Э-создук - мультиязычный онлайн словарь  
+ Мага котормо керек
КирүүКатталуу
Соц. тармактар аркылуу кирүү
<->
 
Яндекс переводчик <->
Сиздин котормолоруңуздун тарыхы: путешествовать РАВНЫЙ чалмакейленүү аманат салым долбоор тандалма (тандап алма) сурам Репатриация займов Работодатель Единичная эластичность озондот- нагыз бюджет йота орточо символдор ортосундагы аралык Кабальная зависимость айырмалык Бар болсо ЛАКАТЬ Белгиленгендер боюнча чыпка accordantly аукционист
 
 
Мурунку которуулар
Онлайн маалымат/котормолор
Online Котормочу
Найденные
Табылгандар/Натыйжа для - багыш
     

    багыш

     
    багыш I
    лось (это слово сохранилось только в названиях родов и в именах личных);
    сары багыш жёлтый лось;
    чоң багыш большой лось;
    ак багыш белый лось;
    кара багыш чёрный лось;
    үч багыш три лося.
    багыш II
    и. д. от бак-IV;
    жан багышка бул жер ылайык для жизни (для обеспечения пропитанием) это место подходящее;
    мал багыш
    1) пастьба;
    2) разведение скота.
    багыш- III
    взаимн. от бак- IV;
    атышар жоосу кайда деп, ар тарапка багышып фольк. они пристально смотрели по сторонам, высматривая врага, чтобы перестреливаться;
    багышты карындашын чүйгүн этке стих. кормили они младшую сестру жирным мясом;
    бекер басып жүрүшпөй, колхоздун малын багышкан стих. они не болтались зря, ухаживали за колхозным скотом;
    ай айга багышат, күн күнгө багышат южн. месяцы проходят за месяцами, дни проходят за днями.

    багыш

     
    лось

    багыш

     
  • elk
  • moose
  • БАГЫШ

     
    БАГЫШ — кейипкер, Толтойдун атасы. Жедигер уруусунан чыккан баатыр, акылман, нарк билги адам. Манас төрөлгөндө берилген тойдогу ат чабышта Б-тын Суркийиги баш байгени алат. Ошондо Б. байгенин жылкы, койлорун Жакыптын өзүнө кайра берип, «беш жүз кызыл нарын», «эки төө алтын зарын» элге тараткан (Сагымбай Орозбаков, 1. 81—82). Эпостун мындан башка да көптөгөн окуяларында кыргыздын уруу башчыларынын бири катары катышат (Сагымбай Орозбаков, 2. 276— 277; 3. 53, 57, 60,101 — 104,137, 177, 268, 278).

    БАГЫШ

     
    БАГЫШ — эпизоддук кейипкер, Байжигиттин уулу. Алмамбетке каршы уюшкан Көкчөнүн тегерегиндеги бузукулардын бири (Сагымбай Орозбаков, 2. 243).

    БАГЫШ

     
    БАГЫШ — этноним. Байыркы кыргыздын бир уруусу:
    Кара калпак үйшүн бар,
    Каңыры, тейит, багышы,
    Канча журтка угулган,
    Кара кыргыз дабышы (Сагымбай Орозбаков, 3. 15)

    делип көп уруулар катышкан чоң-чоң окуяларда эскерилет.


    БАГЫШ

     
    БАГЫШ Сазан уулу (1878, азыркы Жумгал району, Кара-Суу айылы — 1958, ошол эле район, Кызыл-Туу айылы) — манасчы. «Манастын» үч бөлүмүн тең айткан. Б-тын атасы Сазан сөзмөр, уламачы, усталык кесип кылган адам болгон. «Манасты» Б. башка манасчылардай кесип кылып эл кыдырып айткан эмес. Чакырылган жерлерге гана анда-санда барып айткан. Б-тын манасчы болуп калганына жакын тууганы Байбагыш Жакып уулунун (1914-ж. ө.) таасири чоң. Байбагыш чоң манасчы Тыныбек Жапый уулунун жээни болуп, жаш чагын ошонун айылында өткөргөн. Улуу манасчынын айылында жүрүп, андан таалим-тарбия алып белгилүү манасчы болгондо өз айылына көчүп барып, Б-тын бүлөсү менен айылдаш жашаган. Байбагыш эл аралап «Манасты» айтканда Б-ты өзү менен кошо ээрчите жүргөн. Белгилүү манасчыны ээрчип жүрүп таалим-тарбия алуу Б-тын талантынын эртелеп ойгонушуна себепчи болгон. Замандаштарынын эскерүүсүндө Б. 17 —19 жашында эл алдында «Манасты» айта баштаган. Б. Сагымбай Орозбак уулунан да «Манастын» айрым эпизоддорун уккан. Ал өзүнүн «Манас» айтып калуусун башка манасчылар сыяктуу эле түш көрүү менен байланыштырса да, чоң манасчылардан таалим алуусу негизги роль ойногон. Адатта көпчүлүк манасчылар өзүнүн негизги репертуары — «Манас» үчилтигинен башка да элдик оозеки чыгармаларга көңүл бура келген, өз алдынча чыгармаларды жаратышкан. Б-тан мындай мүнөз байкалбайт. Ал «Манастан» башка «Жаңыл Мырза», «Түгөлбай» деген элдик чыгармаларды кара сөз түрүндө айткандан башка чыгармаларды аткарганы белгисиз. Б-тан 1938—41, 1949-ж. «Манас» үчилтиги жазылып алынат. Жазуу ишине өзүнүн баласы Мухамед-Садыр жана Абдыраков Токтаалы деген адамдар катышкан. Б-тан «Манас» үчилтигинин биринчи бөлүмүнөн: Жакыптын эгин айдап байыганы жана кан көтөрүлүшү, Манастын төрөлүшү жана балалык чагы, Алмамбеттин келиши, Көкөтөйдүн ашы, Чоң казат жана кичи казат бөлүмдөрү жазылып алынган. Аталган эпизоддордун ичинен «Чоң казат» ырааттуу жазылып көлөмү, окуялардын кеңири баяндалышы жагынан башка манасчылардыкы менен чамалашып барат. Андан жазылып алынган «Манас» башка белгилүү манасчылардыкына салыштырганда көлөмү жагынан чакан, бардыгы 101580 сап ыр («Манастан» 41000 сап, «Семетейден» 55000 сап, «Сейтектен» 5580 сап). Ал азыр өзүнчө жарыялана элек. Б. ««Манасты» айта берсе түгөнбөйт, бирок жаздырып жатканда көп жерлери калып калат экен», — деп айтканына караганда андан профессионал жыйноочулар эмес, жогоруда айтылгандай карапайым адамдар жазып алышкандыктан анын «Манасынын» көп эпизоддору жазылбай же жазылгандарынын бир кыйласы схема, фрагмент түрүндө берилген. Манасчы «Көзкамандардын окуясынан» башка салттык окуяларды толук айтып келгенин аны менен бирге жүрүп «Манасын» такай уккан замандаштарынын эскерүүлөрү ырастайт. Б-тын варианты сюжеттик нугу жагынан манасчы Сагымбай Орозбак уулунун жана Тоголок Молдонун варианттарына жакын. Бул мыйзам ченемдүү көрүнүш. Эл өз кезегинде өтө белгилүү манасчы Тыныбек Жапый уулуна: «Сизден кимдер таалим-тарбия алды» — деп сурашканда, «Менден да үйрөнүп, сурап алып, жазып алып жүргөндөр бар. Алар кимдер дегенде: Сагымбай, Калыгул, Тоголок Молдо, Касымбай, Байбагыш, Кожомберди, Доңузбай, Жакып жана башкалар бар» — деген. Б. чоң манасчылардын ичинен жалгыз Сагымбай Орозбак уулуна жолугуп айрым таасирлерди алышы да бул жакындыкты, окшоштукту бекемдеген. Б-тын варианты Сагымбай Орозбак уулунукуна жакын болушунун себебин экөө бир мектептин өкүлү экендигинен гана көрүү бир жактуулукка алып келет. Варианттар ортосундагы жакындыкка, окшоштукка башка кырдаалдар да себеп болушу мүмкүн. Б-тын вариантында Манастын атасы Жакыптын дыйканчылык кылып байышы башка варианттардан кыйла айырмаланып турат. Бул эпизоддун кеңири сүрөттөлүшүнөн Б-тын өзүнүн өмүр бою дыйканчылык, устачылык менен кесип кылып келиши да түрткү болгон. Б-тын кесибине таандык мындай мүнөздүүлүк анын вариантында курал-жарактардын жасалышын сүрөттөгөн жерде ачык көрүнөт. Жоо куралдарынын, жарак-жабдык, кийимдердин кандайча жасалганы анын айтуусунда деталдуу, көркөм сүрөттөлүп, бул иш менен терең тааныштыгы даана байкалат. Мисалы, Манастын Сырнайзасы мындайча сүрөттөлөт:
    Колундагы сыр найза
    Сары карагай кыйдырган,
    Саратанга жыйдырган,
    Күрөтүп кумга көмдүргөн,
    Сегиз ай чаап кырдырган,
    Сексен түрдүү сырдырган,
    Чарайна менен чаптаган,
    Сынып кетме болот деп,
    Пил терисин каптаган,
    Коло менен чырмаган,
    Тийген жери ырбаган,
    Кош кара кыл тактырган,
    Душманды көздөй бактырган,
    Колго жылуу болсун деп,
    Кой макмал менен тыштаган,
    Уңгусу болот, учу курч,
    Учуна салган кара курч,
    Соот бузаар, бөрү тил
    Карагайдын жармасы,
    Ак болоттун кыймасы,
    Темирди сайса тешүүчү
    Нечен теңирсиген дөөлөрдү
    Тебетей сайган немедей,
    Тегеретип кетээр деп,
    Дөөгө ажал жетээр деп,
    Өзү соот бузаар бөрү тил (Багыш Сазановдун варианты, Кол жазмалар фондусу, 1079-инв., 106-б.).

    Манасчынын курал-жарактын жасалышына айрыкча көңүл бурушу жоо куралын баяндаган жерлеринде да ачык көрүнөт. Көпчүлүк манасчыларда Манасты чаап жарадар кылган Коңурбайдын айбалтасына ачык көңүл бурулбайт. Б-та Манастын аты аярлар аркылуу кытайларга белгилүү болгон күндөн тартып аны өлтүрүүчү айбалта жасала баштайт да «Манас алтымыш жашка чыкканча» бүтпөйт. Анын жасалышына да кеңири сүрөттөө берилет:
    Уудан курап чыгартып
    Уй майына сугартып,
    Кумтуйта согуп көк темир
    Уу чылатып алдырып,
    Уу челекке салдырып
    Таштатып койгон жайына
    Аскар тоонун боюна,
    ...Анын сугаты уба май болгон,
    Аны көрөм деген көп элдин
    Көзү соолуп жай болгон (Багыш Сазановдун варианты, Кол жазмалар фондусу, 1079-инв., 81-82-б.).

    Манасчы эпосту айтууда өзүнө тааныш, жакын көрүнүштөрдү ишенимдүү, көркөм сүрөттөгөн. Мындай өзгөчөлүк жалпы манасчыларга мүнөздүү. Б-тын вариантында Жакып Баба-Дыйкандын жардамы менен мол түшүм өстүрүп, байыйт. Башка варианттарда да эпостун каармандары дыйканчылык кылышат. Сагымбай Орозбаковдун вариантында кытайлар тарабынан сүрүлгөн Үсөн (Көзкаман) барган жеринде дыйканчылык кылып ирденет. Саякбай Каралаевдин варианты нда атасына таарынган Манас үйүнөн кетип, ай талаада Баба-Дыйканга жолугуп ортоктошуп эгин айдап мол түшүм алып, аны сатып Аккулага ээ болот. Башка варианттарда Алтайга сүрүлгөн мал-мүлксүз Жакыптын тез эле бай болуп кетиши мотивделбей, түшүнүксүз болсо, Б-тын вариантында жарды кишинин дыйканчылык кылып, аябай эмгектенүүсү менен баюусу өзүн логикалык жактан актап, эпосто мурдатан орун алып келе жаткан эпизоддордун бири экенин тастыктайт. Б-тын вариантында Манастын балалык чагы башка варианттардан айрым мотивдер, деталдар боюнча айырмаланат, бирок окуянын жалпы жүрүшү анчалык өзгөчөлүктөргө ээ эмес. Ошондой болсо да колдо бар варианттардын эч биринде жолукпаган Чыйырды эл кыдырган аксак боз кемпирдин кара кызы болушу сыяктуу кызыктуу деталдар жолугат. «Манас» эпосунда бул мотив сейрек кездешкени менен дүйнө элдеринин оозеки чыгармаларында салттык мотивдердин бири. Каарманды демократиялаштыруу максатында көпчүлүк чыгармаларда анын тегин эл ичинде эң жарды адам кылып көрсөтүү жолугат, муну менен чыныгы элдик баатыр элдин терең катмарынан чыгат деген ой берилген. Б-тын вариантында сюжеттин нугу башкалардыкынан айрым деталдары, мотивдери боюнча айырмачылыкка ээ болгону менен элдик оозеки чыгармачылыктын салттарынын чегинен чыкпайт. Кайра аны сактап, колдон келишинче өз шыгына жараша бардык эле манасчылардай пайдаланууга аракеттенет, мурдатан калыптанып, эл ичине кеңири сиңген «Манаска» анын алымча-кошумчасы ошол элдик оозеки чыгармачылыктын салттарынын эсебинен болот. Ар бир айтуучу өз доорунун өкүлү, дүйнөгө ошол доордун көз карашы, ишеними, түшүнүгү менен карайт. Башка варианттарда кытай кандары жоо келип шашылыш болгондо бири-бирине кабарды укмуштуу канаттуу жаныбар аркылуу жиберет. Бул образдар мифологиянын кыртышында жаралып көп элдерде (мисалы, Түштүк-Сибирдеги түрк-моңгол элдеринде) кеңири тараган. Ал эми Б.:
    Карагайдын башында
    Катырып койгон чыны бар,
    Алты айчылык жолдордон
    Аш бышымда тил алган
    Чочконун (Коңурбайдын — Р. С.)
    Ар кандай болгон зымы бар,
    Айта турган эби бар,
    Асман менен сүйлөшкөн
    Тилипон деген кеби бар,

    — деп өзү үчүн анча түшүнүксүз болгон мифтик образды кыргыз эли кечээ 19-кылымдан тартып тааныша баштаган телефон менен алмаштырган. Буга окшогон модернизациялоо кеңири орун алганын телефондон башка да телеграмма, замбирек, тапанча, алты атаар, пагон (чинди көрсөткөн белги), ок-дары салынган араба жана башкалар терминдердин киришинен байкоого болот. Бүгүнкү күндө Аккелте, дүрбү, Манастын башка жоо куралдары сырнайза, айбалта, ач албарстай эле мааниге ээ. Аларсыз Манасты элестетүү кыйын. Бирок найза, кылыч, айбалта сыяктуу байыркы куралдарына салыштырганда, алда канча кийин, кыргыздар жогорку цивилизациялуу элдер менен байланыша баштаганда гана мылтык, дүрбүдөн кабардар болушкан. Алардын «Манаска» кириши өз учурунда модернизациялык көрүнүш болгон. Бирок мындай кошумчалардын, толуктоолордун, модернизациялоонун бардыгы эле эпостон туруктуу орун алып жашап кете бербейт. Анын идеялык көркөмдүк түзүлүшүнө зыян келтирүүчү кошумчалар, модернизациялоолор сырткы таасирдин күчтүүлүгүнө карабастан элдик эпоско сиңип, биротоло жашап кете албайт. Акыркы кылымдарда Кыргызстанда мусулман дини таркалышына байланыштуу, кээ бир башка варианттардагыдай эле Б-та да айрым мотивдерге исламдын тийгизген таасири байкалып, элдик баатырлардын образын «мусулмандаштыруу», аларды дин идеологиясына ылайыкташтырып көрсөтүүгө аракеттер кездешет. Айтуучунун жеке көз карашынын чектелгенине, мусулман дининин таасирине карабастан эбактан эл ичинде калыптанган элдин эркиндиги, биримдиги тууралуу идеяны негизги багыттоочу нук кылып алган «Манас» эпосу бул вариантта да өзүнүн негизги нугунан ооп кетпеген, жогоркудай сырттан киришүүлөр үстүрттө калган. Үчилтиктин экинчи бөлүмүнүн башы 1941-ж., ал эми анын аяк жагы жана үчүнчү бөлүмү 1949-ж. жазылган. Бул эки бөлүм үчилтиктин биринчи бөлүмүнө караганда ырааттуу жазылып, аларга мүнөздүү салттык окуялар толук камтылган. Б-тын «Семетейи» башка манасчылардай Каныкейдин Темирканга тентип барышы, эр жеткен Семетей Сарытаз менен таанышышы жана андан ата-тегин угушу, Таласка келиши, Темиркандын шаарынан Каныкейди көчүрүп келиши, Чынкожо, Толтойдун чыры, Айчүрөккө үйлөнүшү, Коңурбайдан атасынын кунун куушу, Семетейдин Канчоро, Чачыкейдин чыккынчылыгы менен Кыястан өлүшү сыяктуу окуялардан турат. Башка семетейчилерде кыскача берилген Семетейдин Үмөтөй менен чыры Б-та өзүнчө атайын эпизод катары айтылат. Анын айтуусунда Сейтектин төрөлүшүнөн тартып эр жетип Кыястан өч алып, элине кайра келип кошулушуна чейинки окуялар негизинен «Сейтекке» мүнөздүү салттуу сюжеттик нукту сактайт. Мындан тышкары Сейтектин Айчүрөктүн сиңдилеринин бири Орозкандын кызы Гүлнарга үйлөнүшү, Коңурбайдын уулу Куялы менен согушу өзүнчө кыска эпизоддор катары берилет. Улуу Манасчылар Сагымбай Орозбак уулу, Саякбай Карала уулуна салыштырганда Б-тын варианты окуялары чектелүү, кээ бир эпизоддор схема түрүндө кыска баяндалып, катышкан каармандары, эл-жер аттары аз санда болуп, көркөм каражаттарды пайдаланууда айрым мүчүлүштүктөрдүн орун алганына карабастан, эпопеянын үч бөлүгүн тең өзүнө толук камтыган, эпостун элдик идеясын негизинен сактаган, көп жагынан өз алдынчалыкка эгедер болгон белгилүү варианттардын бири.
    Р. Сарыпбеков

    багыш

     
    elk [элк]

    багыш-

     
    багыш- (кош м.)

    багыш

     
    багыш (багуу)

    багыш

     
    багыш (бугу)

    багыш

     
    I зат. Бугунун бир түрү.
    БАГЫШ II бак этишинин кош мамнлеси.
    Негизги мүнөздөмөлөрү
    Сөз түркүмүЗат атооч
    Жекелик санбагыш
    Көптүк санбагыштар
    Жөндөлүшү - "багыш"
    Жекелик сан
    ЖөндөмөлөрЖекелик сан
    Атооч Ким? Эмне?багыш
    Илик Кимдин? Эмненин?багыштын
    Барыш Кимге? Эмнеге?багышка
    Табыш Кимди? Эмнени?багышты
    Жатыш Кимде? Эмнеде?багышта
    Чыгыш Кимде? Эмнеде?багыштан
    Көптүк сан
    ЖөндөмөлөрКөптүк сан
    Атооч Кимдер? Эмнелер?багыштар
    Илик Кимдердин? Эмнелердин?багыштардын
    Барыш Кимдерге? Эмнелерге?багыштарга
    Табыш Кимдерди? Эмнелерни?багыштарды
    Жатыш Кимдерде? Эмнелерде?багыштарда
    Чыгыш Кимдерден? Эмнелерден?багыштардан


    Хотите добавить свой перевод для слово: "багыш"? Ввойти


    Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук:
    Language:
    Кыргызские пословицы и поговорки с переводом на русский язык
    Онлайн - рег.= = =
    Рейтинг@Mail.ru