Э-создук - мультиязычный онлайн словарь  
+ Добавить слова для перевода
ВходРегистрация
через соц. сети
<->
 
Яндекс переводчик <->
История Ваших переводов:
 
 
История/закладки
Онлайн инфо/переводы
Онлайн переводчик
Найденные
Перевод/результат для - ак
 

ак-

 
I. stream [стриим]

ак-

 
ак-, агат, аккан

ак

 
ак I
1. белый (старшее поколение в отношении собаки, свиньи избегает этого определения; случаи употребления всё же есть; ср. куба I);
ак ит, кара ит - баары бир ит погов. белая собака, чёрная собака - всё равно собака;
ак дөбөт белый кобель;
ак жүздүү белолицый;
чекири жок кой көздүү, сепкили жок ак жүздүү фольк. она не сероглаза, а кареглаза, белолица, без веснушек;
ак салын- повязаться белым платком (т.е. стать замужней);
ак чалган с проседью;
ак чалган саамайы волосы на висках у неё с проседью;
ак жоолук см. жоолук I 1;
ак үй см. үй I;
2. чистый, честный;
ак малым мой собственный честно нажитый скот;
ак кызмат честная служба;
ак эмгек честный труд;
көөну ак бесхитростный, честный;
3. невинный, невиновный (в этом значении трудно отличить от ак II 1);
иш агына кетти дело пошло к оправданию;
иштин агы правота дела;
иштин агы билбейт, жигиттин багы билет погов. не правота дела имеет значение, а счастье молодца (в дореволюционном быту правота дела не была гарантией оправдания, и только случайность могла спасти человека от незаслуженного наказания);
актан сыздаган шордуу бедняжка, пострадавшая без вины:
4. молоко; молочные продукты;
энемди ачка сен кондуң: кышта кызылын бербедиң, жайда агын бербедиң фольк. мать мою ты голодом морил: зимой ей мяса не давал, а летом - молока;
ак чач- этн. брызгать молоком (что делали киргизы, завидя змею);
ак жалгасын! см. жалга- II;
5. белок;
жумуртканын агы белок яйца;
көздүн агы белок глаза;
6. бельмо;
көзүнө ак түштү у него появилось бельмо на глазу;
көзүнө ак түшкүр! или көзүнө аж түшсүн! чтоб ему ослепнуть!;
акты-кара или акты-каралы правый и неправый, правда и ложь (букв. белое и чёрное);
акты-карага көзү канып, жашы толгондо, өзү сүйгөнүн табар когда она разберётся в том, где правда и где ложь (т.е. поймёт жизнь), когда она достигнет совершеннолетия, то сама найдёт себе любимого;
акты-карасы ачылар правда выплывет наружу;
акты-караны эми түшүндү он (только) теперь понял, что хорошо и что плохо, где правда и где неправда;
ак-караны ылгабастан не разбираясь, где правда и где ложь;
акты-көктү айтып смешав правду и ложь;
агы-көгүн көргөнбү? разобрался ли он в нём?, видел ли он в нём хорошее и дурное?
актар полит. белые (белогвардейцы).
ак II
ар.
1. истина, истинный; правый, невинный (в этом значении трудно отличить от ак I 3);
ишиң ак дело твоё правое;
ак сөз истинное слово;
ак жеринен айдамак, адал жерден кармамак, ушундайбы сурагың фольк. невинных ссылать, честных ловить - таков ли (царь) твой суд?
ак коюмдун ашыгы ак айт южн. (гадание) альчик моего белого барана, правду скажи;
ачык айтып ак сүйлөп, айтчы сынчым кебиңден фольк. скажи мне, испытатель (см. сынчы), своё слово открыто и правдиво;
ак жеринен кетти он невинно пострадал;
канчалык кордук болсо да, иш бүтөт экен агынан фольк. сколь бы ни было унижений, но правда одержит верх;
агынан тийсең бирөөгө, айланып келет кезеги фольк. если тронешь (обидишь) кого-нибудь незаслуженно, очередь дойдёт (букв. обернётся) и до тебя;
мени ак жерден өлтүрсөң, өлтүр если хочешь убить меня, убей, но я прав;
2. (ср. акы I) то, что кому-либо принадлежит или надлежит;
адамга өлүм ак смерть человека неизбежна; человек смертен;
3. бог;
ак жазганын көрөмүн, намысым үчүн өлөмүн фольк. испытаю предначертание божье (т.е. будь, что будет), за честь свою умру;
4. этн. то же, что адал 1;
арам деп аны кордобо, Абыке сага ак экен фольк. не срами Абыке, считая его поганым, он тебе (в мужья) дозволен;
ак ур- этн. произносить "ак" (о дервишах во время радения, о нищих).
ак III
то же, что ок V;
анда сиз менен сүйлөшпөй-ак койдук тогда мы с вами и говорить-то не будем;
сен маа кожоюң болбой-ак кой перестань быть мне хозяином, перестань-ка мною распоряжаться.
ак IV
ар.
отверженный;
уулун ак кылды он отказался от своего сына (проклял его);
эмчегим сүтүн ак кылам! фольк. (на тебя, неблагодарное дитя моё) я призову проклятие молока груди моей!;
дүйнөдөн ак өт- прожить жизнь, не имея благ мирских.
ак V:
ак эткенде так этет см. так VI.
ак- VI
течь; протекать;
сууга ак- пойти прахом, пропасть зря;
азар болсо, Заманбектин кер жоргосу баштап, бир аз дүйнө сууга агар в худшем случае у Заманбека пропадёт немного богатства вместе с мухортым иноходцем;
ишим акпай калды мне не удалось; мне не повезло;
көзү аксын! см. көз 1.

ак

 
белый

ак

 
  • abele
  • white
  • whitey
  • АК

     
    АК — көркөм сөз каражаты, эпитет. А. эпитетинин өзүнчө өнүгүшү, эволюциясы бар. Коомдук өнүгүштүн алгачкы этаптарында адамдар жаратылыштын көп түрдүү кубулуш, көрүнүш касиеттерин адам сыяктуу эле жандуу нерсе катарында түшүнүшүп, алар эки түрдүү элес, таасир калтырган. Айрым кубулуш, көрүнүштөрдү адамдарга жакшылык, ийгилик алып келүүчү сыйкырдуу күч, рух, жышаан катары кабыл алышса, айрым башка көрүнүштөрдү, кубулуштарды, тескерисинче, адамдарга зыян, жаманчылык алып келет деп түшүнүшкөн. Жаратылыштын кубулуш, көрүнүштөрүн экиге ажыратуунун негизинде «ак» (ырайымдуу, пайдалуу, жагымдуу) жана «кара» (ырайымсыз, кырсыктуу, зыяндуу) деген түшүнүктөр келип чыккан. Демек «ак» деген түшүнүк адегенде зат, буюмдардын, кубулуш, көрүнүштөрдүн өңү-түсүн сыпаттоо менен гана эмес, адамдарга кандайдыр бир түрдө ырайым кылуучу, колдоочу, пайда келтирүүчү фетиштик мазмундагы кереметтүү рухтарга, сыйкырдуу күчтөргө байланыштуу болгон. Алтайлыктардын баатырдык эпосторунда «ак» деген эпитет ырайымдуулук мааниде колдонулган: ак мал, ак чөп, ак жер, ак тоо, ак артыш (ак арча), ак мылтык, ак үлдү (ак кылыч), ак жыра (ак найза), ак бөрү, ак бичик (ак китеп) жана башкалар Кыргыз элинде теңир жалга, кудай жалга деген синонимдик туюнтмалар менен катар ак жалга деп да айтылат. Демек А. деген сөз «теңир», «кудай» сыяктуу сөздөрдүн синоними болуп ырайымдуу рухту билдирип турат. Ак санатай, ак жолтой, ак көңүл, ак ниеттүү, айкөл сыяктуу сөз айкаштарында А. өң-түсү эмес, адамдын эң жогорку оң сапаттарын мүнөздөйт. «Манас» эпосунда Манас баатырга таандык болгон буюм, курал-жарактар, аттар, айбанаттар жана башкалар «ак» деген туруктуу эпитет аркылуу аталат. Алсак: Аккула, ак өргөө, аколпок, аккелте, акболот, ак ордо, акалбарс, ак шумкар, ак каңкы, ак тинте, ак инген (куу инген), ак кисе жана башкалар. «Манас» эпосундагы Манаска таандык болгон зат, буюм-терим, курал-жарак, кийим - кечектердин А. деген эпитет менен тутумдашып айтылышы коомдун алгачкы өнүгүш этаптарында пайда болгон фетиштик, магиялык түшүнүктөр менен тыгыз байланыштуулугун көрсөтөт. Кийинки доорлордо пайда болгон кыргыз элинин эпикалык чыгармаларынын поэтикалык каражаттарында А. деген эпитет жыш эле учурайт, бирок алардын көпчүлүгү буюм-терим, заттардын өңү-түсүн гана туюндуруучу көркөм каражаттардын милдетин аткарат.
    Ж.Төлөев

    ак

     
    II. white [уайт]

    ак

     
    [ak]
    ak, beyaz

    ак

     
    I
    1. ak, beyaz renk;
    2. temiz, namuslu;
    3. ayran ve sütün genel adı.

    ак

     
    II akma işi, sıvı bir şeyin akması.

    ак

     
    ак (түс), агы, акка
    ак ала (агала эмес)
    ак алма
    ак алтын
    ак аюу
    ак балек (илдет)
    ак бараң
    ак барсылдак (бот.)
    ак баш
    ак безерген (бот.)
    ак боз
    ак боор (зоол.)
    ак бөкөн
    ак буурул
    ак да, көк да дебөө
    ак жаан
    ак жай (жайд. толук
    кези)
    ак жем мерг.
    ак жолдон адаштыруу
    ак жолтой
    ак жолу ачылуу
    ак жоолук
    ак жоолугуң башыңдан
    түшпөсүн!
    ак жуумал
    ак жөкөр
    ак жүгөрү
    ак кагаз
    ак кажыр
    ак кайың
    ак калпак
    ак калтар
    ак камгак
    ак канат
    ак кандуулук (мед.)
    ак каңкы
    ак каптал (жалкоо)
    ак келте
    ак кийик
    ак кодол (бот.)
    ак коко (бот.)
    ак көдөөл
    ак көз
    ак көк
    ак көктү айт-
    ак көрпө
    ак көрпө жайыл
    ак куба
    ак кула
    ак куу
    ак куш
    ак куйрук
    ак кулак
    ак күбө
    ак күп (балапанд. жүнү)
    ак күрөөкө
    ак кыз
    ак кылкан
    ак кыя (бот.)
    ак моко (тажа-)
    ак молдо
    ак нике
    ак олпок
    ак өргөө
    ак пейил
    ак расул
    ак сакал
    ак сакалдуу
    ак саноо
    ак сарай
    ак саргыл
    ак сары
    ак сары башыл
    ак серке
    ак сойгок
    ак сокто (бот.)
    ак сөз
    ак сөөк
    ак сөөктүк
    ак сүйлөө
    ак сур
    ак сүтүн актоо
    ак тамак
    ак таман
    ак таңдай
    ак таяк
    ак терек-көк терек
    ак тикен
    ак тинте
    ак токол
    ак түлкү
    ак түн
    ак түндөр (геог.)
    ак уруу
    ак үй
    ак чабак
    ак чамбыл
    ак чардак
    ак чел
    ак чете
    ак чечек (бот.)
    ак чий
    ак чөл
    ак чөлмөк
    ак чөп башта
    ак чөп (малд. чөбү-тону)
    ак чуңкур
    ак чүч
    ак чүчтө
    ак чырак (диал.)
    ак шаар
    ак шыралжын
    ак ыр (ад.)
    ак эдил (жоош мал)

    ак

     
    ак (таза, адал: ыйык)
    ак бата
    ак жолтой (акжолтой
    эмес)
    ак жолтойлук
    ак жүрөк
    ак жүрөктүк
    ак-кара
    ак-караны ажыратуу
    ак-караны тааныган
    ак көңүл
    ак көңүлдүк
    ак ниет
    ак ниеттик
    ак пейил
    ай пейилдик
    ак санатай
    ак санатайлык
    ак сүт
    ак ур- (думана жөн.)
    акты кара кылуу
    акты-караны
    акты-каралы
    акты-көктү

    ак

     
    ак: ак эткенде так эт-

    Ак

     
    Ак – 1) Сүт жана сүт азыктарынын кыргыздарда аталышы. Бул, балким, сакралдык мүнөзгө да ээ. 2) Ыйык маанисин да туюнтат (Кыргыз этнографиясы боюнча сөздүк. – Б.: Бийиктик. 2005. 25-б.).

    ак

     
    I сын. 1. Кардын, сүттүн түсүндөй түс. Ак булут. Ак кагаз.
    2. Таза, чын пейилдүү, жамандыгы же жаман ниети жок, арамзалыгы жок. Ак эмгек. Пейли ак.
    3. Күнөөсүз, жазыксыз. Айланган тоонун бүркүтү Ак жерден торго чалындым (Токтогул).
    4. Контрреволюциячыл, совет бийлигине каршы аракет кылуучу же совет бийлигине каршы багытталган. Ак армия. Ак гвардиячы. Актар.
    5. Шахмат, дойбу ойнундагы кара түстөгү фигуралардын каршысында ойнолуучу фигуралар. Ак менен ойноо. Ак король.
    6. Айран-сүттүн жалпы аты. Жаз чыгып, ак көбөйдү.
    7. Көздүн карегин каптап калган чел. Көзүн ак басты. Көзүнө ак түштү.
    Ак жаан — узакка созулуп майдалап жааган жамгыр. Ак жай — жайдын толук кези. Ак жүрөк — чынчыл, адилет, арамдыкка барбаган. Ак жолтой — жолдуу, жолу ачык, ойлогону орундалуучу. Ак сакал — аксакал менен бирдей. Ак төөнун карды жарылуу к. төө. Ак кол — бекер жүрүүнү жакшы көргөн, эмгекти сүйбөгөн, иштебеген, оор ишке кол тийгизбеген адамдар жөнүндө. Ак чөп башымда к. чөп. Ак сөөк к. сөөк. Көздүн агы — көздүн карегинин айланасындагы тунук ак бөлүгү. Жумуртканын агы — жумуртканын сарысын курчап турган тунук бөлүгү. Ак күп болуу — майда үлпүлдөгөн мамык жүн менен капталуу (көбүнчө балапандар жөнүндө). Ак күп болгон балапаны чыйпылдап энесинин оозунан жем талашат («Советтик Кыргызстан»). Акты-карасы ачылуу — ким күнөөлүү, ким күнөөсүз экени билинүү, чындыгына жетүү. Көздүн агы менен тегеренүү (айлануу) — бирөөнүн эркинен чыкпай эпилдеп-жепилдеп туруу.
    АК II сын. 1. Чыныгы, таза, адал, акыйкат, туура. Ак мал. Ак сүйлөдү.
    2. Дубаналар айтуучу сөз. Ак уруу.
    3. Кудай. Кудайдын бир атыак (макал).
    АК III: ак эткенде так этүү к. так V.
    АК IV этиш. 1. Белгилүү бир өзөн, арык, нук боюнча бир багытка бет алып өз агымында жылуу (мис., суу жөнүндө). Жанында жайпап аккан Түптүн суусу (Маликов). Ийрилип аккан чоң өзөн Ийнеде учук жипке окшойт (Бөкөнбаев).
    2. Суу, суюктук, тер ж. б. сызыла көп чыгуу, куюлуу, шорголоо, жылжуу. Чаканын түбүнөн суу агып калыптыр. Тер акты. Кан акты.
    3. өт. Жапырт, көп болуп үзгүлтүксүз агыла жүрүү, өтүү. Машиналар тынымсыз агып өтүп турат.
    Основные характеристики
    Часть речиИмя существительное
    Ед. числоак
    Множ. числоактар
    Синонимы
    таза
    там
    жыл
    Антонимы
    кара
    Склонение по падежам - "ак"
    Ед. число
    ПадежиЕд. число
    Именительный Кто?, Что?ак
    Родительный Чей?актын
    Дательный Кому?, Чему?, Кому?, Куда?акка
    Винительный Кого?, Что?акты
    Местный Где?, У кого?акта
    Исходный Где?, У кого?актан
    Множ. число
    ПадежиМнож. число
    Именительный Кто?, Что?актар
    Родительный Чьи?актардын
    Дательный Кому?, Чему?, Кому?, Куда?актарга
    Винительный Кого?, Что?актарды
    Местный Где?, У кого?актарда
    Исходный Откуда?, От кого?актардан


    Хотите добавить свой перевод для слово: "ак"? Ввойти


    Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук:
    Language:
    Кыргызские пословицы и поговорки с переводом на русский язык
    Онлайн - рег.= = =
    Рейтинг@Mail.ru