|
Эвтаназия
|
|
ЭВТАНАЗИЯ (гр. eu – жакшы жана thanatos – өлүм) – кандайдыр бир аракет же каражат менен, анын ичинде жашоону кармап туруучу жасалма чараларды токтотуу аркылуу, оорулуунун өз өлүмүн тездетүү өтүнүчүн канагаттандыруу. КРде Э-га тыюу салынган. Оорулууну Э-га түрткөн жана аны жасаган адам кылмыш жоопкерчилигине тартылат.
|