Меню
Эл-Сөздүк
Найдены по другим направлениям

Аштоо

Аштоо – көз тийип ооруган адамды дарылоо. Аштоо сөзү киренелөө деген сөз менен алмашылып колдонула берет. Бул дарылоону атайын бүбү, көбүнчө аял адам, аткарат. Жети үзүм нанды сук-суктап, көз тийген баланын бардык дене мүчөсүнө тийгизип, андан соң, итке берет. Же болбосо жетиге бөлүнгөн гезиттин ар бир бөлүгүн баланын ар бир мүчөсүнө тийгизип, андан соң эшикке алып чыгып өрттөп, кайра үйгө артын карабай киришет. Аштоо, же киренелөө ырымын аткарган бүбүнүн усулуна карата, бир нече түрлөрү болот.

Также найдены следующие похожие слова на Кыргызском языке
strtoupper(KG)
Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук: