Menu
Эл-Сөздүк

бадана

(в эпосе) панцирь, кольчуга;
бадана тон боевое одеяние;
ичи жибек, тышы бөз, кош бадана торгой көз фольк. подкладка шёлковая, верх из маты (см. бөз), двойной панцирь с мелкими (букв. как глаз жаворонка) колечками;
бадана шым боевые штаны (с панцирной защитой);
баданадай балкылдап, тийген айдай жаркылдап фольк. (о красавице) двигаясь мягко, как переливы панциря, и блистая, как лунный свет.

БАДАНА

БАДАНА (иранча дене, бой) — эпосто жоокерлер кийүүчү зоот, кээде баатырлардын сырт кийими маанисинде колдонулуп, ок өтпөгөн Б. тон же кош Б. деп да берилет:
Жакасы алтын, жеңи жез,
Кош бадана, торгой көз
Келеме жака, кең күрмө,
Керишке кийсе ок өтпөс (Курама варианты, 2. 111).

Айрым учурда чың Б. деп берилет: «Чыйырчык алтын чымчык көз Чың бадана торгой көз» (Курама варианты, 2. 51). Б. алтын зымдан (чынжырлардан) турган зоот кийим экендигин төмөнкү саптардан жоромолдоого болот:
Торгой көзү жыбырап
Тоок көзү быжырап,
Машаанын мурду батпаган,
Чиркейдин мурду өтпөгөн (Курама варианты, 2. 51).

Кыргыз фольклорунда Б. шым деген да согуштук кийим кезиккенден улам Б. деп ичке металл зымдан жасалган чынжырчалардан турган зоот кийимдер белгилениши мүмкүн.
И. Молдобаев

бадана

бадана (соот кийим) (эск.)

бадана

зат. эс. Ок өтпөс тон, баатырлар кийүүчү соот. Калайык байы Көкөтөй Баданадай тон кийип, Баа жеткис тулпар ат минип («Эр Төштүк»).

Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук: