Э-создук - мультиязычный онлайн словарь  
+ Добавить слова для перевода
ВходРегистрация
через соц. сети
<->
 
Яндекс переводчик <->
История Ваших переводов:
 
 
История/закладки
Онлайн инфо/переводы
Онлайн переводчик
Найденные
Перевод/результат для - ак-
 

АК-ӨТӨК

 
АК-ӨТӨК — топоним. Алтайдагы арал жана талаа. СОнун вариантында айтылып, бай Жакыптын жайыты катары сүрөттөлөт (Сагымбай Орозбаков, 1. 35, 109).

АК-БАШАТ

 
АК-БАШАТ — элдик уламыш боюнча Манас баатыр Шоорук канды Алай жеринен кууп чыгуу үчүн бара жатканда Манастын аты Аккула суу ичкен жер. А.-Б. Алай районунун Жошолу айыл советинин аймагында. Элде «Аккула таш акырдан жем жеген, Ак-Башаттан суу ичкен» — деген сөз азыркы кезге чейин айтылып келе жатат.

АК-САЙ

 
АК-САЙ — топоним. Ат-Башы менен Какшаал тоолорунун аралыгындагы өрөөн. Эпосто кыргыздар малын баккан кең жайлоо, кыштоо катары эскерилет (Сагымбай Орозбаков, 3. 47, 70). АКСАРГЫЛ — Манас жоого минген аттардын бири. Текестин ордуна кан көтөрүлгөн Тейиштин тоюнда Манас баатыр Сайкалга каршы эр сайышка чыкканда минген аты. А. Манасты көтөрүп жүрө албай чабалдык кылып, Сайкалды жеңип чыгышына жолтоо болот (Сагымбай Орозбаков, 2. 55—56).

АК-БЕШИМ

 
АК-БЕШИМ — топоним. Эпосто Чүй өрөөнүндө жайгашкан шаар катары сүрөттөлөт. Бул маалымат тарыхта белгилүү Ак-Бешим шаарчасы менен байланышып, географиялык реалияда эпикалык топоним тарыхый топоним менен дал келүүдө. Эпосто бу жерди Акунбешим бийлегендиги айтылат. Сагымбай Орозбаковдун вариантында «Манас баатыр Чүйдөгү Акунбешимди жеңгени» деген өзүнчө окуя баяндалат. Бирок, жазма даректерде мындай ысымдагы башкаруучу кезикпейт. Токмок шаарынын түштүк-батыш жагынан орун алган Ак-Бешим шаар чалдыбары 10—12-кылымда «Караханийлердин» резиденциясы болгондугу чындык. Шаардын 7—8-кылымда «Суяб», «Ордукент» аталгандыгы белгилүү. Тынымсыз чабышуулар менен көчмөн турмуштун таасиринен шаар акырындап жоголгон. Элдик уламыштар менен «Манас» эпосунун айрым эпизоддорунда 11 — 13-кылымдагы окуялар чагылдырылып, шаар менен эпикалык каарманга бирдей энчилүү ат берилген. 11-кылымдан кийин шаар тарыхта такыр эле эскерилбейт.

АК-СУУ

 
АК-СУУ — топоним. Өзөн, дарыялардын аталышы катары түрк элдери жашаган жерлерде кеңири учурайт. Эпостогу А.-С. Алтай аймагына туура келет. Андан тышкары түштүк-чыгыш Кыргызстандан куралган А.-С. чыгыш Түркстанда Аксы, Кум-Арык деп айтыла берет (Сагымбай Орозбаков, 2. 161; Саякбай Каралаев, 1. 204).

АК-БУЛУҢ

 
АК-БУЛУҢ — топоним. Бокмурун атасынын кара ашын өткөрүүгө жер тандап отуруп, айтып өткөн жер: «Ак-Жар-Ойду кыдырып Ак-Булуңга кономун» (Радлов жазып алган вариант, 147).

АК-ТАЛАА

 
АК-ТАЛАА — топоним. Алооке кыргыздарды чаап алып, туш-тушка бөлүп айдап жибергенде Каракандын сегиз уулунун кенжеси Жакып баш болгон кырк үйлүү кыргыз Алтай тарапка сүрүлгөндө барып турган жер (Саякбай Каралаев, 1. 85). Ал Иле дарыясынын чыгыш оң жээгин бойлой жайланышкан баркандуу кеңири талаа катары сүрөттөлөт.

АК-БУУРА

 
АК-БУУРА — Манасты колдоочу тотемдик жаныбарлардын бири. Сагымбай Орозбаковдун вариантында төмөнкүдөй учурлар кездешет:
Кара башыл ак буура
Оң капталдан туптуура
Калжаң уруп качырып,
Кабактан чыга калгандай (Сагымбай Орозбаков, 2. 186).

Буура Караханийлердин тотеми болгондуктан ал сулаледегилер «Буура-кан» деген титулду да алып жүрүшкөн. Ошондой эле Манастын ата-бабаларынын биринин ысмы да Бууракан деп аталат. Саякбай Каралаевдин варианты нда «Булут аты Бууракан Мунун атын чакырып, Күндү жайлап турду эле» (Саякбай Каралаев, Кол жазмалар фондусу, 541-инв., 495-б.); «Суу атасы Бууракан Сайың чыгып жол берчи» (Саякбай Каралаев, Кол жазмалар фондусу, 541инв., 150-б.),— деп айтылат. Демек, Буураканды жаан-чачындын, суунун кудайы деп эсептөө керек. Караханийлер ушул кудайга сыйынган деп болжоого болот. Манастын Караханийлер сулалеси менен байланышы бар деп эсептөөгө да мүмкүн.
Э. Абдылдаев

АК-ТАШ

 
АК-ТАШ — топоним. Валиханов жазып алган эпизоддо:
Козу башы, Копого,
Койдун жүнүн аламын.
Үлкөн Ак-Таш барамын
Үй жаптырып аламын (Валиханов жазып алган эпизод «Ала-Тоо», 1979, № 7, 14-б.),

— деп Бокмурун атасы Көкөтөйдүн ашын берерде өзүнө караштуу ногой элин А. Т-ка көчүрүп барарын айтат. Географиялык реалияда Иле же Күңгөй Ала-Тоонун тескейиндеги бир нече. А.-Т-тардын бири.

АК-ДӨБӨ

 
АК-ДӨБӨ — топоним. Көкөтөйдүн кара ашында байгеге чабылган күлүктөр басып өткөн жер. Анда күлүктөр Кош-Аралдын бою, атактуу А.-Д. аркылуу өткөндүгү айтылат (Сагымбай Орозбаков, 3. 64).

АК-ТЕРСКЕН

 
АК-ТЕРСКЕН — топоним, эпосто ашуунун аты. «Ак-Терскен ашамын, Аттын ээрин алдырбай, Ат чалдырып аламын» (Валиханов жазып алган эпизод «Ала-Тоо», 1979, № 7, 74-б.),— деп Көкөтөйдүн ашын бергени бараткан жолдо Бокмурундун көчү А.-Т-ди ашып барып, акырында Жолойго коңшу конору айтылат. Аталаган топоним Чыгыш Казакстандагы Жунгар Ала-Тоо түркүмүндөгү ашуу.

АК-ЖАР

 
АК-ЖАР — топоним, Чыгыш Түркстан жактагы жер. Манастан (Кытайды көздөй) качканда Алооке кан А.-Ж-ды басып өткөн (Саякбай Каралаев, 1. 201). АК-ЖАР-ОЙ — топоним. Көкөтөйдүн уулу Бокмурун атасынын кара ашын өткөрүү үчүн жер тандаган учурда эскерилген жер. «Ак Жар-Ойду кыдырып, Ак-Булуңга кономун» (Радлов жазып алган вариант, 147),— деп айтылат.

АК-ТҮЗ

 
АК-ТҮЗ — топоним. Бала баатыр Манас атасынын жылкысына тиймек болгон калмактарга сокку уруп, аларды «Алты өзөндүн Ак-Түздө» (Алтайда) талкалайт (Сагымбай Орозбаков, 1, 130).

АК-КАЛАА

 
АК-КАЛАА — топоним. Казак Камбар уулу Айдаркан салдырган шаар (Сагымбай Орозбаков, 1. 200).

АК-ЧИЙ

 
АК-ЧИЙ — топоним, Манастан сокку жеген Алооке Бээжинди көздөй качып А.Ч-ге баратып алты боолуу чатырын тиктирип өргүп, эс алган жер. Географиялык реалияда Какшаал дарыясынын боюндагы Ак-Чий, Кара-Чий деген жерге туура келет.

АК-КОРГОН КЕНТ

 
АК-КОРГОН КЕНТ — топоним. Эпосто Көкөтөйдүн кара ашына чакырылган Көкүм сарттын баласы Үрбүнүн калаасы Радлов жазып алган вариант, 156). А.-к. к. аттуу кыштактар Кыргызстанда жана ага коңшулаш өлкөлөрдө кезигет.

АК-ЭРМЕН

 
АК-ЭРМЕН — топоним. Алмамбет Көкчөдөн кетип, капаланып келатып, уясын коргоймун деп кайра-кайра жолун торогон ызгычты атып түшүрүп, ага жалгыздыгы жөнүндө арманын айткандан кийин анын сынган канатын дарылап: «Үйүңдү тап деп жаныбар, уяңда балаң дагы бар» (Сагымбай Орозбаков, 2. 299),— деп учуруп жиберген жер. Чүй өрөөнүндө Ашмарага жанаша жаткан өзөн.

АК-КЫЯ

 
АК-КЫЯ — топоним. Алтай тарапта Нескара менен болгон урушта анын колун туш-туштан курчап, бир жагынан Камбардын уулу Айдаркан, экинчи жагынан Үйшүн баатыр чыкканда Манас Ак-Кыянын белесин ээлеп душмандын жолун тосот (Сагымбай Орозбаков, 1. 201).

АК-ӨЗӨН

 
АК-ӨЗӨН — топоним. Ак-Дарыя, Ак-Суу дарыясынын синоними (дагы бир аталышы). Манас Анжыяндан качкан Алоокени артынан
кууп жетип, колго түшүргөн талаа (Саякбай Каралаев, 1. 210).

ак-

 
I. stream [стриим]

ак-

 
ак-, агат, аккан


Хотите добавить свой перевод для слово: "ак-"? Ввойти


Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук:
Language:
Кыргызские пословицы и поговорки с переводом на русский язык
Онлайн - рег.= = =
Рейтинг@Mail.ru