Меню
Эл-Сөздүк

АЖЫ

АЖЫ (арабча хадж)— ислам дининде Мекеге барып зыярат кылуу жана ошо зыярат кылып келген адамга берилген наам. Сагымбай Орозбаковдун вариантында Манас алтымыш жашка келгенче бала көрбөй арман кылып, Мекеге барууну ойлойт, Каныкей боюнда бар экендигин айтып аны токтотот. Каныкей төрөп, Семетей үч жашка келгенде, Манас ажыга жөнөйт. Аны менен Алмамбет, Сыргак, Токотой кошо барат. Манастын Мекеге кетиши, анын жогунан пайдаланган Коңурбайдан жеңилишине себеп болгон. АЖЫ — эпизоддук кейипкер, ооган Ажыбайдын атасы, Түлкүнүн бир тууганы экендиги гана айтылат (Саякбай Каралаев, «Семетей», 2. 70, 83, 126).

Негизги мүнөздөмөлөрү
Сөз түркүмүЗат атооч
Жекелик санажы
Көптүк санажылар
Байланыштуу сөздөр
ислам
молдо
Жөндөлүшү - "ажы"
Жекелик сан
ЖөндөмөлөрЖекелик сан
Атооч Ким? Эмне?ажы
Илик Кимдин? Эмненин?ажынын
Барыш Кимге? Эмнеге?ажыга
Табыш Кимди? Эмнени?ажыны
Жатыш Кимде? Эмнеде?ажыда
Чыгыш Кимде? Эмнеде?ажыдан
Көптүк сан
ЖөндөмөлөрКөптүк сан
Атооч Кимдер? Эмнелер?ажылар
Илик Кимдердин? Эмнелердин?ажылардын
Барыш Кимдерге? Эмнелерге?ажыларга
Табыш Кимдерди? Эмнелерни?ажыларды
Жатыш Кимдерде? Эмнелерде?ажыларда
Чыгыш Кимдерден? Эмнелерден?ажылардан

Мындан бөлөк Кыргызском тилинде табылган окшош сөздөр:
strtoupper(KG)
Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук: