Э-создук - мультиязычный онлайн словарь  
+ Добавить слова для перевода
ВходРегистрация
через соц. сети
<->
 
Яндекс переводчик <->
История Ваших переводов:
 
 
История/закладки
Онлайн инфо/переводы
Онлайн переводчик
Найденные
Перевод/результат для - аалам
 

аалам

 
ар.
мир, вселенная;
ааламды басып шоораты фольк. слава о нём разнеслась по всему миру;
ааламга белгилүү всемирно известный;
он сегиз миң аалам фольк. вселенная (земля со всем населяющим её);
он сегиз миң аалам - көк өгүздүн жонунда стих. вселенная (держится) на хребте сивого быка (по старому народному представлению);
он сегиз миң ааламды камырдай тепсеп баскаңдай фольк. (у богатыря такой вид) будто всю вселенную может месить, как тесто;
бул бала ааламга татыйт этот паренёк мировой;
ааламдан ашкан см. аш- II 2.

аалам

 
мироздание

ААЛАМ

 
ААЛАМ — бизди курчап турган түбөлүктүү жана чексиз кең дүйнө. «Аалам» менен «космос» деген сөз маанилеш. Асмандагы жылдыздардын бардыгы А-га кирет. Жер жана күн ошондой жылдыздардан. Күндүн айланасындагы жерден башка дагы 8 планета (Меркурий, Чолпон, Марс, Юпитер, Сатурн, Уран, Нептун, Плутон) жана миңдеген майда телолор (астероиддер жана кометалар) айланып жүрөт. Алар биригип Күн системасын түзөт. Анын диаметри 10 миллиард кмге жакын. Бул аралыкты жарык нуру 10 саатта өтөт (жарык нуру Күндөн Жерге 8 минутада жетет). Күн жана башкалар планеталар системасын кошо камтыган өтө чоң жылдыздар системасы галактика деп аталат. Биздин галактикага Күндөн башка 100 миллиардга жакын жылдыз кирет. Анын чеги 100 миң жарык жылына барабар жана андан тышкары башка галактикалар да бар экендиги белгилүү. Жарык нуру эң алыскы галактикалардан Жерге миллиарддаган жылдарда жетет. Бирок, бул да А-дын чеги эмес. Андан ары да мейкиндик болушу мүмкүн. Бардык асман жылдыздары өнүгүүнүн татаал жолун басып өтүшөт. Бирок, алар кандай гана өзгөрүүгө дуушарланса да, эмнелерден түзүлсө да баары бир жоголуп кетпейт. А. чексиз гана эмес, ошондой эле түбөлүктүү. «Манас» эпосунда А. термини көп колдонулуп эки мааниге ээ: 1) Жер жүзү, бардык эл; 2) бүткүл дүйнө, бизди курчап турган жаратылыш. Манас баатыр «Чоң казатта» жүрүп, чоролорунан айрылып, жалгыз калганда мындайча арман кылат:
Он сегиз миң ааламды,
Сындап турган кезимде.
Калдайган шаардын баарысын,
Камап турган кезимде,
Мында өлбөй не болдум (Саякбай Каралаев, 2. 225).

Бул жерде Манас «он сегиз миң ааламды» же бүт жер жүзүндөгү элди сурап турганы айтылып, байыркы кезде учу-кыйры жок жер бети А. катары сезилгенин кабарлап турат. Ал эми адамзатты курчаган дүйнөнүн жалпы турум-турпатын туюндурган А-дын тутумунда турган бөлүктөр Күн, Ай, Асман (Көк), Жер жөнүндөгү түшүнүктөрдүн төркүн-теги кыргыз элинин илгертен келе жаткан салттык ой-түшүнүгүнө байланышкан. Ал «дүйнө элесине», менталитетке, маданият категорияларына киргендиктен, ошол маданияттын, элдин өкүлдөрү ага атайылап маани бербейт, таасындап - дайындап кеп кылбайт, өзүнөн өзү түшүнүктүү, калайык-калкка маалым көрүнүш катары кабылдашат. Демек, эпосто ал кыйыр-көмүскө түрдө берилет. «Манас» эпосунда адам баласы көрүп-билген дүйнөнүн көп түрдүүлүгү, ар кылдыгы айтылат («Алтымыш миң ааламдан», «Жети кабат кара жер»). А-ды түзүп турган кубулуш-көрүнүштөр (Күн, Ай, Жылдыз, Көк, Жер, табияттын башка кубулуштары) өз ара байланышта туруп, белгилүү тартипте жайгашканы туюнтулат. Ар кандай космологияда дүйнөнүн төрт тарабы ажыратылат. Бул универсалит «Манаста» да кезигет:
Күн батышка бир карап,
Күн чыгышка бир карап,
Жолборсум турду ыңгырап.
Күн тарапка бир карап,
Түн тарапка бир карап,
Жолборсум турду күркүрөп.
Төрт тараптан айбанат
Төгүлүп кирди дүркүрөп (Сагымбай Орозбаков, 2. 279280).

Эпосто көк, асман байыркы түрк мифологиясынын каада-салтына ылайык Теңир-кудай катары да белгиленет. Жоого каршы «Көк Теңирим колдо деп» аттанышат. Ошондой эле Манаска карата «үстүңкү Көк Теңирдей» деген салыштыруу колдонулат. Манастын өзү да: «Асман менен жериңдин Тирөөсүнөн бүткөндөй, Айың менен күнүңдүн, Бир өзүнөн бүткөндөй» (Сагымбай Орозбаков, 2. 248) мүнөздөлөт. Мында биринчиден, бир учу жерге такалып, бир учу асман тиреген нерсе жөнүндөгү түшүнүк турат, экинчиден, Манастын Көк Теңирге окшош, тектеш экени туюнтулат. А. тууралуу ой-түшүнүк «Манас» эпосунда кадимки реалисттик жана мифологиялык мүнөздө колдонулат. Ошондой эле ай-жылдарга байланыштуу астрологиялык («жылдызы түшүп», «жылдызы оң экен», «Атка каршы ай экен, Эрге каршы жыл экен» — дейт далычы Таргыл таз), же табият кубулуштарына байланыштуу магиялык (эпостогу жайчылардын иш-аракети) маани-мазмундар кезигет. Дүйнөлүк мифологиянын универсалийлеринин бири А-дын, мейкиндин үч катмары тууралуу ой-түшүнүк: «Жогорку дүйнө», «ортоңку дүйнө», «жер алды дүйнө». Бул эпосто Манастын үстүнөн уча коштогон алп кара куш, капталдай жандаган көсөө куйрук көк бөрү, артынан ээрчиген ажыдаар (жылан) аркылуу берилет. А-дын турум-турпатын тартууда экилтик (бинарчыл) жол-жобо колдонулат. Дүйнөнүн түзүлүшүндө, табият кубулушунда «оң» менен «сол» ажыратылат. Эпосто «Шымал жагын сол деген, Жануп жагын оң деген», — деп баяндалат. Парсыча «шымал»— «түндүк», «жануп» — «түштүк» болот. Ушу сыяктуу эле Күн менен Ай, Жер менен Көк, тоо менен суу, түн менен күн карама-каршы коюлуп, кошмок мүнөздө сыпатталат. Эпосто жер жөнүндө маалымат бир кыйла. Эгер жерди А-дын бир бөлүгү катары карасак, анда ага байланыштуу мүнөздөмөлөр алда канча акылга сыярлык көрүнүш: «Жеткен жан келер жөргөлөп, Жердин өзү дөңгөлөк»; «Толгонуп дүйнө жүзүнө, Тогуз айда жетиптир». Албетте, эпос түзүлө баштаган маалда эле кыргыздар жердин тоголок экенин билишкен деш кыйын. Ошол эле учурда муну жокко чыгаруу да натуура. «Манаста» А. «бардык эл», «жумурай журт» деген мааниде да колдонулат («Ааламга болдук тамаша», «Ааламга жеткен даңкым бар»). Демек, коом мейкиндигине космологиялык элес менен туташ карашат. А. түшүнүгү эпосто көркөм апыртма каражаты, мифтик-поэтикалык элесте да кезигет. Маселен, Чыйырды байбиче көргөн түшүн баян этип: «Ажыдаар болуптур, Ачууланып оп тартса, Ай-ааламды соруптур» (Сагымбай Орозбаков, 1.23)— дейт. Кыргыздар мусулман динин кабыл алышы менен бирге анын догмаларына ылайыкташкан А. жөнүндө түшүнүктөр да «Манаска» кире баштаган. Мисалы, Алмамбетти мусулман динине кирүүгө үндөгөн Көкчө А. жөнүндө төмөндөгүдөй баяндайт:
Астыңдагы жер деди, Жер көтөргөн жел деди, Жел экен деп тим болбой Жеткирип ойло сен деди. Жеке кудай өзү деп Кудайдан биле бер деди. Үстүндөгү көк деди. Көк бирөө деп ойлобо, Катар-катар көп деди. Арша-күршү жайлар бар, Төртүнчү кабат асманда Күнүң менен айлар бар, Асмандагы жылдызды Адам болжоор неме эмес, Ар бир жылдыз ай, күндөн Чоңдугу да кем эмес, Жетинчи кабат асмандан Жетип тур, көрдүң жарыгын Жеке жалгыз Алданын Аңдап билгин бардыгын (Сагымбай Орозбаков, Кол жазмалар фондусу, 1972-инв., 185-б.).
Мына ошентип А-ды таанып-билүүгө, ал жөнүндө билимдерди топтоодо жана күндөлүк турмуш процессинин жүрүшүндө кыргыздар тиричиликке, жоокерчиликке байланыштуу толуп жаткан түшүнүктөрдү иштеп чыккандыгы белгилүү.
З. Бейшеев. Ж. Бөкөшев


аалам

 
universe [‘йуунивөөс];
world [уөөлд]

Аалам

 
[аalam]
âlem, kâinat, evren, uzay

аалам

 
alem, dünya.

аалам

 
аалам
ааламдан ашкан
ааламды бузуу
ааламдын модели
ааламдын тең салмактуулугу

аалам

 
зат. 1. Дүйнө, дүйнө жүзү, жер жүзү. Ааламга биздин шаңыбыз Угулуп жатат дүңгүрөп (Осмонкул). Чарк айланып ааламды Издегени эп экен («Семетей»).
2. Асман мейкиндиги. СССР ааламды үйрөнүп билүү ишинде башка өлкөлөрдүн алдында баратат («Коммунист»). Адамдар эзелден бери ааламга учуп чыгууну эңсешкен эле («Советтик Кыргызстан»).
Он сегиз миң аалам — жан-жаныбарлары, өсүмдүктөрү менен бирге бүт дүйнө. Ала-Тоо батыш менен чыгышыңа Тургандай он сегиз миң аалам сыйып (Осмонкул).
Основные характеристики
Часть речиИмя существительное
Ед. числоаалам
Множ. числоааламдар
Синонимы
дүнүйө
дүйнө
Склонение по падежам - "аалам"
Ед. число
ПадежиЕд. число
Именительный Кто?, Что?аалам
Родительный Чей?ааламдын
Дательный Кому?, Чему?, Кому?, Куда?ааламга
Винительный Кого?, Что?ааламды
Местный Где?, У кого?ааламда
Исходный Где?, У кого?ааламдан
Множ. число
ПадежиМнож. число
Именительный Кто?, Что?ааламдар
Родительный Чьи?ааламдардын
Дательный Кому?, Чему?, Кому?, Куда?ааламдарга
Винительный Кого?, Что?ааламдарды
Местный Где?, У кого?ааламдарда
Исходный Откуда?, От кого?ааламдардан


Хотите добавить свой перевод для слово: "аалам"? Ввойти


Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук:
Language:
Кыргызские пословицы и поговорки с переводом на русский язык
Онлайн - рег.= = =
Рейтинг@Mail.ru