-
ала
-
I сын. 1. Ак менен башка түстөрдүн аралаш келген түсү. Менин ала топу, өзбекче чапан кийип отурганым абамдын көзүнө көрүнө калды (Барпы). Жерге ала шалча жая салынган (Абдукаримов). - 2. Ынтымаксыз, өз ара пикир келишпеген. Алтооң ала болсоң — алдыңдагыны алдырасың (макал).
- 3. Текши эмес, бирдей эмес, чала. Акшыңдабай жакшы айдагын, Ала таштап жүрбөгүн (Бөкөнбаев).
- 4. Арамзалык, митаамдык, жаман ой. Адам аласы — ичинде, мал аласы — тышында (макал).
- 5. өт. Бирдей эмес, ар түрдүү. Булут ала, жер чоло (макал).
♦ Ала чокул — текши эмес, ала-була, тегиз эмес, бирдей эмес. Ала-кула кылуу — ыркын кетирүү. Ала-кула көрүү — бирдей көрбөө, бирдей деп эсептебөө. Ала шалбырт — жаз алдында кар эрип, баткак болгон мезгил. Ала кийиз к. кийиз. Ала жипти аттабаган — бирөөнүн бир нерсесин албаган, бирөөгө кара санабаган, жамандык ишке барбаган. Бөксөнүн аласы — бүркүттүн бир түрү. Ала жаздан — эрте жаздан. Ала жайдан — эрте жайдан, жай башталгандан. Кара ала — бүркүттүн баласы. Көк ала кылуу же көк ала койдой союу — этин көгөртө уруу, аябай катуу сабоо, тепкилеп салуу. Кызыл ала кылуу — оозу-мурдун канжалатып уруу, сабоо. Ала дөң — сүйл. суусун катарында жутуп жиберүү үчүн суу кошулган сорпо. Ала күү к. күү I. Ала кол — адилетсиз, бардыгына бирдей, тең карабаган. Ала көөдөн к. көөдөн.
АЛА II: ала салуу — баш ылдый болуп оодарылуу, тоголонуу; оодарылып, аңтарылып түшүү; бууракандоо. Алиги эме.. бирөө түртүп жибергенсип, эки-үч ала салып кетти (Таштемиров). Кээде калың чымдар сазандай ала салат (Сыдыкбеков). Шарпылдап, жарга урунат, ала салат Баатырдын ичиндеги кекти козгоп (Үмөталиев).
Основные характеристики | |
---|---|
Часть речи | Имя существительное |
Ед. число | ала |
Множ. число | алалар |
Склонение по падежам - "ала"
Ед. число
Падежи | Ед. число |
---|---|
Именительный Кто?, Что? | ала |
Родительный Чей? | аланын |
Дательный Кому?, Чему?, Кому?, Куда? | алага |
Винительный Кого?, Что? | аланы |
Местный Где?, У кого? | алада |
Исходный Где?, У кого? | аладан |
Множ. число
Падежи | Множ. число |
---|---|
Именительный Кто?, Что? | алалар |
Родительный Чьи? | алалардын |
Дательный Кому?, Чему?, Кому?, Куда? | алаларга |
Винительный Кого?, Что? | алаларды |
Местный Где?, У кого? | алаларда |
Исходный Откуда?, От кого? | алалардан |
Также найдены следующие похожие слова на Кыргызском языке
strtoupper(KG)
Похожие слова на других языках:
Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук:
ала