Э-создук - мультиязычный онлайн словарь  
+ Добавить слова для перевода
ВходРегистрация
через соц. сети
<->
 
Яндекс переводчик <->
История Ваших переводов:
 
 
История/закладки
Онлайн инфо/переводы
Онлайн переводчик
Найденные
Перевод/результат для - жамандык
 

жамандык

 
зло;
жамандык кыл- причинять зло;
жакшылыкка жамандык злом за добро;
жакшы көрүп жолдошун, жамандык ишке бардырбайт фольк. (жена) любя мужа (букв. спутника) своего, не допускает его до дурных дел;
жамандыкты амандык жеңет погов. время покажет, кто прав (букв. благополучие побеждает зло, т.е. если будем живы, зло обнаружится и будет побеждено);
ал кимди ким көрдү, көзүң жамандыкты көрбөсүн такое случилось, что не дай бог и видеть.

жамандык

 
зло

жамандык

 
evil

ЖАМАНДЫК

 
ЖАМАНДЫК — эпосто элдик этикалык түшүнүм катары чагылдырылып, мазмуну боюнча жакшылыкка (к. Жакшылык) карама-каршы турат. Анын маңызын ошол мезгилдердеги моралдык талабына ылайык күнөөлөгө, айыптоого, жазалоого, жектөөгө туура келген социалдык турмуштагы жана адамдардын кылык жорук, кылган иштериндеги терс көрүнүштөр түзөт. Бул жагдайда адегенде эле социалдык Ж-ка токтолуп өтүү абзел. Чыгармада мунун басымдуу орун алышы элдин ошол замандардагы жоокерчилик турмушу менен байланышкан. Маселен, согуш — адамдарды азап тозокко салган ашкан социалдык Ж. Ал — өлүм, ый. апат; элге кыйроо, талкалануу, талоон алып келген алаамат. Эпостун негизги мазмунун түзгөн кыргыз элинин ички жана тышкы душмандар менен болгон тынымсыз согушу ириде дал ушуну күбөлөйт. Чыгармада согуштук окуялар адамдын жүрөгүн титиреткен өзүнчө бир оор-мүшкүл, каран түн, кыйноо, кайгы, муң катары сүрөттөлөт. Мындай социалдык Ж-тын тамыры ошол доордогу баскынчылык, талоончулук, «ким күчтүү болсо, ошол туура» деген жапайылыктын мыйзамдарында жатат. Жоого каршы күрөштө душмандан алдын ала сактануу, андан келечекте келип чыгуучу коркунучту жоюу максатында озунуп кол салуу да болот. Эпостогу Чоң казат окуясы дал ушундай. Ал эми негизинен алганда башка элди каратуу, басып алуу, кара ниеттик, ач көздүк, дүнүйөкорлук максатта жүргүзүлүп, ал элдин малмүлкүн олжолоо, өзүн кара күчкө айландыруу сыяктуу Ж-ты жаратат. Мына ушундан келип чыккан зомбулук, зордук, эзүү турган турпаты менен өтө зор социалдык Ж.— кытай кандары Алооке менен Молтонун кыргыздарга көргөзгөн кордугу буга айкын күбө.
Кыргыздарды бакубат кылып турган Каракан өлгөндөн кийин анын жетим калган сегиз уулунун жаштыгынан пайдаланып, кытайлардын Молто, Алооке кандары аларды басып алат. Элдин башына оор кайгы, кыйын иш түшөт. Кытай, калмактар «төрөсү өлгөн буруттун төбөсүнөн басып, төрт түлүгүн чачып, төшүнө казан асып, каяшаяк кылганды кырып, балбандарды байлап, эрендерин түк койбой жайлап, чалдын баарын сабап, кыздардын баарын олжолоп, туура чыккан кыргызды туура күңкөр тул кылып, азаматты кор кылып, колуна чеге кадап», элди каалагандай талайт. Ошондо: «Өлөйүн деп өлө албай Өкүрүп турат кайран журт Өз жанын өзү кыя албай» (Саякбай Каралаев, 1. 31) Алооке, Молто элге карата эң ырайымсыз мамиле кылган. Алдыга койгон пландары, арам ойлору өтө коркунучтуу болгон. Маселен, Молто көп кыргызды кырып таштаганга караганда, алардан алым алып турууну ыңгайлуу, пайдалуу көрсө Алооке кыргыздар түбү бөтөн журт:
Чамасы келсе бу бурут
Чалышкан турат өзүмө
Ушунчадан күтүнүп, Мунун үйүрүн бузуп тийбесек
Эгерде бизди соо кылбайт
Муну туш-тушка бөлүп ийбесек (Саякбай Каралаев, 1. 35),

— деп акчыланып, элди бүтүндүгүнөн, мекенинен ажыратып биротоло түбүнө жетүүнү көздөйт. Чындыгында эле анын бул буйругу кыргызды абдан катаал, оор кейиштүү тагдырга туш кылды:
Бирөө айдалды Иренге,
Бирөө түшүп кетти тереңге
Жер таба албай конушка
Оболку дарты козголду,
Тополоңу тоз болду.
Колу артына байланып,
Кордук көрүп айдалып,
Буларды бөлүп турганда
Калайык ыйлап, кары ыйлап,
Калайык журттун баары ыйлап:
Ай, Каракан, өлбө — деп
Азапты бу журт көрбө! — деп,
Бул өңдөнгөн кордукту,
Мендесине бербе деп,
Көөдөнгө батпай көп санаа
Талоон көргөн кайран журт,
Көзүнүн жашы он талаа (Саякбай Каралаев, 1. 35).

Кытай, калмак-манжу төбөлдөрү элди ушундай азапка салуу менен чектелбестен, эзүүнү ого бетер улантып, анын жаңы формаларын таап, кийирип турушкан. Маселен, буга калкты тынымсыз талап-тоноодон башка балдарды байлап кетип, денекул, маңкурт кылуу сыяктуу акылга сыйбаган иштерди да жасашкан. Мына ушундай Ж-тар акыры келип элдин эзүүгө каршы чыгуусуна, эркиндик үчүн күрөшүүсүнө себепчи болгон. Ошентип, эпосто таасын сүрөттөлгөндөй, социалдык жамандык — жыргал, оомат деген түшүнүктөргө карата алганда ал жалаң эле моралдык көрүнүш эмес. Ал өзүнө асыресе элдин, адамдардын турмуштук керектөөлөрүнө, мүдөө-талаптарына, муктаждыктарына жана кызыкчылыктарына карама-каршы келген, коомдук прогресске тоскоол болгон кеңири түшүнүктү камтыйт. Социалдык Ж. дегинкисинде моралдык Ж-тын булагы. Тагыраак айтканда, адамдардын социалдык шарттары гана алардын ошол коомго жана мезгилге типтүү болгон жүрүш-туруш формаларын аныктайт. Адатта моралдык Ж. адамдардын тескери, жарамсыз жүрүш-турушу катары бааланат. Бирок, коомдун бардык эле мүчөлөрү мындай сапатка ээ эмес. Эгерде кээ бирөөлөрдү тескери жолго барууга колундагы зор байлык түртсө, айрымдарга оор турмуш-жагдай себепчи болушу мүмкүн. Жалпы алганда, моралдык Ж. белгилүү бир адамдардын (социалдык топтордун, жааттардын) тийиштүү моралдык нормадан четтеп, андан чегинүүсүн, тескери ишке түшүүсүн, Ж-ка баруусун, чектен чыгуусун мүнөздөйт. Андыктан, тигил же бул адамдын адилетсиз, кара ниеттик менен кылган иши, кылык-жоругу, аракеттери да (мейли ал душман, бай, жана башкалар болсун) моралдык Ж. катары каралат. Себеби, аларды ушул жакка түртүп жаткан нерсе: жалаң эле социалдык жагдай, теңсиздик эмес, алардын өздөрүнүн эрки (наадандык, мансапкорлук, өзүмчүлдүк, мерездик жана башкалар) Эпосто моралдык Ж-тар негизинен ошол мезгилдердеги көчмөн турмуштун, уруулук-феодалдык түзүлүштүн, жоолашуунун шарттарында келип чыккандыгы ачык сезилет. Маселен, буга кек сактоо, өч алуу, кун кубалоо сыяктуу сыртынан караганда туурадай сезилген, бирок ички мазмуну боюнча таптакыр адамкерчиликке жатпаган көрүнүштөрдү келтирүүгө болот. Мындай кесепеттердин натыйжасында көпчүлүк учурларда эч күнөөсү жок адамдар материалдык гана эмес моралдык, психологиялык жактан да зыян тартышкан, көз караштарындагы, кулк-мүнөзүндөгү өзгөрүүлөргө учурашкан. Эпосто буларга байланышкан окуялар (Чубактын, Үмөтөйдүн куну жана башкалар) көп кездешет. Эл арасында ушуга тийиштүү макал, ылакаптардын кеңири тарашы да (маселен, «Чубактын кунундай чубалган...», «Тайбуурулдун тартуу болуп кеткени, Семетейдин ажалынын жеткени» жана башкалар) аталган терс көрүнүштөрдүн адамдарга терең из калтыргандыгын күбөлөйт.
Элдердин бирин-бири чабуусу, басуусу, душмандык, кастык мамилелер, социалдык теңсиздик, адилетсиздик, кызыкчылыктардын жана мамилелердин ортосундагы кыйчалыштыктар түбү келип ыймандуулукка жат көрүнүштөрдү жаратат. Бул багыттарда эпостон орун алган көптөгөн фактылардын ичинен бир гана учурга, атап айтканда Манастын өлүмүнө атайын токтолуп өтүү зарыл. Анын дүйнөдөн кайтышы — чындыгында да эч орду толгус жоготуу. Ал каза болгондо «Айкөлүм Манас өлбөй кал, азапты куу баш көрбөй кал» деп анын күйөрмандары Каныкей, Бакай, Кошой жана башкалар ыйлабастан, жалпы эл («Калың журттун баары ыйлап»), ал гана эмес жаныбарлар (Кумайык, Желмаян, Нарбуудан тынчы кетип, аза күтүп, Ак шумкар боосун үзүп), жаратылыш көрүнүштөрү муңайып («карагай ыйлап, тал ыйлап, алты күнү ай чыкпай, ай караңгы түн болуп»), дегеле турмушта болбой турган чоң кайгыга батышат. Мына ушулар жалаң эле өлчөмсүз жоготууну билдирбестен, Манас дүйнөдөн кайткандан кийинки элдин азаптуу турмушун, ашынган жамандыктын өкүм сүрө тургандыгынан кабар берет. Эпосто сүрөттөлгөндөй, чындыгында да ушундай болот. Манастын зор кыйынчылыктар менен жасагандары, тургузгандары бүт бүлгүнгө учурайт. Мурунтан ичтен кекенип жүргөн Абыке, Көбөш сыяктуу арамдарды «таптакыр кудай уруп, жетим менен жесирди талаганга» чейин барып, ыйманга сыйбас ыплас иштерди жасашат. Ал гана эмес, «Кан Манастын өлгөнүнө али кырк күн боло электе баягы Манастан калган кырк чоро Көбөшкө айыл конуп», анын талабын талашып-өздөрүнүн бир мезгилдеги ыйык адамына каршы чыгышат:
Жамгырдай кылып жаа тартып,
Кырк чоро, мөндүрдөй кылып ок атып,
Каарданып бакырып
Кан Манас атын өчүрүп,
Баарысы «Көбөш» деп ураан чакырып (Саякбай Каралаев, «Семетей», 1. 21),

Манастын ордосуна тартынбай кол салышат. Албетте, алар бул кыйды иштери үчүн жаза алышат. Манастын дүйнөдөн өтүшү менен элден оомат кетет, башына мүшкүл түшөт. Калк моралдык жактан ыдырайт, чыр-чатак ырбап, ыймансыздар көбөйө баштайт:
Башка сая бак бол деп,
Кара жүрбөй, ак бол деп
Калк ичинде шумдук кеп
Ушул кепке сак бол деп
Көрө албай жүргөн көөсөр бар,
Бата албай жүргөн байкуш бар,
Өтө албай жүргөн өксүк бар,
Жете албай жүргөн жезит бар (Сагымбай Орозбаков, 2.

Эпосто чагылдырылгандай, мына ушулардын бардыгы элди башы-көзүнө карабастан аябай эзүүдөн гана келип чыгып олтурат. Ж. көрүнүштөр, ал тууралуу ойлор, түшүнүктөр эпосто дайыма терс каармандардын (Алооке, Нескара, Коңурбай, Жолой, Канчоро, Чынкожо жана башкалар) кылган иштеринде, кылык-жоруктарында, келтирилген зыяндарында даана чагылдырылган. Алардын турган турушу: басып алуу, өлтүрүү, зордуктоо, алдоо, аксымдык, жүзү каралык, ашынган катаалдык, каардуулук, ырайымсыздык, мыкаачылык, зөөкүрлүк, митаамдык жана башкалар Макел дөө сыяктуу жалгыз көздүү да, Шыпшайдар сыяктуу мерген да душмандык көрүнүштөрү менен биринчи кезекте Ж-ты айгинелеп турушат.
Моралдык Ж-тын орчундуу жагы — жамандык кылуу. Ал дилинде жакшылык кылууга карама-каршы аракет. Ал — кылмыш, болгондо да ыймандыктын ыйык талабына, гумандуулук менен адилеттүүлүктүн принциптерин тебелеп-тепсеген кылмыш. Эпосто булар көбүнчө кара ниеттик, чыккынчылык, кара мүртөздүк, бузукулук, арамзалык кылган Манастын аталашы Абыке, Көбөш, Чыйбыт, Кочкор, Адыбай, Көлбай сыяктуу алты арамдын кылмыштарында, кылык-жоруктарында таасын көрсөтүлгөн. Ушундан келип «арам» деген түшүнүк эч качан моралга сыйбаган нерсе катары кабылданат. Эпосто кырк чоронун жакшылыкты унутушу, «Манастын тузуна сийгендик» катары айыпталат. Жашоодо нандын, туздун эң зарылдыгы алардын улук, ыйык болушун шарттаган. Демек, нанга, тузга шек келтиргенчелик жолго барган адам каргышка калып, эч жакшылык көрбөйт. Ушул сыяктуу этикалык, моралдык түшүнүктөр эпосто көп кырдуу жана терең маанилери менен айырмаланат. Алардан дайыма «жамандыкты амандык жеңет» деген эртеңки, турмушка, жашоого умтулуу ачык сезилип турат.
О. Исмаилов

жамандык

 
evil [‘иивл];
mischief [‘мисчиф]

жамандык

 
[canlandık]
kötülük, şer

жамандык

 
жамандык, жамандыгы,
жамандыкка жамандыкты көзүң көрбөсүн

жамандык

 
зат. Кыянаттык, тоскоолдук, кара ниеттик; кырсык, өлүм. Токтор аксакал өмүрүндө бирөөгө жамандык кылып көргөн эмес (Абдукаримов). Уруя ага жамандыкты ыраа көрбөйт (Байтемиров). Керээз жетим көрбөгөн жамандык калбады (Токтогул). Эми :балдардын жамандыгын көзүм көрбөсүн.. дейт [ чоң эне] (Сыдыкбеков).


Хотите добавить свой перевод для слово: "жамандык"? Ввойти


Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук:
Language:
Кыргызские пословицы и поговорки с переводом на русский язык
Онлайн - рег.= = =
Рейтинг@Mail.ru