Menü
Эл-Сөздүк

жөө

жөө I
1. пешком; пеший, пешеход;
атка жөө жете албайт погов. пеший коня не догонит; пеший конному не товарищ;
жөө жүр- или жөө бас- идти пешком;
аттан жөө болуңар фольк. спешьтесь с коней;
жөө солдат воен. пехотинец;
жөө-жалаң пешие и конные;
жөө-жалаңдап
1) кто пешком, кто верхом;
2) то пешком, то верхом;
жөө күлүк бегун (о человеке);
2. перен. безлошадный; бедный;
кишинин жөөсү неумеха, беспомощный, нерасторопный;
жөө доклад ирон. бессодержательный доклад; плохо, неумело построенный доклад;
жөө-жылан см. жылан 1;
жөө туман см. туман;
жөө жомок см. жомок 2;
жөө чечен см. чечен I;
жөө оодарыш см. оодарыш I 2.
жөө II
1. и. д. от же- III;
2. спорт. изъятие шарика, оказавшегося лишним в лунке (засчитывается в проигрыш при игре в тогуз кумалак; см. кумалак 2).

жөө

  • пеший
  • пешком
  • ЖӨӨ

    ЖӨӨ ЖЕЛДЕТ — эпизоддук кейипкер, кытай жоокери. Алооке менен Молто кан элден талап алган байлыктарды токсон беш төөгө жүктөп Бээжинге алып кетип бараткан кытай балбандарын Акбалта баштаган кыргыздар жолдон кармап алат. Балбандарын өлтүрүп, алтын-күмүш, көп дүйнөнү ажыратып алганда жалгыз Ж. ж. качып кутулуп кетет да Алоокеге кабар жеткизет (Саякбай Каралаев, 1. 32).

    жөө

    жөө
    жөө аскер
    жөө доклад
    жөө жалаң
    жөө-жалаңда-
    жөө жомок
    жөө күлүк
    жөө туман
    жөө чечен

    жөө

    сын.. Көлүксүз, унаа минбестен, унаа минбей жүрүү абалы. Алты ай. бүтүн жөө басып, Акталып келдим Сибирден (Токтогул). Бактын арасы менен бир жөө киши келип токтоду (Жантөшев). Жөө жүргөнчө төө минген жакшы (макал).
    ¨ Жөө туман — жердин бетин каптап түшкөн калың туман. Жер көрүнбөй жөө туман басып турду (Каралаев). Колоттун бардыгын жөө туман каптады (Жантөшев). Жөө-жалаңдап жүрүү —1) кээ бирлери ат минип, кээ бирлери жөө жүрүү; 2) бирде ат минип, бирде жөө жүрүү. Жөө-жалаңдап келиптир («Эр Табылды»). Ал кезде Фрунзеден жиберди деп, Ээрчишип жөө-жалаңдап келген элек (Шүкүрбеков). Бул темир жол.. орноло электе көмүрдү кенден эшекке артып.. жөө-жалаңдап Кожентке жеткирер элек (Сасыкбаев). Жөө жомок — адамдардын өз ара байланыштарына жана жаратылыш кубулуштарына, айлана-чөйрөсүнө, жаныбарларга, коом адамдарынын түрдүү өкүлдөрүнө карата болгон мамилесин, көз карашын, ой-пикирин баяндаган, көбүнчө кара сөз же жорго сөз менен айтылган жомок.
    Основные характеристики
    Часть речиИмя существительное
    Ед. числожөө
    Множ. числожөөлөр
    Склонение по падежам - "жөө"
    Ед. число
    ПадежиЕд. число
    Именительный Кто?, Что?жөө
    Родительный Чей?жөөнүн
    Дательный Кому?, Чему?, Кому?, Куда?жөөгө
    Винительный Кого?, Что?жөөнү
    Местный Где?, У кого?жөөдө
    Исходный Где?, У кого?жөөдөн
    Множ. число
    ПадежиМнож. число
    Именительный Кто?, Что?жөөлөр
    Родительный Чьи?жөөлөрдүн
    Дательный Кому?, Чему?, Кому?, Куда?жөөлөргө
    Винительный Кого?, Что?жөөлөрдү
    Местный Где?, У кого?жөөлөрдө
    Исходный Откуда?, От кого?жөөлөрдөн

    Также найдены следующие похожие слова на Кыргызском языке
    strtoupper(KG)
    Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук: