АБЫКЕ |
Дөбөгө чыгып дардактап, Эми Манас өлдү деп, Эгем бизге берди деп, Барса келбес Бээжинден Манас кайдан келсин деп, Дөбөгө чыгып дардактап, Элди көздөп бакырып, Абыке, Көбөш эки арам Көбөштөп ураан чакырып, Кутуруп булар калыптыр (Саякбай Каралаев, Кол жазмалар фондусу, 540- инв., 1641-б.). А. эч качан Манас баштаган жортуулдарга катышпайт. Тескерисинче, ал Манастын жоктугунан пайдаланып оорукта калган элдин ыркын кетирип, баш-аламандыкты күчөтүүгө аракет жасайт. Анын Көбөш сыяктуу эле өзүмчүл, мансапкорлук мүнөзү бара-бара эпостун «Семетей» бөлүмүндө айрыкча айкын ачылат. Манас өлгөндөн кийин анын аялы менен баласын куугунтуктап, кандыкты, дүйнө-мүлкүн ээлөөгө умтулушунда феодалдык-патриархалдык уруулук түзүлүштүн өзгөчө мүнөзү, талап-түшүнүгү жатат. Уруулук түзүлүштүн салты боюнча Семетейге өтө күйүмдүү жакын агасы катары эсептелген А. Семетей эр жетип Таласка, элине келгенде ак пейил, жарык маанай менен тосуп алып, анын жылкыларын багып жүргөндүгүн айтып, өзүндөгү Манастын курал-жарагын чыр-чатаксыз кайтарып бергендиги Саякбай Каралаевдин варианты , ТМВ, Мамбет Чокморовдун вариантында айтылат. Бирок, А-нин Көбөшкө кошулуп, кайтадан Семетейге жамандык ойлоп уруш баштаганынан анын мүнөзүндөгү ээрчиме жасакердиги, эки жүздүүлүгү, жойпулугу көрүнөт. Саякбай Каралаевдин варианты нда Семетейден өлөт, ал эми Багыш Сазановдун варианты боюнча А. энеси Бакдөөлөт менен бирге Мекеге көчүрүп жиберилет. А. Жайнакова |
Абыке |
|
Хотите добавить свой перевод для слово: "АБЫКЕ"?
Ввойти