Э-создук - мультиязычный онлайн словарь  
+ Добавить слова для перевода
ВходРегистрация
через соц. сети
<->
 
Яндекс переводчик <->
История Ваших переводов:
 
 
История/закладки
Онлайн инфо/переводы
Онлайн переводчик
Найденные
Перевод/результат для - ал
 

ал-

 
II. gain [гэйн];
get [гэт];
obtain [об’тэйн];
receive [ри’сиив];
take [тэйк]

ал-

 
ал-
ала кач-
ала качкы (алагачкы,
алакачкы эмес)
ала качма (алагачма,
алакачма эмес)
алар-албас
ала сал- (тез ал-)
ала сала (тез)
ала элек (алелек эмес)
алды-берди
алдым-жуттум
алдын ала
алып ал- (алывал- эмес)
алып бар-
алып жулуп
алып кал-
алып кач-
алып кел-
алып сатар (алыпсатар
эмес)
алып сатарлык

ал

 
ал I
см. алд.
ал II
он, тот (конечный "л" иногда сохраняется только в им. п., в остальных падежах выпадает или
переходит в "н"; анын род. п., ага, аа, аган дат. п., аны вин. п., анда местн. п., андан исх. п.);
аныңар ырас в этом вы правы;
аны менен с ним;
ал эмес не он; не тот;
ал жерде там; в том месте;
аа кандым дебес он не скажет, что этим удовлетворён;
аны менен бирге вместе с ним; вместе с тем; одновременно с тем;
ан үчүн или анын үчүн для него, для того; потому, по той причине;
ансыз без него, без того;
ансыз да берем я и без того дам; я и так дам;
аган чейин до того; тем временем;
анысы то его (ему принадлежащее); тот из них;
анысы да эчтеме эмес и это бы (у него) ещё ничего, ещё туда-сюда;
аным тот мой, то моё;
аным чын то, что я сказал, правда;
аны-муну (им. п.) то-сё; кое-что; всякая мелочишка;
ачып көзүн жумганча, аны-муну кылганча (или дегиче) фольк. (стереотипное выражение) в мгновение ока (букв. пока откроешь и закроешь глаза, пока то-сё сделаешь или скажешь);
аның тот твой, то твоё;
анысы аны менен бүтсүн или анысы ал болсун или ал - ал болсун допустим, что это так (но...); ладно, пусть это будет так (но-...);
бирок аа Темирдин көзү жетти но Темир понял это;
адам баласы аа эмине дебес! что (только) человек не скажет об этом!;
анан?
1) или аманчы? а как же иначе?, ну, а то!, конечно же так!;
2) ну, а дальше?
ал тургай см. тур- II 10.
ал III
ар.
1. сила, мощь;
бөрү карыса да, бир койлук алы бар погов. у волка, даже если он состарится, на одну овцу силы хватит;
алы аз слабосильный;
алым кетип турат я чувствую слабость;
ал жок, абдан айыга элекмин сил нет, я ещё не совсем поправился;
алдан тай- см. тай- V;
2. положение; состояние;
алы жаман он в плохом состоянии; у него скверное положение;
жаман алга түштүм я попал в скверное положение;
ал-абал см. абал II;
алыбы?! где у него силы?!, где уж ему!, разве он сможет?!;
балбандардын баарысы макул дебес алыбы! фольк. разве же смогут богатыри не согласиться!;
тилине алы жетпейт или оозуна алы жетпейт он невоздержан на язык;
жан алы калбай кубанды он очень обрадовался; он был вне себя от радости;
жан алы калбай жалынат он усиленно просит, он умоляет.
ал- IV
1. брать, взять;
катын ал- взять жену, жениться;
алган эри жарашса, кара катын ак болот погов. когда муж хорош, то чёрная жена станет белой;
алган
1) взявший;
2) этн. муж; жена;
алганым
1) взятое мною; то, что я взял;
2) этн. мой муж; моя жена;
алганың
1) взятое тобой;
2) этн. твой муж; твоя жена;
канчалык жаман болсо да, алганыңдан сүрдөйсүң фольк. как ни плох твой муж, ты всё же перед ним робеешь;
алганы менен тең карысын! пожелание новобрачным пусть (молодые) состарятся одновременно!;
тамактан башын алып подняв голову от пищи;
тырмак ал- подстричь ногти;
алып кет- (в произношении иногда апкет-)
1) увести; увезти; унести;
2) расстроить (желудок); прослабить;
сүт ичимди алып кетти у меня от молока расстроился желудок (букв. молоко расстроило мне желудок);
алып кел- (в произношении иногда апкел-) привести; доставить (сюда); принести;
алып бар- (в произношении иногда алпар-, алар-) отводить; отвозить; относить;
жыйын алып бар- или жыйналыш алып бар- вести собрание;
алып жүр- носить с собой, всегда иметь при себе;
алып бер- (в произношении часто апер-)
1) подать;
2) купить для кого-л.; купить в подарок;
атам мага тай алып берди отец купил мне жеребёнка;
катын алып бер- уст. женить;
алып кал-
1) оставить у себя;
акча барда алып кал получи деньги, пока они есть; купи, пока у тебя есть деньги (пользуйся случаем);
катынын коё берип, баласын алып калды с женой он развёлся, а ребёнка оставил у себя;
2) спасти;
мени өлүмдөн алып калды или жанымды алып калды он меня спас от смерти (напр. о враче);
2. получать; принимать;
кат алдым я получил письмо;
акымды алдым я получнл то, что мне причиталось;
3. покупать;
ат алдым
1) я взял лошадь;
2) я купил лощадь;
4. (о ловчей птице, о собаке) поймать; схватить;
түлкү алган итке сый жок погов. собаке, поймавшей лису, награды нет (это её обязанность);
5. победить;
"алдым кулду" деп, сайды он пронзил (копьём), сказав "я победил" (в поединке);
6. в роли вспомогательного глагола
1) с деепричастие наст. вр. основного глагола выражает возможность (если он в положительной форме) или невозможность (если он в отрицательной форме) совершить данное действие;
чыга аламын я смогу выйти; я смогу взойти, взобраться;
кире аласың ты сможешь войти;
окуй алат он сможет прочитать;
окуй албадым я не мог прочитать;
бара албайсың ты не сможешь пойти;
ала албадың ты не смог взять;
2) с деепричастие прош. вр. основного глагола чаще всего указывает на то, что действующее лицо совершает данное действие для себя или в отношении себя, что результат действия направлен на действующее лицо (в противоположность бер-) или выражает неожиданность действия;
сатып алдым я купил (для себя);
жеп алдым я поел;
окуп алдым я прочитал (для себя);
жүзүн аарчып алды он вытер своё лицо;
жатып алды он улёгся; он завалился спать;
отуруп алды он уселся, он расселся;
таштын үстүнө конуп алып (о птице) сев на камень;
үйдөн кемпирин чакырып алды он вызвал из юрты свою старуху;
төшүнө бир карап алып взглянув на его (или на свою) грудь;
кирип ал- пробраться; забраться;
болуп ал- стать кем-л.;
секретарь болуп алды он стал секретарём;
аскерче кийинип алыптыр он оделся по-военному;
мурутунан жылмайып алды он усмехнулся себе в ус;
сайып ал- уколоться;
тикенек киргизип ал-
1) занозить себе что-л.;
2) уколоть; воткнуть что-л. в кого-л. (нечаянно, неожиданно);
салынуу сарай, салкын жай, түк калбай урап алыптыр фольк. построенный дворец, приятное (букв. прохладное) место, рухнул до основания;
сен бутумду басып алдың ты мне наступил на ногу;
кесип алса, кан чыкпаган если (даже) порезать, (то и тогда) кровь не покажется (такой скряга или такой неподатливый);
ал жантаң-жантаң басып алып, келе жаткан эле он шёл, осторожно ступая и не спеша;
өзү да чочуп алды он и сам (собственного действия) испугался;
өлүп ал- умереть;
тирүү калбай Көк жалдан, өлүп албай, не болдум! фольк. (ах) что я сделал, оставшись живым после Сивогривого (Манаса), почему я не умер (вместе с ним) !;
өлүп албай не болдум! фольк. лучше бы мне умереть!;
уулумдан олүм болгуча, мен өзүм өлүп алайын фольк. лучше я сама умру, чем от руки сына;
кайра келбей өлүп ал, караңгы жайды көрүп ал фольк. ты умри, не возвращаясь, могилу (букв. тёмное место) посмотри;
арданганына чыдабай өлүп алыптыр он не перенёс обиды и умер;
ал сөзүңдү өзүнө алды он принял твои слова на свой счёт;
бел алды кыл- довести до бессилия, обессилить, изнурить;
жаман ал- принять за дурное;
сизге жакшы айтканы келсек, жаман алып атпайсызбы! мы пришли к тебе, чтобы добром сказать, а ты (превратно поняв) принял (наше намерение) за дурное;
алып учуп очень волнуясь, в сильном волнении (от радости, от нетерпения, от страха);
жүрөк алды кыл- запугать;
жүрөгү алып учуп (он) в сильном волнении;
алды-берди взаимные расчёты;
эсеп-кысабы, алды-бердиси абдан так болгону жакшы хорошо, когда учёт и взаимные расчёты точны;
алды-бердиге так жүргөн достордун арасынан нааразылык чыккан эмес между друзьями, которые были точны во взаимных расчётах, недовольства не было;
алдым-бердим (о людях) одна шайка-лейка;
алар-албас нестоящая вещь, барахло;
алдым-жуттум хапуга; мошенник;
алдым-саттым они сторговались;
экөө "алдым-саттым" деп, кол алышты они ударили по рукам, мол, ряда кончилась;
ал, эмесе ну, коли так...;
ал, эмесе, баштадым ну, коли так, я начал;
ал, бизчи? ну, а мы?
туруп алды упёрся и не двигается, упёрся на своем; колду аркага ал- заложить руки за спину;
ала сал- см. сал- VI;
алдын ала см. алд;
ала-сала (неправ. аласала) с первого взгляда; на первый взгляд; как только;
ала-сала карай салганда с первого взгляда, на первый взгляд;
ала-сала караганда ал эчтеме байкаган жок с первого взгляда он ничего не заметил;
алыңар получайте (кушайте);
алып баруучу ведущий (программу радиопередач).

ал

 
  • бери
  • возьми
  • мощность
  • он (она
  • оно)
  • ал

     
  • cardinality
  • wattage
  • working capacity
  • ал

     
    I. (аял, ургаачы) she [шии];
    ал (эркек) he [хии];
    ал it [ит]

    ал

     
    [al]
    o

    ал

     
    al.

    ал

     
    hâl, durum, vaziyet.

    ал

     
    ал (күч, кубат)
    ал-абал (ал-акыбал)
    ал-жай
    ал-кубат
    ал-күч
    алы-жаны
    аны-муну

    ал

     
    ал (ошол), ага (аа, аган,
    ога эмес), анда, аны
    ал жерде (а жерде, ожерде эмес)

    ал

     
    ал (илгери жак), алды,
    алга

    Ал

     
    Он/она/это/то

    Ал

     
    It

    ал

     
    I алды менен бирдей. Алга басуу. Алда болуу.
    АЛ II зат. 1. Күч, кубат, дарман. Бул Көкдөөнүн аюусу байлоодо турат алы жок («Эр Төштүк»). Андан көрө эгин бак, Алың барда жулунуп (Токтогул).
    1. 2.                  Абал. Келгин!деп орус эли колун берип, Куткарган аман-эсен ошол алдан (Турусбеков). Ушул алымды жолдошторума билгизбейсизби? (Турусбеков).

    Алы-жаны калбоо же жан-алы калбоо к. жан I.
    АЛ III ат. 1. Үчүнчү жакты же тарапты билдирүүчү жактама ат атооч. Атасынан кем эмес Ал айтпаса ким айтат («Олжобай менен Кишимжан»).
    2. Көрсөтүү, шилтөө, белгилөө маанисинде колдонулуучу шилтеме ат атооч. Ал казанга барууга Элемандын сырттаны, Эми чыкты камынып («Эр Төштүк»). Ал кезде Барпы коңурукту кере тартып уктап кеткен (Байтемиров). Ал аңгыча Каныкей Арага келип калыптыр («Манас»). Ал тургай.. Аскар кулагына чейин кызара түштү (Сыдыкбеков).
    АЛ IV этиш. 1. Бир нерсени кол менен кармоо, кармаган абалда болуу. Ак шайы жоолук колго алып, Булгасаң боло Алымкан (Токтогул). Итике төрдө отурган баласын колуна алды (Убукеев). Зубайда сандыгынан кийим алып берди (Убукеев).
    1. 2.                  Мыкчый кармоо, илип кетүү (куштар жөнүндө). Каркылдаган өрдөктү Качырып тийип куш алса («Олжобай менен Кишимжан»).
    2. 3.                  Жиберилген нерсе тиешелүү кишинин колуна тийүү, тиешелүү кишиге келип тийүү. Кат алды. Посылка алды. Телеграмма алды.
    3. 4.                  Соодалоо, алмаштыруу ж. б. жолдор менен ээ болуу, менчиктөө. Мал базардан ат алдык. Магазинден кездеме, кант, чай алдым.
    4. 5.                  Үйлөнүү. Ашык болуп жүргөнүн Аламын десе башка адам, Адамдын көөнү сүйөбү? («Олжобай менен Кишимжан»). Алган зайбы Чачыке Ай, күнүнө жетишип Эркек бала төрөдү («Олжобай менен Кишимжан»).
    5. 6.                  Кабылдоо, ишке коюу, белгилүү бир ишти иштөөгө дайындоо. Кызматка алды. Саанчылыкка алды.
    6. 7.                  Кызматтан, белгилүү бир иштен түшүрүү, бошотуу. Ишти начарлатып жибергендиги үчүн кызматтан алды. Директорлуктан алды.
    7. 8.                  Кармап калуу, сактоо, сактай билүү. Эске алды. Ойго алды. Көңүлгө алды.
    8. 9.                  Милдеттүү болуп калуу, милдеттенүү. Тапшырма алды. Милдеттенме алды.
    9. 10.              Пайда болуу, толуу, байлоо. Арпа баш алган кез. Жүгөрү дан алды. Кызылча тамыр алды. Мал семирип, жон алды.
    10. 11.              Кандайдыр бир сөзгө, талкууга ж. б. кошулуп, аралашып кетүүгө дуушар кылуу, кириптер кылуу; туш келүү, кабылуу. [Ыйлаак].. көрүнгөн жерде сөзгө алып, Ракыяны бура бастырбай убара кылат (Байтемиров). Эриккен жолоочулар үчтөн-төрттөн Киришти бирдемени талкууга алып (Турусбеков). Суракка алды. Тергөөгө алды. Үшүк алды.
    11. 12.              Кандайдыр бир натыйжага ээ болуу, жетишүү. Биздин колхоз кызылчанын ар гектарынан 400 центнерден түшүм алды. Чабан Жумаев ар бир жүз тубар койдон 120 дан козу алды. Ар бир койдон 2 килограммдан жүн алды.
    12. 13.              Кандайдыр бир нерсе менен чаап, кесип, кырып ж. б. бөлүү, ажыратуу. Желдеттери баш алды. Устара менен чач алды. Сакал-мурутун алды.
    13. 14.              мат. Кемитүү, бир сандан экинчи бир санды кемитүү, тиешелүү бир санга азайтуу. Жыйырмадан жетини алса, он үч калат.
    14. 15.              Атооч сөздөр менен айкалыша келген бир катар учурлюрда ошол айкалышкан сөзүнө байланыштуу болгон абалга өтүүнү, ошондой абалда, көрүнүштө, аракетте ж. б. болууну билдирет. Байыр алуу. Тынч алды. Багыт алды. Нукуй алды.
    15. 16.              Жөндөмөдөгү бир катар атооч сөздөр менен айкалыша келген учурларда ошол сөзгө байланыштуу болгон тынчсыздандыруу, козгоо абалын көрсөтөт. Уйкусун алды. Мазасын алды. Тынчын алды.
    16. 17.              Көмөкчү этиштик милдетти аткарып негизги этиштин натыйжасын чыгарат. Токтосун ашка кетчү чыгымдарды эртелеп эл журтунан жыйып алган (Маликов). Балапан жаш кезинен Багып алган торгой бар («Олжобай менен Кишимжан»).

    Тил алуу — айтканга макул болуу, айтканды орундатуу. Көңүлүнө же оюна алып калуу — айтылган сөзгө ичинен капа болуп, эсте сактап калуу; кек сактап калуу, таарынып калуу. Каршы алуу к. каршы. Капарына албоо — көңүл бөлбөө, элес кылбоо; тоотпоо. Колго алуу — 1) ишти жөнгө сала баштоо, киришип иштей баштоо; 2) бирөөнү өз тарабына тартуу, өзүнүн айтканынан чыкпай турган кылуу. Курманбекти колго алсаң, Анан жоону жеңесиң («Курманбек»). Жат алуу — жаттап алуу. Ала сала — алары менен, дароо. Ала качкы — ала качып кете турган, баш бербеген (жылкы жөнүндө).


    Хотите добавить свой перевод для слово: "ал"? Ввойти


    Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук:
    Language:
    Кыргызские пословицы и поговорки с переводом на русский язык
    Онлайн - рег.= = =
    Рейтинг@Mail.ru