Меню
Эл-Сөздүк

АЙЧУРЕК

«АЙЧУРЕК» — Волгоград шаарындагы аялдар дүкөнү. Ленин проспектисинде, Волга дарыясынын жээгинде. Дүкөн жеңиштин 40 жылдыгына карата ачылып (1985), «Семетей» эпосунун каарманы Айчүрөктүн ысымын алган. Кыргыз ССРинин көркөм фондусу сатуучулары үчүн улуттук стилдеги костюмдар даярдап берип, дүкөндүн сырткы көрүнүшү улуттук колоритте асемделген. Товарларды Кыргызстандагы «1-Май», «Октябрдын 40 жылдыгы», «ВЛКСМ» жана башкалар фабрикалардан, ошондой эле «Кыял» жана Бишкектеги бут кийим өндүрүштүк бирикмесинен алат.


Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук: