Меню
Эл-Сөздүк

айрык

зат. 1. Кийимдин айрылып калган жери. Наташа чапандын айрыгын ыпыйта кармап тиге баштады (Жантөшев).
2. Бир нерсе тийип, теринин тилинип же тытылып кеткен жери. Ал турмак, колунда сынык тагы бар, Башынын айрык тагы бар («Эр Табылды»).
3. Кийимдин, чүпүрөктүн айрылып, бөлүнүп калган бир бөлүгү, айрындысы.
4. Суунун, жолдун, коктунун ж. б. бөлүнүп кеткен жери, бөлүнүп кеткен бир тармагы, салаасы. Ошол үч айрыктан кечип алып, тиги көрүнгөн белди ары эңкейсеңер, Кең-Суудагы элге жетерсиңер (Жантөшев). Орто жерде арылдап агып Нура суусунун бир айрыгы жатат (Жантөшев). [Төр].. улам өйдөлөгөн сайын бир нече айрыктарга бөлүнөт (Сыдыкбеков).
Негизги мүнөздөмөлөрү
Сөз түркүмүЗат атооч
Жекелик санайрык
Көптүк санайрыктар
Синонимдери
кесик
жырык
жыртык
Жөндөлүшү - "айрык"
Жекелик сан
ЖөндөмөлөрЖекелик сан
Атооч Ким? Эмне?айрык
Илик Кимдин? Эмненин?айрыктын
Барыш Кимге? Эмнеге?айрыкка
Табыш Кимди? Эмнени?айрыкты
Жатыш Кимде? Эмнеде?айрыкта
Чыгыш Кимде? Эмнеде?айрыктан
Көптүк сан
ЖөндөмөлөрКөптүк сан
Атооч Кимдер? Эмнелер?айрыктар
Илик Кимдердин? Эмнелердин?айрыктардын
Барыш Кимдерге? Эмнелерге?айрыктарга
Табыш Кимдерди? Эмнелерни?айрыктарды
Жатыш Кимдерде? Эмнелерде?айрыктарда
Чыгыш Кимдерден? Эмнелерден?айрыктардан

Мындан бөлөк Кыргызском тилинде табылган окшош сөздөр:
strtoupper(KG)
Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук: