Меню
Эл-Сөздүк

сура

этиш. 1. Бирөөдөн жооп алыш, бир керсе жөнүндө айттырыш үчүн суроо кылып кайрылуу. Он бешинчи заводдун Устасы экен сурасам (Осмонов). «Атың кимдеп сурадым. Жаңылык сурайлычы.
  1. 2.                  Бир нерсе алуу же кандайдыр бир башка максат, иш боюнча өтүнуп кайрылуу, сурануу. Сурап ичкен тамагың, Суу ичкен менен барабар (Токтогул). Ар кимден жол сурап, кайда барарын, кайсы жолго түшөрүн билбей адашып жүрүштү («Ала-Тоо»). Эл алдына келип кечирим сураса болбойт беле (Байтемиров).
  2. 3.                  Бийлик жүргүзүү, башкаруу. Түбү сурап эл бийлеп, Жеп келгенден болбогун (Барпы). Эл сураган Алтыбай Эң эле адил шер болсо («Эр Табылды»).

Колун суроо — аялдыкка алуу үчүн сунуш кийирүү. Айлана-тегеректен кийинки убактардын ичинде бир далай эле жуучулар келип анын колун сураган болчу (Абдукаримов).

Также найдены следующие похожие слова на Кыргызском языке
strtoupper(KG)


Похожие слова на других языках:

RU
Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук: