Чек |
|
чек |
чекке чек ара чектен чыгуу |
чек |
чекке |
чек |
|
Чек |
|
чек |
2. Андан ашып же өтүп кетиши ылайыктуу эмес деп эсептелген шарт, чен, өлчөм, убакыт, белгилүү бир норма. Уйку, тамактануу—баарына чек коюлду (Бейшеналиев). Күн узарып чегине жеткенде өсүмдүктөр урук байлайт (Убукеев). Келе турган күндөрүн, Жыйырма беш күнгө чек кылып («Семетей»). ♦Чек ара — жанаша турган мамлекеттердин же кандайдыр бир ээликтеги жерди территориялык жактан бири-биринен бөлүп туруучу сызык, тилке; эки чектин аралыгы. Чек араны коргогон, Эл тынчтыгын ойлогон, Болсом экен сакчы дейт (Осмонкул). Чек арачы—мамлекеттин чек арасын кайтарып, кызмат кылуучу аскер кызматчысы. ЧЕК II зат. 1. Белгилүү сумманы алуу же башка жакка которуу үчүн банкыга көрсөтүлүүчү (берилүүчү) документ. Чекти жаңы кассирдин наамына жаз (Каимов). 2. Товардын төлөө баасы жазылып, кассага көрсөтүлүүчү квитанция жана магазиндин кассасы сатып алуучудан акча алгандыгын белгилеп берилген кагаз. ЧЕК III этиш. 1. Унааны арабага, чанага ж. б. кошуу. Ар биринде бир кетмен, Кээ бирөө чеккен араба (Осмонов). 2. Кандайдыр бир жумуш иштөөгө кошуу, дайындоо, белгилөө, жиберүү. [Ал ишке] өзүн баштап мугалимдерди чегем (Сыдыкбеков). 3. Тамеки тартуу, чылым тартуу, насыбай атуу. Эч кимиң командасыз мылтык атпа, Чекпесин тамекини эч бириңер (Үмөталиев). Атам укалаган насыбайынан чеге кетти (Жантөшев). 4. Азапка, жапага ж. б. туш келүү, кабылуу, дуушар болуу; сапар, жол ж. б. тартуу, баштан өткөрүү. Ошондо Бүбүя да кунга кетти, Жазыксыз жашын төгүп, азап чекти (Турусбеков). Сайраган булбул элем, жапа чектим (Шимеев). Кандайдыр сапар чегип баратканыңа түшүнүп турам, балам, — деди [кемпир] (Жантөшев). ЧЕК IV этиш. 1. Кандайдыр катуу нерсени ургулап оюу, из түшүрүү, кандайдыр бир жерин кетип оюу. Ташты чегип кынаган, Бир-бирине улаган (Үмөталиев). Тегирменчи бизди эле күтүп тургансып, ташын оодарып, чегип жаткан экен («Жаш ленинчи»). 2. өт. Астыртан сыр билгизбей сурап көрүү, билмексен болуп билип алууга аракет кылуу. Ышкынаалы чегип сураган менен пайда чыкпасын билген соң, өтө аярлап калды (Байтемиров). ЧЕК V сырд. Эчкини кайырганда, айдаганда ж. б. колдонулат. |
Основные характеристики | |
---|---|
Часть речи | Имя существительное |
Ед. число | чек |
Множ. число | чектер |
Склонение по падежам - "чек"
Ед. число
Падежи | Ед. число |
---|---|
Именительный Кто?, Что? | чек |
Родительный Чей? | чектин |
Дательный Кому?, Чему?, Кому?, Куда? | чекке |
Винительный Кого?, Что? | чекти |
Местный Где?, У кого? | чекте |
Исходный Где?, У кого? | чектен |
Множ. число
Падежи | Множ. число |
---|---|
Именительный Кто?, Что? | чектер |
Родительный Чьи? | чектердин |
Дательный Кому?, Чему?, Кому?, Куда? | чектерге |
Винительный Кого?, Что? | чектерди |
Местный Где?, У кого? | чектерде |
Исходный Откуда?, От кого? | чектерден |
Найти все переводы слова "чек" на Кыргызском языке из всех словарей в системе - Эл-Сөздүк
Хотите добавить свой перевод для слово: "чек"?
Ввойти
Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук:
чек