Menü
Эл-Сөздүк

МАЛИКОВ

МАЛИКОВ Кубанычбек Иманалиевич (1911, Үч-Эмчек айылы, азыркы Аламүдүн району — 1978, Фрунзе) — кыргыз совет акыны, Кыргыз ССР эл акыны (1969), Кыргыз ССРинин Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты (1978). Кыргыз ССРинин искусствосуна эмгек сиңирген ишмер (1947).


Ал кыргыз элинин адабий мурастарын изилдеп, пропагандалоого зор салым кошкон. Кыргыздын улуттук туңгуч «Айчүрөк» операсынын либреттосун (Ж. Бөкөнбаев, Ж. Турусбеков менен бирге), «Манас» операсынын либреттосун (А. Токомбаев менен бирге) жазган. Ата Мекендик согуш алдында «Сейтек» операсынын либреттосун жазып бүтүргөн. 1940—45-ж. «Манас» сериясы деген наам менен түрдүү эпизоддор боюнча жарык көргөн китепчелердин катарында М-дун мектеп жашындагы балдарга арналган «Манастагы элестер» (1941) аттуу китеби бар. «Манастын» төрт томдук курама вариантынын 1 — 2-китептерин («Манас» бөлүгүн) басмага даярдаган, ошондой эле «Манаска» байланыштуу жазылган көптөгөн макалалардын автору. М. Ленин ордени, Эмгек Кызыл Туу, үч «Ардак Белгиси» ордендери жана медалдар менен сыйланган.


Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук: