Э-создук - мультиязычный онлайн словарь  
+ Добавить слова для перевода
ВходРегистрация
через соц. сети
<->
 
Яндекс переводчик <->
История Ваших переводов:
 
 
История/закладки
Онлайн инфо/переводы
Онлайн переводчик
Найденные
Перевод/результат для - балык
 

балык

 
рыба;
ит балык голец (рыба);
көк чаар балык осман голый (рыба), форель;
күндө калган балыктай беспомощный (букв. как рыба на солнце);
балык эт см. эт I;
эки арканын балык эт, туу коёндун жонундай фольк. спинные мускулы его подобны спине яловой (т.е. жирной) зайчихи;
балыкка тил, дөңгөчкө жан киргизе турган адам человек красноречивый и мудрый (букв. человек, дающий рыбе язык, чурбану - душу);
балык ооз то же, что чымчуур.

балык

 
рыба

балык

 
  • fish
  • pisces
  • БАЛЫК

     
    БАЛЫК — топоним. Эпосто кыргыздар менен коңшу жашаган Ооган мамлекетинин чоң шаарларынын бири катары сүрөттөлөт. Сагымбай Орозбаковдун вариантында «Бадакшан менен Балыкты, Башкы атасы бир бөтөн, Баары тажик калыкты», — деп эскерилет. Б. тарыхта орчундуу соода борбору катары белгилүү болгон. Ошондой эле эпосто «Балкы тон» деген термин да айрым учурда кезигет. Бул ошол Балх шаарынан жасалган тон кымбат баалуу болгондугу менен өзгөчөлөнүп турган.
    Географиялык реалияда Ооганстандын түндүк батышындагы Балх шаары.

