүп, күмүш же алтын алкак кадалган саптарды колдонушкандыгы белгилүү. Алардын колунан түшпөгөн «өмүр шериги» катары бааланган «камчысын үйрүп топ жарып» же «камчысын сүйрөп жөө калып», «камчысын таянып мүңкүрөдү» деген саптар далилдейт. Дайыма эл көзүндө, дайыма керектөөдө болгондуктан К-нын өрүмүнө өзгөчө көңүл бурулган. Ал эчкинин, кийиктин, бугунун терилеринен атайын даярдалынган тасмадан ичке тилинип алынып, өрүмчү каалаган сана (5, 7, 9, 12) өрүм жүргүзөт. Мындай К-лардын бүлдүргөсүнөн тартып, өрүмүнө чейин кайыштардын атайын тандалмасынан жасалат. К-нын өрүмү эчкинин жана кийиктин терисинен жасалган тасмадан ичке тегиз тилинип алынып, өзөктүн сыртынан жумуру же кырдуу өрүм болуп өрүлөт. Кээде кош өрүм, жалгыз өрүм болуп да бөлүнөт. Өрүм: ит тиш өрүм, жылан боор өрүм болуп өзгөчөлөнөт. Өрүм менен өзөктүн башталышында атайын калтырылган кайыштын жазы бөлүгү сапка кадоо менен бириктирилип «алакандык» милдетти аткарат. Алакандын андан аркы калдыгы саптын ченине чейин «гүл мык» менен кадалып, тасма менен сапка кош-кош болуп көркөм чырмалып бекемделинет. К-нын кулагы же көкүлү өрүмдүн үстүнөн, алакандан чыгарылат. Эпостогу «Камчы тиштеп теминип, Жулкулдашып калыптыр», — деген саптарда жоокерлердин душман менен урушуусунда жана бири-бири менен эңишүүдө, көк бөрү тартышууда эркин кыймылдаш үчүн «камчыны «алакандан» тиштеп алышып аракеттенишкен. Баатырлар бири-бирине сөз берип убадалашканда «камчы тиштеп» убадаларын бекемдешкен. Ошондой эле эл ичинде жана эпосто «камчы сал» деген сөздүн эки адамдын чабышуусунда колдонулгандыгы байкалат. Б. а. биринчиси экинчисине багынып баш ийгенде мойнуна камчысын салып, башын ийип, тизе бүккөн, ошондой эле К. күлүк, жорго аттарга жана айттырбай билген акылман адамдарга карата да айтылып «камчы салдырбаган күлүк эле» делинип даңазаланган. Далай кылымдарды кучагына камтыган теңсиздик заман учурунда айрым бийлиги катуу «өкүмдарларга» карата «баланчанын камчысы катуу» деген наалат айтып мүңкүрөшкөн. Ошол бийликтин белгиси катары, тигил «билермандар» өз атынан бирөөдөн камчысын бердирип, доосун доолап, салыгын салдырып, салам дубайын айттырып, өз пайдасындагы иштерин жүргүзүшкөн. Эпикалык даректерге караганда К. кандайдыр бир «ченем» бирдиги катары да пайдаланылат. Мисалы, эпосто Манас өлүп, анын дүнүйөсү талоонго түшкөндө «камчыга ченеп бөлүштү» — деген сөз айтылат. К. эпосто төмөнкүчө сүрөттөлөт:
Чокусунда чогу бар,
Өзөгүнүн ичинде
Көк коргошун огу бар.
Толгомолуу камчыны
Сол имерип алганы
Качырып келип каапырды
Жоңгулдата салганы (Сагымбай Орозбаков, 3. 226).

Бул сүрөттөөдөн К-нын кадыресе К-дан өзгөчөлөнүп жасалгандыгы, ошондой эле кандай шартта пайдаланылгандыгы байкалып турат. Эпостун сюжетине караганда Манастын кимдир бирөөгө ачуусу келгенде, адилетсиз, жагымсыз иши үчүн колдонгондугун көрөбүз. Алсак сөз талашкан Үрбүнү «толгомо түшкүн чоң камчы» менен оройго тартып калат же Кошой менен Жолойдун балбан күрөшүндө Кошой Жолойду жерге көтөрө чаап башынан аттап кетип баратканда артынан кандагайдын багелегинен кармап алып Жолой Кошойду кайра чабарында Манас жетип келип Жолойду К. менен жоңгулдата берип калат. Эпосто, ошондой эле Манас Коңурбайды да К. менен чапканы кездешет. Бул эпизоддор К-нын курал катары да эпосто өз орду, аткарган милдети бар экендигин көрсөтүп турат. К-га келтирилген жогорудагы сүрөттөө бул эпизоддордун баарында тең колдонулган. Моңгол-түрк тилиндеги элдердин эпосторунда да К-га өзгөчө орун берилген. Анын жасалгаланышы апыртуулар менен көркөм сүрөттөлүп, этнографиялык маанилери да кызыктуу ачылат. Демек, К. жалпы эле көчмөн элдер эпосторуна мүнөздүү.
К. Айдаркулов


камчы

 
lash [лэш];
whip [уип]

камчы

 
[kamçı]
kırbaç

камчы

 
kamçı.

камчы

 
камчы
камчы канаттуулар (зоол.)
камчы салдырбаган
камчы сап
камчы сапка жараган
камчыга сап болорлук
камчыга ченеп бөлүү
камчысын чабуу
камчысынан кан тамган

камчы

 
зат. Бир жак учу сабына бекитилип, атчан киши атты чабуу үчүн колдонулуучу ортосуна өзөк салынып өрүлгөн кайыш. Ала айгырга камчы уруп, Конокбай балбан жеткени («Эр Төштүк»). Сарыбаш Калмурат карыяны.. камчы менен чыпылдатып сабап жатты (Абдукаримов).
¨ Мырза камчы эликтин шыйрагына, мүйүзгө сапталып, өрүмү, сабы жакшы кооздолгон камчы. Камчыга алуу — камчы менен сабоо, жазалоо. Кызыл камчы — урушчаак, ачуулуу, каардуу, ырайымсыз. Камчысын чабуу — бирөөгө кошоматчылык кылуу, кызыкчылыгын жактоо, колдоо, анын тарабына кошулуп кетүү. Камчыга ченеп бөлүү — душман жеңилгенде алардын мүлкүн, түшкөн олжону кимдин канчалык эрдик көрсөткөнүнө жараша бөлүштүрүү


Хотите добавить свой перевод для слово: "камчы"? Ввойти


Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук:
Language:
Кыргызские пословицы и поговорки с переводом на русский язык
Онлайн - рег.= = =
Рейтинг@Mail.ru