Меню
Эл-Сөздүк

Слабоумие

КЕМАКЫЛДЫК – акыл-эстин терең кеткен, оңолбой турган кемчилиги; акыл-эстин начардыгынан, мурда алган билимин жоготкондугунан жана/же жаңы билимге ээ болууга жарамсыздыгынан, бүтүндөй писхиканын жардылыгынан көрүнөт. К-тын 3 баскычы ажыратылат: акыл-эстин бузулушунун жеңил баскычы (маныроолук), орто баскычы (макоолук) жана акыл-эс ишмердигинин терең, оор даражадагы жабыркоосу (келесоолук). Ошондой эле К. а-тын тубаса (олигофрения) жана аркыл оорулардан (мээнин кантамырларынын ичкерүүсү, талма ) улам мээнин өзгөрүсүнөн улам пайда болгон (демениция) түрлөрү да айырмаланат. К. а. оордук даражасына жараша аргандай укуктук натыйжаларга алып келет. Акылынан айныгандар кылмыш-жаза-укуктук жактан алганда, толук бойдон акыл-эси жайында эмес, жарандык укук жагынан алганда – аракетке толук жарамсыз.
Перевести через онлайн Переводчик

Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук: