зээр I зер I менен бирдей. ЗЭЭР II зат. Арка кыркасы; жылкынын өркөчтөн кийинки бөлүгү, арка омурткаларынын аяккы бөлүгү турган жери. Өркөчү бийик, зээри бас, Өкүм күлүк бир канча («Манас»). Көкбөрүгө чапкыдай, Жоору жок болсун зээри (Токтогул).