Меню
Эл-Сөздүк

Животное

(биол.) айбан; жандык. Ж. — айбандар, жандыктар, органикалык дүйнөнүн бир жамаатын түзгөн организмдер: Ж. беспозвоночные — омурткасыз жандыктар, омурткасыз айбандар, көп клеткалуу, денесинде омуртка тутуму жок айбандардын баарысы; ж. вторичноротые — к. Вторичноротые; ж. гомойотермные —• к. Гомойотермные животныеж. двуполые — эки жыныстуу айбандар, бир организмде карама-каршы жыныстык мүчөлөрү бар айбандар; ж. двуслойные — кош катмардуу жаңдыктар, организми көп клеткадан турган айбандардын бир систематикалык тобу; ж. домашние — үй айбандары, бакма айбандар, кишиге үйүр, бакма болгон айбандар, азыктарын киши пайдалануучу айбандарды "мал" деп атайт; ж. ксерофильные — каксоочул айбандарды, каксоо, кургак жерлерде жашоочу айбандар, ж. многоклеточные — көп клеткалуу айбандар, денеси көп клеткадан турган, татаал түзүлүштүү жандыктар; ж. одноклеточные — жалгыз клеткалуу жандыктар, денеси бир гана клеткадан турган жөнөкөй түзүлүштүү жандыктар, ж. первичноротые — к. Первичноротые; ж. позвоночные — омурткалуу айбандар, дене түркүгүндө кемирчектүү же сөөктүү омуртка тутуму бар, татаал түзүлүштүү айбандар; ж. пойкилотермные — пойкилотермдүү жандыктар, дене температурасы бир калыпта эмес, сырткы чөйрөгө жараша өзгөрүп турган айбандар; ж. сельскохозяйственные — мал азыктарын киши пайдапануучу негизги бакма айбандар; ж. суставчатые — к. Животные членистоногие ж. теплокровные — к. Гомойотермные животные; ж. трехслойные — үч катмардуу айбандар, жандыктар; ж. членистоногие — муунакпут жандыктар, айбанаттын кыйла классын ичине камтыган бир тип.
Перевести через онлайн Переводчик

Также найдены следующие похожие слова на Русском языке
strtoupper(RU)
Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук: