Меню
Эл-Сөздүк

Некомбатанты

КОМБАТАНТ ЭМЕСТЕР – эларалык укукта куралдуу күчтөрдүн курамына кирген, негизги милдеттери куралдуу күчтөрдү тейлөө жана аскердик ишмердүүлүгүн камсыз кылуу менен гана чектелген жана куралды өзүн өзү коргоо максаттарында гана колдонууга укуктуу болгон кишилер. Согуш курмандыктарын коргоо жөнүндөгү 1949-жылкы Женева конвенцияларына жана 1977-жылкы ал конвенцияларга Кошумча I протоколго ылайык К. э. медициналык, интенданттык кызматкерлер, аскердик юристтер, кабарчылар, репортерлор, дин кызматчылары кирет. К. э. душмандын түздөнтүз куралдуу чабуулунун объектиси болушу мүмкүн эмес.
Перевести через онлайн Переводчик

Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук: