Меню
Эл-Сөздүк

шал

I зат. 1. Паралич оорусу (бир органдын өз функциясын аткарбай, кыймылдабай же эч нерсени сезбей калган абалы). Ал шал болгон, жардамсыз кишинин кебетесин көрдү (Аалы). Алым деген иниси шал болуп калат (Жантөшев).
2. өт. Күчсүз, алсыз, алы жок, кайраты жок, араң жан. Күйүттөн күчтүү жаш чыкпай көздөн, Шал болуп дене сезимдер өлгөн (Абдыраманов).
ШАЛ II шалы I менен бирдей.
ШАЛ III: шал төгүн — өтө жалган, өтө калп, таптакыр төгүн. Көл-шал тердөө — алка-шалка тер басуу, кара терге түшүү. Оору адамдын көтөрүлгөн температурасына жайдын ысык жели да кошулуп, Шыйкымбай көл-шал болуп тердеп жатат (Токобаев).
Негизги мүнөздөмөлөрү
Сөз түркүмүЗат атооч
Жекелик саншал
Көптүк саншалдар
Жөндөлүшү - "шал"
Жекелик сан
ЖөндөмөлөрЖекелик сан
Атооч Ким? Эмне?шал
Илик Кимдин? Эмненин?шалдын
Барыш Кимге? Эмнеге?шалга
Табыш Кимди? Эмнени?шалды
Жатыш Кимде? Эмнеде?шалда
Чыгыш Кимде? Эмнеде?шалдан
Көптүк сан
ЖөндөмөлөрКөптүк сан
Атооч Кимдер? Эмнелер?шалдар
Илик Кимдердин? Эмнелердин?шалдардын
Барыш Кимдерге? Эмнелерге?шалдарга
Табыш Кимдерди? Эмнелерни?шалдарды
Жатыш Кимдерде? Эмнелерде?шалдарда
Чыгыш Кимдерден? Эмнелерден?шалдардан

Мындан бөлөк Кыргызском тилинде табылган окшош сөздөр:
strtoupper(KG)


Мындан бөлөк тилдерде табылган окшош сөздөр:

RU
Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук: