Меню
Эл-Сөздүк

АЙТИЕВ

АЙТИЕВ Гапар (1912, Кара-Суу району, Төлөйкөн айылы — 1984, Фрунзе шаары) — улуттук туңгуч сүрөтчү, кыргыздын профессионалдык сүрөт өнөрүнүн негиздөөчүлөрүнөн, СССР эл сүрөтчүсү (1971), СССР көркөм сүрөт академиясынын корреспондент мүчөсү (1973), Кыргыз ССР Токтогул атындагы Мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты (1967), Соц. Эмг. Баатыры (1980), Кыргыз жергесинин кооз табиятын, кайталангыс көрүнүштөрүн гана мыкты тартпастан, улуттук маданияттын улуу устаттарынын портреттерин да зор чеберчилик менен ачып берүүгө жетишкен. Алардын бири — Саякбай Карала уулунун скульптуралык портрети болуп саналат (1965).


Сүрөтчү бул эмгегинде манасчынын чылк ырдан бүткөн образын, анын инсандык жана чыгармачылык жан дүйнөсүн, көөнөрбөс көркөм талантын чеберчилик менен көрүүчүлөргө жеткире алган. Ушул скульптуралык портретте Саякбай улуу дастанга жан дили менен берилип, андагы окуяларга өзү да аралашып кеткендей таасир калтырат. А. Ленин, Октябрь Революциясы, эки Эмгек Кызыл Туу, «Ардак Белгиси» ордендери жана медалдары менен сыйланган.
Э. Калдаров



Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук: