Меню
Эл-Сөздүк

АРСЫ

АРСЫ — эпизоддук кейипкер, калмактын башкаруучусу. Эпос боюнча Орго кандын Кочкорду башкарып турган жаң-жуңу.

АРСЫ

АРСЫ — топоним. Калмак-кытайлар басып алган ата-журтун бошотуп келе жаткан кыргыз колунан Кочкор өрөөнүн бийлеп турган калмак жаң-жуңу (кээде калдай деп да айтылат) Арсынын өлгөн жери. Эпос боюнча бул жер ошонун атынан аталып калган (Сагымбай Орозбаков, Кол жазмалар фондусу, 576-инв., 517-б.). Кочкор өрөөнүндөгү аймак.

АРСЫ

АРСЫ — топоним. Эпос боюнча Көкөтөйдүн мал жайыты (Сагымбай Орозбаков, 3. 70). Географиялык реалияда Казакстандын түштүгүндөгү дарыя, Сыр - Дарыянын оң куймасы жана өрөөн.


Также найдены следующие похожие слова на Кыргызском языке
strtoupper(KG)
Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук: