Меню
Эл-Сөздүк

сун

этиш. 1. Бир нерсени берүү же алуу, кармоо, коштошуу ж. б. үчүн колду созуу же жалпы башка нерселерди илгери карай багыттап жиберүү, жүткүнтүү. Аттуу киши алик алды да, чөнтөгүнөн чапталуу конверт алып, Алыбекке сунду (Жантөшев). Оң колуңду бери сун, Коштошоюн жан досум («Курманбек»). Аяк сун. Чай сун. Түмөндөгөн жоонун колу кезиксе, Ат коюшуп, Албарс найза суналык (Турусбеков).
2. Сунуш кылуу. Көпчүлүктүн кароосуна суна турган менин оюм ушул («Чалкан»). Айтамын, сөз да табам: ашыкмын дейм, Алгының жүрөгүмдү сага сунам! (Үмөталиев). Бак-таалайлуу балдарына элимдин, Гүл сунамын, ыр сунамын жүрөктөн (Нуркамал).
Бой сунуу — ыктоо, ыгына көнүү. Ой, жеңеке, эркелеймин, бой сунам (Бөкөнбаев). Моюн сунуу к. моюн. Кол сунуу — умтулуу, аракет кылуу. Пайдаланып алтын жаштан Кол сунгула жылдызга (Аалы).

Также найдены следующие похожие слова на Кыргызском языке
strtoupper(KG)


Похожие слова на других языках:

RU
Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук: