КАНЫШАЙ — эпизоддук кейипкер. Кытай чегин кайтарган балбан аял, тыргооттун каны. Аял болсо да баатырдыгы, балбандыгы, кыраакылыгы менен айырмаланган К-га Эсенкан бекеринен бир элдин кандыгын берип, чекке коюп Манасын жолун тостурбайт (Саякбай Каралаев, 1. 166). К-дын оңой жоо эмес экенин, көзүн тазаласа Бээжинге барчу жол ачыларын билген Алмамбет амал менен анын ордосуна кирет. Ордодогу адамдардын ууланганына түшүнөр замат кыраакы К. Алмамбеттин Эсенкан чекке сакчы койгон Кулжа менен кырк кулач кызыл Түлкүнү, Маамытбек сокурду кырк кечили менен кошо жайлап келгенин туят.
К-дын буйругу менен кармамакчы болуп жабылганда күйүп турган чыракты Алмамбет ыргыта тээп Канжаркол, Музкиндик баштаган ууланган, мас балбандарын караңгыда бүт кырып салат. Каарданган К. ордону бир колу менен уратып тышка чыгып, байлануу күлүгүн минип Бээжинди карай чабат. Артынан кууп жетип К-ды өлтүрүшкөндөн кийин Алмамбет жанындагы Сыргакка: «Көңүлдө эми арман жок, Сыргак, Топон суу тийбес Бээжиндин Тосоту эми калган жок Сыргак», — дейт (Саякбай Каралаев, 2. 136).
Дополнительные операции по выбранной словарной статьей
Хотите добавить эту статью в свои закладки? Добавить в мои закладки Вы должны войти чтобы система запомнила Ваши закладки. Закладка добавлена.
Копировать ссылку на перевод на этом сайте. Ссылка будет выглядеть как КАНЫШАЙ
HTML ссылка :
Ссылка:
Если обнаружилиошибкуили неточности в словарной статье сообщите нам. Это поможет улучшить Эл-Сөздүк.
54Текст сообщения:
Контрольный вопрос (что вы не робот):Сколько будет 6 х 9? Ответ:
Отправить
КАНЫШАЙ — эпизоддук кейипкер. Ооган каны Түлкүнүн кызы, Бокмурундун жубайы. Оогандар тейит менен катаганды чаап алып, Кошойдун баласы Аликени өлтүрүп кеткенде эл Манастан жардам сурайт. Согушта оогандар жеңилип, Түлкүнүн иниси Акун колго түшүп калат. Акундун өтүнүчү боюнча эки эл жарашып, Акун Ооганга кан болот. Ошондо Бокмурун Канышайды жактырып калып, Манас куда түшөт. Бокмурун К-ды алганы кеткенде атасы Көкөтөй дүйнөдөн өтүп, баласы аялы менен өлүктүн үстүнөн чыгат. К. кайнатасына кайгырып ыйлап, ошондон «келиндин аягынан, койчунун таягынан» деген ылакап айтылып калган делет эпосто (Сагымбай Орозбаков, 2. 439; 3. 9— 10, 19, 20, 27, 28).
Дополнительные операции по выбранной словарной статьей
Хотите добавить эту статью в свои закладки? Добавить в мои закладки Вы должны войти чтобы система запомнила Ваши закладки. Закладка добавлена.
Копировать ссылку на перевод на этом сайте. Ссылка будет выглядеть как КАНЫШАЙ
HTML ссылка :
Ссылка:
Если обнаружилиошибкуили неточности в словарной статье сообщите нам. Это поможет улучшить Эл-Сөздүк.
3Текст сообщения:
Контрольный вопрос (что вы не робот):Сколько будет 2 + 1? Ответ:
Отправить
Хотите добавить свой перевод для слово: "КАНЫШАЙ"?Ввойти
Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук: