Меню
Эл-Сөздүк

КАНКУУ

КАНКУУ — эпизоддук кейипкер. Кашкардын беги, калмак. Мурун Манасты таап келүүгө жиберилген кырк төөдөгү мал-пулу менен ың-жыңсыз жоголгон кишилеринин дайнын иликтөөгө, Манасты издетүүгө тогуз жүз аскер менен Нуукерди жөөнөтүп жатып Эсенкан: «Кашкардын беги Канкууга» да барып сураштыр дейт (Сагымбай Орозбаков, 1. 269). Бул антропонимдин төркүнү моңгол тилинде азыркы мезгилге чейин колдонулуп келген Ганхүү антропоними менен өзөктөш жана ган(г) (болот) жана хүү (бала, уул, уул бала) деген эки сөздүн айкалышынан түзүлгөн.


Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук: