Меню
Эл-Сөздүк

ДУБА

ДУБА (арабча чакырык, өтүнүч; сыйынып табынууда айтылчу сөз) — өлгөн адамга же башка бир диний жөрөлгөлөргө, ырым-жырымдарга байланыштуу жакшылык тилекти, көңүлдү билдирүү иретинде окулуучу бата ырымы. Д. сыйкырлоо маанисинде да колдонулат. Эпосто кудайга, табигый кубулуштарды башкаруучу сыйкырдуу күчтөргө кайрылуу маанисинде арбын кезигет. «Тескери дуба нече окуп... Калмакча дуба жат окуп» (Сагымбай Орозбаков, 4. 158) Алмамбет жоого каршы жайчылык кылат. Д. окуу мейман тосуу салт- каадасынан да орун алган: «Астына даам койгон соң, Аш-тамакка тойгон соң, Алакан жазып кол ачып, Дуба кылып болгон соң» гана Бакай карыя Ажыбай менен Серектен келген жөн-жайын сурайт (Сагымбай Орозбаков, 4. 118). ДУГУЛ — этноним. Сагымбай Орозбаковдун варианты боюнча Көкөтөйдүн ашына чакырылган элдердин биринен. Бокмурун жаш Айдарга Мааникерди мингизип, күн чыгышта Күбө деген жерди жайлаган Д. деген элди кошо айтып чакыртканы эскерилет.

дуба

дуба (дува эмес) (дин.)
дуба байлоо
дуба кылуу
дуба окуу

Дуба

Дуба – мусулман дининде ар иштин башталышына, жүрүшүнө, бүтүшүнө Алладан жардам, ырайым, боорукерчилик, мээрмандык ж.б. сурап кайрылуу. Д. өлгөн адамга карата куран түшүрүү, куран окуу, бата берүү менен иш жүзүнө ашырылган. Динге ишенгендер, кырсыктап иштери илгерилебегендер Д-ны кереметтүү күч катары карашып, молдо чакырып, куран окутушкан (Кыргыз тарыхы. Энциклопедия. – Б., 2003. 166-б.).

дуба

зат. дин. 1. Өлгөн адамдарга куран окуп, бата кылуу. Алакан жайып, дуба окуп, Далайдыналган жоргосун (Осмонкул).
2. Ар кандай максатка ылайык дем салуу ырымы.
Дубай салам — кат аркылуу жиберилген салам, салам кат.
Основные характеристики
Часть речиИмя существительное
Ед. числодуба
Множ. числодубалар
Склонение по падежам - "дуба"
Ед. число
ПадежиЕд. число
Именительный Кто?, Что?дуба
Родительный Чей?дубанын
Дательный Кому?, Чему?, Кому?, Куда?дубага
Винительный Кого?, Что?дубаны
Местный Где?, У кого?дубада
Исходный Где?, У кого?дубадан
Множ. число
ПадежиМнож. число
Именительный Кто?, Что?дубалар
Родительный Чьи?дубалардын
Дательный Кому?, Чему?, Кому?, Куда?дубаларга
Винительный Кого?, Что?дубаларды
Местный Где?, У кого?дубаларда
Исходный Откуда?, От кого?дубалардан

Также найдены следующие похожие слова на Кыргызском языке
strtoupper(KG)


Похожие слова на других языках:

RU
Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук: