Э-создук - мультиязычный онлайн словарь  
+ Добавить слова для перевода
ВходРегистрация
через соц. сети
<->
 
Яндекс переводчик <->
История Ваших переводов: мышка electric circuit Беш бармак перизаада АМБРАЗУРА dealing(s) Фасциолиды жазуучу аппарат капас впадина астрономия канды галит перина аңкай- эмбриология kahve ТИВО ОВАД lateral motion фактор спроса
 
 
История/закладки
Онлайн инфо/переводы
Онлайн переводчик
Найденные
Перевод/результат для - Комбатанттар
  • беш бармак
 

комбатанттар

 
комбатанты

Комбатанттар

 
КОМБАТАНТТАР (фр. combatant – жоокер) – эларалык укукта каршылашып жаткан тараптардын куралдуу күчтөрүнүн курамына кирүүчү жана согуш аракеттерине түздөнтүз катышуу укугуна ээ болгон адамдар (1949-жылкы Согуш курмандыктарын коргоо жөнүндөгү Женева конвенцияларына Кошумча (1977-ж.) I протоколдун 43-ст., 2-п.). К. жөө аскерлердин, аскер-деңиз жана аскер-аба күчтөрүнүн өздүк курамын; партизандарды, өз ыктыярдуу кошуундардын өздүк курамын, эгер алар согуштук кемелерге кайра жабдылган болсо, деңиз соода кемелеринин жана жарандык авиация учактарынын экипаждарын камтыйт. Эгер согуш салттарын жана мыйзамдарын сакташса жана курал-жарактарды ачык алып жүрүшсө, кандай гана болбосун көтөрүлүшчүлөрдүн жана каршылык көрсөтүүчүлөрдүн убактылуу кошуундары К. катары таанылуулары мүмкүн. Комбатант эместерден айырмаланып К-га карата согуш аракеттеринин учурунда жоготууга чейинки баардык чараларды колдонууга болот. Душман тарапка колго түшүп калган К. (согуш аракеттерине мыйзамсыз катышып жүргөн адамдардан айырмаланып) согуш туткундарынын режиминен пайдаланышат.

Комбатанттар

 
Комбатанты


Хотите добавить свой перевод для слово: "Комбатанттар"? Ввойти


Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук:
Language:
Кыргызские пословицы и поговорки с переводом на русский язык
Онлайн - рег.= = =
Рейтинг@Mail.ru