Меню
Эл-Сөздүк

АЛАЧ

АЛАЧ — этноним. Эпос боюнча Алашкандан тараган эл, кыргыз, казактын жалпы аты, ошондуктан эпосто А. балдары, А. эли деп көп жолу кезигет. Тарыхый жазма эстеликтерге таянганда орто кылымдагы казак, кыргыздардын уруу союзунун аталышы. Кыргыз, казак элдеринин курамына кирген бул союздагы уруулар: катаган, каңгы, жалайыр Урус кандын тушунда (14-кылымда) Ак-Ордодо башкы ролду ойношуп, А. деген ат алгач жазма эстеликтерде белгилүү боло баштаган.


Также найдены следующие похожие слова на Кыргызском языке
strtoupper(KG)
Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук: