Меню
Эл-Сөздүк
Найдены по другим направлениям

КАПИЯ

КАПИЯ — эпизоддук кейипкер. Каныкейге күйөөлөп барган Манас ордодо үстүнө киши кирбей эки күн ачка калып, каарданып отурганда кырк-элүү аял жанына жолдош кошуп берип, К-ны баатыр күйөөнү көрүп келүүгө жиберишет. Манастын ыраңын көрө сала эси ооп, эшиктин алдына жыгылып калган К-ны жөлөп-таяп Санирабигага алпарышса, эр көрбөгөн экенсиңер деп күлөт (Сагымбай Орозбаков, 2. 405, 407). Кайнына келген күйөөнү көрүү салты ошондон калган экен делет эпосто.


Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук: