Э-создук - мультиязычный онлайн словарь  
+ Добавить слова для перевода
ВходРегистрация
через соц. сети
<->
 
Яндекс переводчик <->
История Ваших переводов:
 
 
История/закладки
Онлайн инфо/переводы
Онлайн переводчик
Найденные
Перевод/результат для - АСА
 

аса

 
аса I
ар.
посох, посох из абелии;
шалдыркандуу аса таяк фольк. посох (дервиша) с погремушками;
доо карыбайт, аса чирибейт погов. иск не стареет (силы своей из-за давности не теряет), посох из абелии не гниёт;
аса-муса абелия (деревянистое растение).
аса II
то же, что аза I;
аса карыбайт, алтын чирибейт погов. сев. соболезнование не стареет, золото не гниёт (соболезнование выражается при первом посещении семьи умершего, даже если со дня смерти пройдёт уже много времени).
аса III
ар. сев. редко
родственник, член семьи.

АСА

 
АСА, аса таяк (арабча аса — таяк; аса-муса) — Муса пайгамбардын таягы. Мусулман мифологиясы боюнча Алла берген таяк менен Муса пайгамбар фараондун көзүнчө ар кандай сыйкыр көрсөткөн. Куранда айтылгандай, Муса таягын тирүү жыланга айланта алган; Фараондун куугунчуларынан качып келатып деңизди чапса деңиз ачылып, тоо болуп калган; чаңкаган элдин суусунун кандыруу үчүн асканы чапса, андан атырылып он эки булак чыккан (Куран, 2-, 20-, 26-сүрөөлөр) сопу дербиштердин, думаналардын, эшендердин «касиеттүү» таягы. А. таяк абели бадалынан жасалып, шалдырак-шулдурактар тагылат. Элдин түшүнүгүндө А. таяк аруу, касиеттүү, аскеттик (такыба) жашоо мүнөзүнүн заттык белгиси, аяны катары элестетилген. Элдик оозеки чыгармачылыкта, анын ичинде «Манаста» А. таяк думана болуп жер кезгендердин ажырагыс буюму катары кызмат кылат. Эпосто мусулман мифологиясынын кеңири белгилүү кейипкери Кызыр дайыма «аса таяк колунда» (Саякбай Каралаев, 1. 222) жүрөт. Элдин азаттык ой чабыты чагылдырылган эпизоддордун биринде сегиз жашар Манастын тентек чыкканы: «Дубана көрсө уруптур, Асасын тартып алыптыр, Азапка бөөдө салыптыр» (Сагымбай Орозбаков, 1. 90),— деп баяндалат.
Т. Чороев

аса

 
аса (таяк)
аса-муса

Аса

 
Аса – боору жик-жик болуп өскөн катуу жыгач жана ошол жыгачтан жасалган катуу таяк (Кыргыз тилинин түшүнд. сөздүгү. 1-том. 92-б.). Аса таякты дубана, бүбү, бакшылар ырым куралы катары пайдаланышат.

аса

 
зат. Боору жик-жик болуп кеткен катуу жыгач жана ошол жыгачтан жасалган таяк. Калпалар келди каркылдап, Дубаналар, сопулар Асалары шаркылдап (Токтогул). Аса-мусак. аса.


Хотите добавить свой перевод для слово: "АСА"? Ввойти


Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук:
Language:
Кыргызские пословицы и поговорки с переводом на русский язык
Онлайн - рег.= = =
Рейтинг@Mail.ru