Меню
Эл-Сөздүк
Найдены по другим направлениям

Дубана

Дубана – динге үгүттөө максатында диндик ырларды айтып, кайыр сураган адам, диний фанатик тилемчи (Кыргыз тил. түшүнд. сөздүгү. 1-том. 261-б.). Дубана – кыргыздардагы сопулуктун (суфизмдин) бир көрүнүшү. Аны колдогондор ислам дининин кечилдик багытын тутуп, өз алдынча же топ болуп айылдан айылга, элден элге көчүп-конуп жүрүшкөн. Кийиминде кечилдиктин белгиси катары өзгөчө элементтер (терисинин жүндөрү сыртына карата тигилген шоңшогой топу, үстүндө жүндөн жасалган чапан) болгон. Жандарына үн чыгаруучу түрдүү аспаптарды, шалдыркандуу аса таякты алып жүрүшкөн. Өзгөчө кыймыл-аракеттердин натыйжасында кудай менен түздөн-түз байланыш түзүү кудуретине жетүү Д-чылыктын негизги максаты болгон. Ага жетиш үчүн бул агымды колдогон ар бир адам шариатты, тарикатты (чындык жолу), марафатты (зикир аркылуу мааниге сүңгүп таануу) иш жүзүнө толугу менен аткарышы зарыл болгон. Д-лар эмчилдик касиетке ээ адамдар катары оорулуу адамдарга дем салышкан (Кыргыз тарыхы. Энциклопедия. – Б., 2003. 166-б.).
Негизги мүнөздөмөлөрү
Сөз түркүмүЗат атооч
Жекелик сандубана
Көптүк сандубаналар
Жөндөлүшү - "дубана"
Жекелик сан
ЖөндөмөлөрЖекелик сан
Атооч Ким? Эмне?дубана
Илик Кимдин? Эмненин?дубананын
Барыш Кимге? Эмнеге?дубанага
Табыш Кимди? Эмнени?дубананы
Жатыш Кимде? Эмнеде?дубанада
Чыгыш Кимде? Эмнеде?дубанадан
Көптүк сан
ЖөндөмөлөрКөптүк сан
Атооч Кимдер? Эмнелер?дубаналар
Илик Кимдердин? Эмнелердин?дубаналардын
Барыш Кимдерге? Эмнелерге?дубаналарга
Табыш Кимдерди? Эмнелерни?дубаналарды
Жатыш Кимдерде? Эмнелерде?дубаналарда
Чыгыш Кимдерден? Эмнелерден?дубаналардан

Мындан бөлөк Кыргызском тилинде табылган окшош сөздөр:
strtoupper(KG)
Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук: