-
суучул
-
1. хорошо плавающий, пловец; водник;
суу алдына түшүүчү суучул водолаз;
2. (о птицах) водоплавающий;
суучул кара или суучул чымчык нырок;
3. проводник, отыскивающий брод;
кароолу дүрбү салбасын, суучулдар кечүү чалбасын фольк. как бы караульные не подсмотрели в подзорную трубу, как бы проводники не разыскали брод;
4. плотовщик (человек, перевозящий пассажиров на плоту);
суучул жалдашып, салга түшүп, Иленин дайрасынан өтүштү наняв плотовщика, они сели на плот и переправились через реку Или;
5. водник (работник водного транспорта);
суучулдар секциясы спорт. водная секция.
-
суучул
-
сын. 1. Сууда жашаган, тиричилиги сууда өткөн. Суучул кара чакылдак Бу да келди шакылдап (Тоголок Молдо). - 2. Сууда сүзүүнү жакшы билген. Эң абал пионерлерди көлгө салып, Суучулдар кулач урду, тынбай сурап (Маликов). Күркүрөп аккан шарыңдан, Суучулдар өтөт сүздүрүп (Барпы).
- 3. сүйл. Моряк, матрос. Сүрдүү флот, эр суучул, Турат сени кайтарып (Үмөталиев). Айгышкан жоосун кыйраткан, Суучулдун турган жери экен (Үсөнбаев).
Негизги мүнөздөмөлөрү | |
---|---|
Сөз түркүмү | Зат атооч |
Жекелик сан | суучул |
Көптүк сан | суучулдар |
Жөндөлүшү - "суучул"
Жекелик сан
Жөндөмөлөр | Жекелик сан |
---|---|
Атооч Ким? Эмне? | суучул |
Илик Кимдин? Эмненин? | суучулдун |
Барыш Кимге? Эмнеге? | суучулга |
Табыш Кимди? Эмнени? | суучулду |
Жатыш Кимде? Эмнеде? | суучулда |
Чыгыш Кимде? Эмнеде? | суучулдан |
Көптүк сан
Жөндөмөлөр | Көптүк сан |
---|---|
Атооч Кимдер? Эмнелер? | суучулдар |
Илик Кимдердин? Эмнелердин? | суучулдардын |
Барыш Кимдерге? Эмнелерге? | суучулдарга |
Табыш Кимдерди? Эмнелерни? | суучулдарды |
Жатыш Кимдерде? Эмнелерде? | суучулдарда |
Чыгыш Кимдерден? Эмнелерден? | суучулдардан |
Мындан бөлөк Кыргызском тилинде табылган окшош сөздөр:
strtoupper(KG)
Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук:
суучул