Menü
Эл-Сөздүк

АЛА-ТОО

АЛА-ТОО — топоним, эпостун көп варианттарында эскерилген жердин аты. Эпосто кыргыздардын Алтайдан А.-Т-го көчүп келиши кеңири баяндалат. Азыркы кыргыз тоолору жалпысынан А.-Т. деп аталган. Кээ бир варианттарда айрым каармандардын образдары А.-Т-го салыштырылып берилет. Манастын образы «Ала-Тоодой эр Манас» (Радлов жазып алган вариант, 95) делип,
Калмактардын кан Жолой
Сөлөкөтү, сөөлөтү
Атка минген келбети,
Ала-Тоодой көрүнүп (Саякбай Каралаев, 2. 21),

— деп сыпатталат.
Айрым учурда: «Атакемдин ашына Ала-Тоодой эт кылам, Ала-Көлдөй чык кылам» (Саякбай Каралаев, 2. 9),— деп көптүктү, молдукту билдирүүчү салыштыруу иретинде да колдонулат.


Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук: