Меню
Эл-Сөздүк

Санкция

САНКЦИЯ (лат. sanction – катуу токтом) – адатта, акыркы мүнөздөгү чара, чечим. Анын төрт негизги мааниси бар: а) укук тартибин бузгандарга карата колдонулуучу жана ага белгилүү бир жагымсыз кесепетин тийгизе турган чара. Чара мүнөзүнө жана аны колдонгон органдарга жараша, кылмыш-жаза-укуктук, административдик-укуктук, тартипке чакыруу-укуктук, мүлктүк болуп бөлүнөт. Кылмыш-жаза-укуктук С. (эркинен ажыратуу, жазапул салуу ж. б. у. с.) сот тарабынан гана колдонулат; административдик-укуктук С. (административдик жазапул, административдик камак) – милиция, полиция тарабынан; тартипке чакыруу-укуктук С. (кызмат ордунан төмөндөтүү, бошотуу) – кызмат адамдары, администрация тарабынан; мүлктүк С. (м.: жабырлануучуга зыян ордун толтуруп берүү, анын пайдасына мүлктү чектеп берүү, бүтүмдү негизсиз деп таануу) өзалдынча чара же башкалар менен айкалыштырылган чара катары сот тарбынан гана дайындалат; б) ал ченемди бузуучуга таасир этүү чарасы экендигин көрсөткөн жалпы ченемдердин түзүмдүк бөлүгү; в) кылмыш жасагандыгынан шек саналган жакка карата мажбурлоо чарасын колдонууга (камакка алууга, тинтүүгө ж. б.) улуксат берүүчү прокурордун токтому; г) эларалык укуктагы бул ченемдер менен эларалык милдеттенмелерин бузган мамлекетке таасир көрсөтүү чарасы (кара:Эларалык санкция).

санкция

зат. Кандайдыр бир актыны юридикалык күчкө ээ кылыш үчүн жогорку инстанция тарабынан бекитүү иши.
Негизги мүнөздөмөлөрү
Сөз түркүмүЗат атооч
Жекелик сансанкция
Көптүк сансанкциялар
Жөндөлүшү - "санкция"
Жекелик сан
ЖөндөмөлөрЖекелик сан
Атооч Ким? Эмне?санкция
Илик Кимдин? Эмненин?санкциянын
Барыш Кимге? Эмнеге?санкцияга
Табыш Кимди? Эмнени?санкцияны
Жатыш Кимде? Эмнеде?санкцияда
Чыгыш Кимде? Эмнеде?санкциядан
Көптүк сан
ЖөндөмөлөрКөптүк сан
Атооч Кимдер? Эмнелер?санкциялар
Илик Кимдердин? Эмнелердин?санкциялардын
Барыш Кимдерге? Эмнелерге?санкцияларга
Табыш Кимдерди? Эмнелерни?санкцияларды
Жатыш Кимдерде? Эмнелерде?санкцияларда
Чыгыш Кимдерден? Эмнелерден?санкциялардан

Мындан бөлөк Кыргызском тилинде табылган окшош сөздөр:
strtoupper(KG)


Мындан бөлөк тилдерде табылган ушундай сөздөр:

RU


Мындан бөлөк тилдерде табылган окшош сөздөр:

RU
Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук: