|
ИНВЕРСИЯ
|
|
ИНВЕРСИЯ (латынча inversio — орун алмаштыруу) — көркөм чыгармаларда сүйлөмдөгү сөздөрдүн грамматикалык ырааттуулугунун бузулуп, орундары алмашылып берилиши («Атын тартып мен алып, Не муратка жетейин»; Саякбай Каралаев, 2. 63). И. көбүнчө ыр түрүндөгү чыгармаларга мүнөздүү болот жана чыгарманын көркөмдүгүн байытуучу каражат катары кызмат кылат. «Манас» эпосу баштан аяк ыр түрүндөгү чыгарма болгондуктан И-ны эпостун бардык варианттарынан учуратууга болот: «Талаадан жетим табылып, Менин, абийирим, минтип жабылып, Алышканга мен Бакай Эми жүрүп эле калдым камынып» (Саякбай Каралаев, «Семетей», 1. 243).
|