    БАЛЫК

     
    БАЛЫК (Бекмурат Кумар уулу, болжол менен 1793)— манасчы. Өз заманында чоң манасчылардын бири катары эл арасында кеңири белгилүү болгон. Өз аты Бекмурат, Б — эл тарабынан коюлган ылакап аты. Кумар сарыбагыш уруусунун ичинен чоңчарык деген кедей уруктан чыккан. Кумар туугандары менен Чүй өрөөнүнөн Таласка көчүп кетишет — Бекмурат Таласта төрөлөт. Атасынан эрте ажыраган Бекмурат күндөлүк оокат үчүн жергиликтүү байларга жалданып күн көрөт. Б. эл жомокторун, ырларды жана «Манасты» 13—14 жашынан баштап айыл арасында айта баштаган. 20 жашка чыкканда кадимкидей жамактап чоң топко ырдап чыккан. Ал да салт боюнча «Манас» айтып калуусун түш көрүүгө байланыштырган. Б. жаш кезинде Намангенге мал айдап баратканда жаанга калат. Жаандан коргологон Б. Манастын күмбөзүнө баш калкалап, чарчаган неме уктап кетип, түш көрөт. Б-ка түшүндө Манас баатыр кырк чоросу менен келип, өздөрү жөнүндө айтып жүрүүгө, ал түгүл Намангенге чейин минип барууга атайын ага «тору кунан арнап берет». Манас берген мингичти Б. мал айдап кетип бараткан жолунда Кабак деген жерден таап алат. Б. кийин «Манасты» айтып калган себебини эң негиздүүсү катары ошол күмбөзгө түнөгөнүн себеп кылып, көп эскерип жүргөн. Ошентип, биринчи жолу Б. «Манасты» Наманген шаарынын Кушбегинин астында айтат. Ал «Манасты» ушунчалык берилип айтканын жогору баалаган Кушбеги баалуу сыйлыктар менен сыйлап, таластык манаптарга жакшылап көз салып, урматтагыла деп кат жазып берет. Ошондон тартып ал урмат-сыйга бөлөнүп, эл астында «Манасты» айтып жүрөт. Б-тын манасчылык даңкы элге кеңири жайыла баштаганда, солтонун белгилүү манабы Байтиктин экинчи жолку чакыруусу менен Чүйгө көчүп келет. Б. 75 жаш курагына келгенде Байтик дүйнөдөн кайтат. Улгайып калган Б. Кочкорго туугандарына көчүп барып, үч жылча жашап калат. Б. Кочкордо турганда он жаштагы Шапак Рысменде уулу менен кездешет. Б-тын улуу мурасын, айтуу чеберчилигин үйрөнө баштайт. 75 жаш курагында да Б-тын бетине бырыш түшпөгөн, кыпкызыл болуп, үнү жаш кезиндегидей шаңкылдап бийик чыга тургандыгын Шапак эскерет. Үч жылдан кийин ал Кочкордон кайра Чүй өрөөнүнө көчүп келет да 80 жаш курагында кайтыш болот. Анын сөөгү Байтиктин жанына, Боз-Бөлтөктүн этегине коюлат. Анын чыгармачылыгын кылдат карап көрсөк үч түрдүү багытта өнүккөндүгү байкалат. Б-тын биринчи негизги кесиби «Манас» айтуу болгон. Экинчи орунда жамактап ырдоо, ырчылык кесиби турган. Ал эми аксакалдар менен отурганда же тар чөйрөдө санжыра айткан. «А дегенде үч чай кайнам айтсам, кийин үч айга чейин айтсам түгөнбөдү» деп чыгармачылыгы күчөп, атагы алыска кеткен мезгилди айткан экен. Балык манасчы «Манас» айтканда аккан суудай шар кетип күнү-түнү айта берчү, — деген эл сөзү чын сезилет. Ал эми Б-тын өзүнүн сөзүнө караганда «Манас» эпосу эки бөлүмдөн турган: биринчи бөлүмүндө «Манастан» мурдагы кыргыз тарыхы, ал бөлүм «Оторхан» аталат: экинчи бөлүмү Манастын окуялары. «Манас» бөлүмүндө катагандын кан Кошой, Бокмурун кан, Коёш кан, Жүгөрү кан, Үрпү кан, Музбурчак, Жамгырчы, Айдаркан, Көкчөкан, Буудайыккан жана башкалар баяндалган. Бирок Б-тын «Манасты» кимден үйрөнгөндүгүн далилдөөчү так материал жок. Ошондой болсо да жомокчулугун түш көрүү менен байланыштырган Б. «Манасты» өзүнөн мурункулардан укканын жокко чыгарууга болбойт. Ага түрдүү жерден жыйналган «Манастын» варианттарынын ортосундагы жалпылык Б-тын вариантында да бардыгы далил болуп турат. Экинчиден, жазгыч акын, манасчы бир чети эл оозеки чыгармасын эң сонун билген Тоголок Молдонун маалыматына караганда Б. «Манасты» Ноорустан уккан сыяктуу. Анын айткан «Манасындагы» байыркы замандан бери келе жаткан салттык өзөк окуяларды сактап жолун жолдоп, чыгармачылык үлгүсүн уланткан шакирттери Шапак Рысменде уулу менен Сагымбай Орозбак уулу болгон. Уулу Найманбай да атасынан манасчылык кесипти үйрөнүп, эл арасына манасчы катары таанылган Найманбайдын айтуусунда Б-тын варианты боюнча айрым эпизоддордон үзүндү биздин күнгө жеткендигин айтууга болот. Мисалы, «Таласты мактоо», «Манастын кээ бир кийимдери», «Манастын күмбөзү» жана башкалар Б-тын вариантына таандык үзүндүлөрдү 1923-ж. К. Мифтаков Таластын Кең-Кол жана Улуу-Төр жайлоосунда Сулайман Рыскулбек уулунун аткаруусунда жазып алган. Сулайман бул үзүндүлөрдү Б-тын уулу Найманбайдын өз оозунан угуп үйрөнгөн экен. Бул эпизоддук үзүндүлөр Кыргыз ССР ИАсынын КФде 1838-номерлүү инвентарь китепчесинде сакталуу турат. Эл арасында Б-тын белгилүү акындар, мисалы, Айтике акын менен болгон айтышы да жогоруда эскерилген фондунун 312-номерлүү инвентарь китепчесинде сакталууда.
    Р. Кыдырбаева

    балык

     
    fish [фиш]

    балык

     
    [balık]
    balık

    балык

     
    balık.

    балык

     
    балык, балыгы, балыкка
    балык ооз
    балык өнөр жайы
    балык көз (сайма көчөт) (диал.)
    балык питомниги
    балык уну
    балык уулоо
    балык чарбасы

    балык

     
    зат. Сууда сүзүүгө ылайыкталган канатчалары, куйругу бар, бакалоору менен дем алуучу омурткалуу суу жаныбары. Балыктын өмүрү сууда (макал).
    Балык жон к. жон.


    Хотите добавить свой перевод для слово: "балык"? Ввойти


    Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук:
    Language:
    Кыргызские пословицы и поговорки с переводом на русский язык
    Онлайн - рег.= = =
    Рейтинг@Mail.ru