Меню
Эл-Сөздүк

Миграции

(биол.) миграциялар, көчүүлөр; жетилген айбандардын же алардын балдарынын бир жерде турбай жер кыдырып көчүп жүрүшү. М. активные — аракеттүү миграцияар, жандыктардын өздөрү кыймылдап, көчүп жүрүшү; м. вертикальные — өөдө-төмөн миграциялар, жандыктардын жакадан тоого, тоодон жакага көчүп турушу; м. генеративно-алиментарные — генерациялык-алименттик миграция, төлдөө жана жем табуу үчүн көчүү; м. горизонтальные — горизонталдык миграциялар; бир жерден бир жерге жайылып, жылып, же учуп көчүү; м. кормовые — жем издөө миграциялары, кээ бир жандыктар жем-чөп, аш издеп, бир аймактан башка аймактарга ооп кетиши; м. личиночные — личинкалык миграциялар, кээ бир жандыктардын личинкалары аш издеп кыйла территорияга жол жүрүшү; м. нерестовые — урук чачуу миграциялары; мисалы, деңиз балыктарынын урук чачуу мезгилинде өзөндөргө өрдөп келиши; м. онтогенетические — онтогенездик миграциялар, мизида личинкаларынын кыдырышы; м. пассивные — аракетсиз миграциялар, жандыктардын өздөрү аракет кылып жүрбөй, башка нерселерге жабышып, же желдин, суунун ж.б. нерселердин кыймылынан пайдаланып жол жүрүшү; м. сезонные — мезгнлдик миграциялар, мисалы, келгин куштардын жазында келип, күзүндө учуп кетиши.
Перевести через онлайн Переводчик

Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук: