|
Субэсеп
|
|
СУБЭСЕП – коммерциялык ж. б. өзүн-өзү каржылоочу уюмдардын банктагы эсебине кошумча иретинде ачылуучу көмөкчү (эсеби эсеп-кысап, күндөлүк, корреспонденттик). Менчик ээси тарабынан каржыланган мекемелердин, анын филиалдарынын, жайгашкан жери боюнча бөлүмдөрүнүн С-и бар. С. бар болгондо, ар сумманы өзүнчө чегерүү зарылдыгы жоюлуу менен, банк менен кардарлардын ишин кыйла жеңилдетет.
|