|
Адъюнктура
|
|
АДЪЮНКТУРА – куралдуу күчтөрдүн же ИИМ жогорку окуу жайларында, илимий-изилдөө мекемелеринде илим, илимий педагогикалык кадрларды даярдоонун негизги таризинин бири. Жарандык жогорку окуу жайлардын аспирантурасына тете. А. бүткөн жана диссертациясын коргогон адам илимдин кандидаты деген илимий даражага ээ боло алат.
|