Меню
Эл-Сөздүк

Сговор

КӨМҮСКӨ БҮТҮМ – 1) кылмыш-жаза укугундагы кылмыш жасоого даярдануунун бир таризи; кылмыш жосунун жасоо жөнүндө макулдашуу. Адамдар тобунун алдынала К. б-ү биркатар кылмыш курамынын белгиси болуп саналат; 2) англоамерикалык кылмыш-жаза укугуна мүнөздүү институт; эки же андан көп жактын кылмыш жасоо же кандайдыр бир мыйзамга жат жорук-жосун жасоо макулдашуусу. Англис укук доктринасына ылайык, К. б. үчүн эрди-катын жоопкерчиликке тартылбайт, анткени алар бир гана жак катары саналат. К. б. үчүн анын катышуучуларынын ортосундагы макулдашуунун кандайдыр бир шарттуу нерселерди сактоо менен, белгилүү бир таризди кармануу аркылуу түзүлүүсү талап кылынбайт. Алардын баардык кылмыштуу же мыйзамсыз иш-аракеттерге карата өзара бир пикирге келиши эле жетиштүү болот. К. б. институтун колдонуу баардык топтошкон мыйзамсыз жүрүм-турумдарды (кылмышка жатпаган дагы) же алдынала кылмыштуу иш-аракеттерди ниеттенүү баскычында эле жазалоого мүмкүндүк берет.
Перевести через онлайн Переводчик

Также найдены следующие похожие слова на Русском языке
strtoupper(RU)
Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук: